• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ КӨК БӨРҮ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ТУРНИР ӨТҮП ЖАТАТ

Автор:ruh_admin

Май 6, 2022

БАТКЕН. Улуу Жеңиш күнүнө арналган жыл сайын болуучу көк бөрү боюнча республикалык турнир быйыл Баткен облусунда өтүп жаткан чагы.

Оюн талаасы Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы ат майданда жайланышкан. Беттештер жогорку жана биринчи лига болуп эки топко бөлүнөт. Финалдык оюндар 9-май күнү жыйынтыкталмакчы.

Баса, Кыргызстанда көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Улуу Жеңиш күнүнө карата жана Сүймөнкул Чокморов, Үсөн Кудайбергенов жана Умсунай Эркинбаеванын жаркын элесине арналып жыл сайын өткөрүлөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс