ОШ. Кара-Суу шаардык Кеңешинин депутаты өз спикеринен токмок жеди. Бул маалыматты Ош облустук милициясынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 15-апрель күнү саат 16.30дар чамасында милицияга 57 жаштагы Х.Р денесинен жаракат алып райондук ооруканага түшкөн. Факты атайын катталып, а түгүл сүрүштүрүү жараяны башталды. Жабырлануучу келген ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлерине аны Н.А. шаардык мэриянын жыйындар залында сабап салгандыгын ырастады. Ошондуктан, жабырлануучу ага карата мыйзам чегинде катаал чара көрүүнү суранды. Мунун артынан соттук-медициналык экспертиза кошо дайындалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда күбөлөр аныкталып, суракка алынды. Тергөө иштери кызуу уланууда.
Соңку сааттарда жабырлануучу депутат Рустам Хатамов, ал эми аны токмоктогон Кара-Суу шаардык Кеңешинин спикер Абдырахман Назаров экендиги жар салынды. Белгилей кетчү жагдай: Абдырахман Назаров ММА мушкери экен. Ал спорттук мелдештерде 84 кило салмакта күч сынашып жүрүүчү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөтү автордуку.