• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОЛ КИРЕНИ КӨТӨРБӨӨ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛДҮ

Автор:ruh_admin

Май 6, 2022

БАТКЕН. Лейлек районунда жол кире акыларын көтөрбөө жаатында түшүндүрүү жараяны күчөтүлдү.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Лейлек РИИБсынын милициянын участкалык уполномоченныйлары менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери биргеликте такси парктарга жана автобекеттерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Айт, арапа жана Жеңиш майрамдарына карата транспорт каттамдар ого бетер жанданып, жеке такси кызматтар күнү-түнү иштеп жүргүнчүлөрдү ташып жаткан маалы. Исфана-Бишкек жеке маршруттук каттамдардын коопсуздугун текшерүү менен биргеликте айдоочулар жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө.

Ошентип, Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында жеке такси кызматтарында жана коомдук транспорттук каттамдарда жол кире баасы азырынча бир нукта туруктуу гана кармалууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс