• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

КАДАМЖАЙЛЫК АПА  АЖЫЛЫККА ЧОГУЛТКАН АКЧАСЫНА КӨПҮРӨ КУРДУРДУ

Автор:ruh_admin

Май 6, 2022

Кадамжай районунун 75 жаштагы Нурхан аттуу тургуну «Ажылык зыяратка барамын» деп өмүр бою топтогон каражатын эки айылды бириктирген Кызыл-Булактагы чоң көпүрөнү курууга тегиз сарптады.

  •  Жолдошум 43 жашында каза тапкан. Ага түбөлүккө сообу тийип  

турсун деп мен жердештериме өз каражатымдан көпүрө куруп берүүнү ниет кылдым эле. Ажыга барсам, мен өзүм үчүн гана барат экенмин. Ошондуктан, мен ары ойлоп, бери ойлоп, акыл калчап олтуруп көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасоону биржаңсыл чечтим, — деди чоң энебиз Нурхан Кочкорова.

Кызыл-Булак айылынын башчысынын айтымында, буга дейре Кызыл-Булак жана Гайрат айылдарынын тургундары айланма жол менен өтүшүп, көпүрөнүн жоктугунан улам абдан эле кыйналып жүрүшчү.

  • Нурхан Кочкорова эки кыздын апасы. Күйөөсү абдан жаш кезинде

каза тапкан. Анан кыздары менен калган жалгыз бой эне тигүү цехинде эмгектенчү. Ал ажылыкка баруу үчүн көптөн бери эле акча чогултуп жүргөн экен. Бирок, ал ажылыкка баруудан караманча баш тартып, акчасын Кызыл-Булак айылы менен Гайрат Айыл Өкмөтүнүн Көтөрмө айылын бириктирип, Ак-Суу дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна жумшоону чечиптир. Буга дейре эки айылдын тургундары айланма жол аркылуу өтүп жүргөндүктөн, абдан жүдөп-кыйналышчу. Эми бизде моминтип узундугу 30 метрлик көпүрөбүз бар. Ошентип, Нурхан апага эки айылдын тургундары тең ушуп тапта абдан ыраазы. Ал көпүрөнү маркум күйөөсүнүн урматына Адам деп атады. Азыр айылыбызда моминтип «Адам Ата» көпүрөлүү болдук! — деп кубанышты элет тургундары. 

Айтмакчы, «Адам Ата»  көпүрөсүнүн курулушуна жалпы жонунан 600 миң сомго жакын каражат жумшалды. Ушул тапта Гайрат айылында 1610, ал эми Кызыл-Булак айылында 1800 адам жашайт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс