• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ОШТО ТАТТУУ ТОКОЧТОН ОТУЗДАН АШУУН АДАМ УУЛАНДЫ

Автор:ruh_admin

Май 6, 2022

ОШ. Ош жергесинде таттуу токочтон отуздан ашуун адам ууланды. Бул сан мындан дагы өсүшү толук ыктымалдыгын Ош облустук санэпидкөзөмөл борборунун адистери билдиришти.

Уулангандардын он сегизи — чоң кишилер, ал эми калганы — жаш балдар. Булардын үчөө ушул тапта оор акыбалда ооруканада жатат. Окуя 1-майда катталган. Мекеменин адепки маалыматына караганда, жапа чеккендер “Сахобат” деп аталган кондитердик цехте жасалган таттуу токочтон ууланышкан. Адистер аталган ишкананын азыктарын дыкаат текшеришип, андан кийин гана дал ушундай тыянакка токтолушту.

Кара-Суу районунда жайланышкан “Сахобат” кондитердик цехи текшерилип, айып пул салынды жана иши дароо токтотулду. Ал эми ишкананын азыктары бардык дүкөндөрдөн алынып жатат. Кабарчыбыз азырынча “Сахобаттын” жетекчилиги, же адистери менен байланыша албай жатат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы калаада уулануунун бир канча фактысы катталганын эскертип, тез бузула турган азык-түлүктөрдү сатып алууда элди сак болууга чакырып жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс