• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

«БОЕКЧУ БОЕЙТ ДЕСЕ АТАСЫНЫН САКАЛЫН КОШО БОЕЙТ» ЖЕ ЭЛМУРАТ КОЧКОР УУЛУНА ЭЛҮҮ СЫН

Автор:ruh_admin

Май 5, 2022

Биз 15 кылымдан бери калыптанган жана өнүгүп келе жаткан ислам илимдеринин усулун уруп ойнобой, динди өтө катаалдаштыргандарга да, ошол эле учурда өтө жеңилдетип жибергендерге да каршы болуп келгенбиз. Кудай буюрса, ушул позициядан тайбабыз.

Өтө көпчүлүк сыйлаган молдокелерден тартып, эч ким сыйлабаган адамдарга чейин туурасын туура, катасын ката деп, жаңылыштарын далилдер менен көрсөтүп, калыс пикир айтууга аракет кылып келебиз. Ошон үчүн кээ бир учурда көпчүлүк окурмандар колдосо, айрым учурда ур-тепкиге алат. Бул нерсе бизди кылча кызыктырбайт. Диндин негизги принциптерине шек келген учурда шүк отурбай, өз пикирибизди айтпасак, анда динге да, элге да кыянаттык болбойбу. Бу саам Элмурат Кочкор уулуна таандык «Ислам – илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини» аттуу ача пикир жаратып жаткан эмгек боюнча өз сын-пикирибизди айтып коюуну туура көрдүк.

«Платон менин досум, бирок акыйкат андан жогору» демекчи, кандай болгон күндө да акыйкаттан тайбоо шарт деген принцип бар бизде. Аны өз-жат деген критерий менен баалабай, болгонун болгондой айтууну туура көрөбүз. Кочкор уулу таанышым экен, теолог экен же философ экен деп актабай же жектебей, адилет сөз кылуу зарыл. Китеп мол сөз байлык, (ч)ар тараптуу билим жана философиянын таасири менен жазылгандыктан, аны сындоо да жеңил эмес. Парасаттуу кишилер гана эмгектеги «бомбаларды» байкабаса, катардагы окурмандар кайсыл жеринде ката-кемчилик бар экенин байкай бербейт. Биздин максат туура сын аркылуу авторго да, окурмандарга да жардам берүү, жол көрсөтүү болуп саналат. Төмөндө көз жумууга болбой турган ката-кемчиликтер жөнүндө сөз кылабыз.

НЕГИЗГИ ЖАГДАЙЛАР БОЮНЧА;

  1. Аталышы боюнча

«Ислам – илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини» деген аталыш бир укканда уникалдуу угулгансыганы менен тереңдеп карасак куру пафос, ач кыйкырыктуу аталыш экени баамдалат. Ошол эле момент илим-билимден алысыраак карапайым адамдын дини эмеспи деген собол табигый түрдө жаралат. Ырасында ислам бардык катмардагы мусулмандын дини. Ал билими аз, ыкласы мол карапайым адамдардан тарта зор аалым, окумуштуулардын да дини. Жо-ок, дин илимдүүлөрдүн гана дини, илими жоктор исламдан алысыраак ойногула деген идея берилсе адепсиздик болор. Хак дини исламдын негизги булагы болгон Куран жана хадистерде илим-билимге чакырган насааттар өтө көп. Куран-хадисте илимсиздикке, караңгылыкка чакырган эч кандай чакырык жок. Деген менен дин кызматкерлери ар убак Куран жарыгында талаптагыдай иш алып баруудабы, бул башка маселе. Негизи эле илим жана билимди бири-биринен конкреттүү бөлүп, «билим – мындай, илим – тигиндей» деп так аныктама берген эч ким жок. Берсе да кабыл алынып, көпчүлүк колдоп кеткен жери жок. Кээ бирлер «билим дегенди билип аласың, илимди илип аласың», – деп уңгудан маани чыгарганга аракет кылат. Бирок, илим (ъилм) арабча сөз болуп, кыргызчасы «билүү», «билим» деген мааниге келип атпайбы. Ошондо илим жана билим мааниси бирдей синоним сөздөр болуп жатат. Андай болсо китептин аталышы тавтология эмеспи деген ой жаралат. Ушундан көрө «Исламда илим-билим», «Ислам жана ИТР», «Ислам жана доор маселелери» деген сыяктуу аталыш ыйгарылса эп болмок. Китептин мазмунун карасак, дин главасынан сырткары бала тарбиясы, салт-санаа жана турмуш, ал тургай саясат темаларынын да камтылганына күбө болобуз. Эмгектин мазмуну китептин аталышына сыйбай, андан алда канча кең экенин көрүп, башкача аталыш болсо сонун болмок экен деген ойдо калдык.

  1. Илимийлүүлүк

Кочкор уулунун билимдүү инсан экенине шек жок. Колубуздагы китеби да илим-билим менен байланышып турат. Эмгектин негизги мазмуну илим-билимге ушунчалук катуу чакырык таштайт дейсиз, кулак тунат. Бирок, китептин өзүндө илимийлүүлүк барбы деген ыңгайсыз суроо койгум келип турат. Калыстык үчүн айтсак, «Таблиг жамааты, оригиналдуулугу жана кыргыз коому» сыяктуу эки-үч тема кыйла чыйрак иштелген жана булактар көрсөтүлгөн (99-106-беттер). Анализ жасалып, козголгон маселе таамай ачылган жана ал өз мүдөөсүнө жеткен. Калган темалар негизинен блок деңгээлде публицистикалык маанайда гана шапа-шупа жазылгандай. Илимий талапка жооп берилген эмгек болгондо азыркыдан алда канча салмактуу болмокпу дейм. Куранды илим жана логикага ылайык түшүнөлү деген киши илимий калам (жаңы калам илими) жөнүндө бир-эки ооз кылбай койгону капа кылат экен кишини. Кийинки доорлордо жетилип чыккан модернист аалымдар классикалык методду сындоо менен бирге эволюционизм баш болгон динсиздиктин бардык түрүнө каршы чыгат эмеспи. Модернисттердин таасирленген автор классикалык диний дүйнө таанымга каршы чыгат да, негедир азыр баш көтөрүп жаткан атеизм, сатанизм, агностицизм, тенгриянство сыяктуу тайпаларга/теченияларга анча каршы чыккан эмес. Же салттуу классикалык ислам дүйнө таанымына чабуул жасай берип, колу бошобой калды бекен? Азыркы тапта айрым окумуштуулар илимий ачылыштарды 14 кылым илгерки Куран жана хадистен байкап, чоң-чоң эмгектерди жаратууда. Куран жана илимий табылгалар жөнүндө бир-эки тема иштелсе китептин салмагы артмак.

  1. Натуура «диагноз» жана илимий этика

Автордун китебин барактаган маалыматтуу адам ал жерде бир эле Элмурат мырзанын пикири эмес, көптөгөн аалым, ойчул, философ, ал тургай ориенталисттердин да көз карашын таасын көрө алат. Негизинен модернист жана дин философторунун таасири астында калган Кочкор уулу биздин, кыргыз жергесиндеги диний абалга канааттанбайт жана өкүртө сындаганга аракет кылат. Батыштын караңгылык дооруна себеп болгон чиркөөгө (христианчылыкка) каршы чыккан батыштын агартуучу философторунун методу менен салттуу исламга, анын ичиндеги биздин коомдогу ислам дүйнө таанымына каршы чыгат. Албетте, бул натуура аракет деп ойлойм. Себеби, ислам католиктик христианство эмес. Орто кылымдардагы илим-билимди, өнүгүүнү кан буугандай токтоткон чиркөө каякта да, ислам дини каякта? Мындайча айтканда, көзү ооруган адамдын кулагын дарылагандай болуп калган. Дагы да конкреттүү мисал айтсак, Асандын диагнозу менен Айгүлдү дарылап салгандай. Эгерде батыш философторунун пикирин жайылткысы келсе, шилтеме берүү менен айтса куп жарашмак. Ошондо автордун дарегине «дин душманы», «дин бузар» деген сыяктуу жаман кеп-сөздөр жаамак эмес. Экинчи жагынан плагиатчылык сыяктуу абал да жаралбайт эле. Маселен 88-бетте Куранда Ибрагим пайгамбар тууралуу 80 ге чукул, Муса пайгамбар тууралуу 110 го жакын сөз кылынганын, бул эки дөө-шаа пайгамбардын орток өзгөчөлүгү аналитикалык ой жүгүртүү экенин айтат. Эми суроо. Автор чын эле Куранды кайра-кайра окуп, жогорку эки пайгамбар тууралуу баяндалган аяттарды таап, салыштырып, соңунда орток өзгөчөлүктү өз мээнети менен таап чыктыбы же кайсы бир аалымдын эмгегинен шып эте көчүрүп койдубу? Ушуга улай дагы бир суроо. Куранды тебелеген бейбаш кыздын маймылга айланып калганы боюнча фейк маалыматты (20-24-беттер) кантип тактады? Автор фейк маалыматтын сары изине чөп салып, кезерип отуруп аныктап чыктыбы же колдонулган булак жашырылып калдыбы? Эгер өзү таап чыккан болсо баракелде дейбиз жана күмөн кылганыбыз үчүн колду көкүрөккө коюп кечирим сурайбыз. Бирок башка эмгектерден шилтемесиз алынган болсочу? Плагиатчылыкты жактырбаган (24-б.) автор бул боюнча эмне дээр экен. Мындай баалуу маалыматтарды шилтемесиз шилеп ийүү илимий этикага да туура келбей калчу эле…

  1. Мамлекеттик саясатка каяша

Мусулман кыргыз эли ондогон кылымдар бою акыйдада матуридиликти, амалда ханафиликти карманып келе жатат. Канчалык деңгээлде карманганы өзүнчө маселе деңизчи, бирок карманганы факт. Өз алдынча мамлекеттүүлүк түптөлгөнү, мамлекеттин диний саясатында салттуу жол негиз алынды. Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын Концепциялары буга далил. Бирок Кочкор уулунун көз караштары көп учурда салттуу исламдан сая кетет. Алар жөнүндө кийинки подтемаларда кеңири сөз болмокчу. Азыркы тапта мамлекет салттуу исламды жактап, КМДБ менен эриш-аркак иш алып барып келет. Түздөн-түз кийлигишпесе да, КР ДИМКнын ортомчулугу менен салттуу исламдын өнүгүшүнө кызыктар жана кийинки доорлордо козу карындай жайнап кеткен салттуу эмес агым, жамаат, фирка, беймазхаб тайпаларга болгон тынчсыздануусун жүргүзгөн саясатынан байкоого болот. Мамлекетти акыйда кызыктырабы-жокпу билбейм, бирок миңдеген жылдар боюн калыптанган, мусулман кыргыз элинин мүнөзүнө, табиятына, жашоо образына дал келген тарыхый мазхаб-жолубуз кызыктырат болушу керек. Көбүнесе кийинки доорлордогу табыгий фактор эмес, сырткы күчтөрдүн «амири» менен «көз жарган» салттуу эмес фиркалар жана тайпалар динге эле эмес, коомго да коркунуч жаратарын, эл биримдигине, журт бүтүндүгүнө шек келтирерин парасаттуу адамдар сезип турат.

Мындай кезеңде капкайдагы кылтыңдаган ойлорду жыйыштырып, салттуу ханафилик-матуридиликти өнүктүрүүгө салым кошуу керек. Качан гана өлкөбүз өнүгүп, диний билим жана диний маданият көтөрүлгөндө талкуу кылууга боло турган темалар болот. Кочкор уулу сыяктуу шашып кеткендер диний агартууга жана исламий аң-сезимди көтөрүүгө караганда, тескерисинче диний абалды курчутуп, ар кандай бирикме жана уюмдарга курал болуп, жиктешүүнү күчөтүүгө себеп болуп калышы да мүмкүн деген ой жаралат. Ансыз да азыркы түзүлүшкө ичи чыкпаган айрым адамдарга майдай жагып, диний-саясий түскө өтүп, идеологиялык от алып кетпейт деп ким айта алат? Биз тарыхтын таасын сабактарынан жакшы билгендей, дин саясатташкан же саясат диндешкен жерде эч качан жакшы көрүнүш болбойт. Маселен Хизбут-тахрир сыяктуу динди саясатташтырган багыттар асмандан түшкөн жери жок.

  1. Салттуу исламга чабуул

Кочкор уулу мусулманчылыктын Куран принциптеринен алыстап кетип калганын айтат (86-б.). О. э. исламдын беш түркүгү (калима-и шахаадат, намаз, зекет, орозо, ажылык) деп илгертен калыптанган традициалдуу түшүнүккө каршы чыгып, Куранда беш негиздин түркүк экени айтылбаган дейт (87-88-беттер). Бул салттуу исламды жактыра бербейт дегени. Бардык мусулмандар аббасиддер доорунан бери карай Куран принциптеринен алыстап кеткенсиңер (91-б.), таза исламды мен гана түшүнөм деген сыяктуу ойлорго жеңдирсе, анда кеп тамам. Мындай учурда айтар сөз да, коер сын да калбайт. Чын эле ушундай позицияда болсо, анда ашкере модернист же неомуътазилит же нео-салафит же болбосо шизофреник деген мүнөздөмөлөр бериле башташы мүмкүн диний чөйрө тарабынан. Ошондуктан салттуу исламга дүңүнөн каршы чыгып, жаңы ислам түшүнүгүн орнотом дегендей амбициядан баш тартып, салттуу исламдын ичиндеги анча-мынча маселелерди илимий изилдөө менен башынан карап чыгалы деген чакырык менен чыкса, эч ким деле каршы болмок эмес. Тескерисинче колдоолор болмок. Ислам убадалаган эки дүйнө бактылуулугу жок болуп атат, мусулмандар артта калды, буга 15 кылымдык ислам маданияты күнөөлүү десе, анда традициялуу исламдан баш тарткан радикалдык окууларга жана тайпаларга шыкак берип алышы ыктымал. Исламият убакыттын өтүшү менен настан алыстап кетти деген пикир ансыз деле салафиттик симптом эмеспи.

Ислам дүйнөсүнүн артта калышына салттуу исламдан күнөө издеш кызыктай тенденция деп ойлойм. Же эмне, мусулмандар күнү-түнү намаз окуй берип, экономика жана өндүрүш артта калып кеттиби. Эгерде мусулмандар ибадаттарды таштаса, муъжизаны четке какса жана тагдырга ишенбей койсо эле дүркүрөп өнүгүп кетеби? Өнүгүүнүн механизми ушулбу? Кызык…  Мисалы, өлүм жөнүндөгү подтемада «кылымдар бою уланып келе жаткан ислам маданиятынын эркин ой чабыт жаатындагы кризисинин кесепети чоң», – деген сүйлөм (145-б.) автордун салттуу исламга кыйла эле ичи чыкпаганын айгинелейт. Кийинки эле абзацта «бир түшүнүктүн көпчүлүк тарабынан кабылданышы, көп жерде айтылгандыгы, көп китепте орун алгандыгы – анын туура экендигин сөзсүз эле айгинелебейт», – дейт өлүм жөнүндө сөз кылып жатып (дин сыяктуу калыптанган, негизи жок ритуал же норма жөнүндөгү контекст болсо кеп башка эле). Жогорку сүйлөмдү окуган соң, кайсы бир түшүнүктүн өтө азчылык тарабынан кабылданышы, айрым жерлерде гана айтылышы туура экендигин кантип айгинелесин анан дей салгың келет экен. Авторго азыркы динибиз (тагыраагы, биз дин деп карманган баалуулуктар жыйындысы) жакпай атканын дагы бир себеби, батыш маданиятынан артта калганыбыз экен.

Ушул жерден суроо жаралат да. Биздин, мусулмандардын артта калышына салттуу ислам маданияты күнөөлүүбү же өзүбүзбү? Эгер артта калууга ислам маданияты күнөөлүү болсо, анда бизден озуп кеткен Батыштын дини (христианчылык) туура экен да?! Ушундай тыянак чыгып калып атпайбы? Жок, илим-билим, философия өнүкпөй, артта калдык десе кеп башка. Артта калуу жөнүндө сөз болуп жатканда сөзсүз түрдө колонизация жөнүндө кыстара кетиши керек. Асманда Күндүн бар экени кандай анык болсо, кечээги колонизатор-баскынчылардын бүгүн бай жашап жатканы дал ошондой анык. Дагы бир маселе, исламдын негизги максаты адамзатына эки дүйнөнүн бактылуулугун сунуу десек болот. Бирок бул бай жашоо, экономикалык өнүгүү дегенди туюндурбашы мүмкүн. Бардык бай жашагандар бактылуу деп ким айтты? Дин биринчи кезекте руханий мектеп. Адамды тарбиялайт. Дин – түбөлүктүү бактылуулуктун кепилдиги. Ал негизинен жүрөккө – руханиятка байланыштуу институт. Ал эми бардар жашоо боюнча динге караганда экономика тармагы көбүрөөк шугулданат деп ойлойм.

  1. Мүнөз жана кесипкөйлүк

Пенденин табияты мактоого мардайып, үркөрдөй топ «азаматсың» деп колдоп, «духтан берип» койсо эле өзгөрө түшөт эмеспи. Маа демектен Абу Ханифа (р.х.) тирилип келсе да тиртеңдешип көрөм деп, өзүнө болгон ишеними ашып-ташып, тез эле көөп кетет кээ бир майда адамдар. Эч кимди теңсинбей, ким болбосун көтөрүп чаап, көрпөсүн сыйрыйм деп менменсинген мүнөз күтүнүшөт заматта. Аалымдар «текеберлик аалымдын буту тая турган соңку жер» деп бекеринен мүнөздөмө бербесе керек. Илим адамынын текеберлик деген тайгалак тепкичтен буту тайбаса, анда эле өзүнө ыроолонгон жакшылыкты татыктуу көтөрүп кеткени. Бирок улуу-кичүүнү, алыс-жакынды, калдайган элди кагып-силкип чунаңдай берүү бул – оору. Текеберлик ушундай жаман оору дейсиң, аны оорулуу эч качан байкабайт. Анын дарысы жок. Өтө коркунучтуу эсептелген рак деле өлүмгө аз калганда байкалса, бу текеберлик дегениң пенденин ичер суусу түгөнүп, оо дүйнө көздөй кетип атса да билинбейт тура. Ушундай мүнөздөгү адамдар, тилекке каршы, биздин коомдо да бар. Кочкор уулу дал ошондой кишилерди сындап жүргөнү маалым. Ушундан улам авторго насаат айткым келип турат. Жанагы жомокто ажыдаарды өлтүрүп, бирок өзү да ажыдаарга айланып кеткен баатыр болот эмеспи. Ажыдаарга айлануудан этият болуусу керек. «Улук болсоң кичик бол» дейт бабам. Бул жалпы эле илим-билимдин жаш карлыгачтарына тиешелүү насыйкат!

Дебатта болобу же дискусссиябы, айтор адеп жана усулдун негизинде гана талашкан жакшы. Ар бир сөзгө далил көрсөтө билүү – артыкчылык. Кандай гана илим болбосун, анын өз усулу, өз жол-жобосу бар. Дин илимдеринде да ошол. Илим дегениң «менин оюмча» менен башталып, «менин оюмча» менен өнүгүп, «менин оюмча» менен аяктабайт. Эгер буга жол берилсе, анда динге анча тиешеси жок, жөн эле толгонуу болуп, бозоканадагы же банядагы көп сөздөн ары өтпөй калышы мүмкүн. Илим изилдөөнүн машакаты зор. Изилдөөгө алынган теманын актуалдуулугу, изилдөө методу, тарыхы, булактары, ал боюнча айтылган көз караштар, талаш-тартыштар ж.б. бүт каралат. Ар бири анализденип, илимдин (дин илиминин) чыпкасынан өткөрүлүп, салыштырылып, соңунда гана өз жыйынтыгыңды айтасың. Мына ошол илим болот. Жаманбы-жакшыбы, он беш кылым бою калыптанып калган салттуу классикалык методологияны жөн эле аттап өтүп, чектелүү логикага салуу менен субъективдүү пикир айтып, «мына, чыныгы акыйкат ушул», – деген болбойт. Авторду ээрчигендер «аа, демек бардык нерсеге каршы чыксак болот экен да-а», – деп чечим чыгарып алышы мүмкүн. Диний маалыматы чектелүү, позициясы олку-солку адамдарга, «коркпоңуз, динге сынчыл көз караш менен караңыз», – деп шыкак берүү сүзгөндү такыр билбеген адамды деңиздин ортосуна алып барып, кемеден түртүп ийип, «коркпо, сен сүзүштү эптей аласың», – дегенге тете. Бул тенденция бара-бара ислам нормаларын жөн гана артыкбаш ритуал катары көрүп, жыйынтыгында деизм сыяктуу көз карашка айланып кетет. Же болбосо он төрт кылымдык ислам маданиятын жокко чыгарган нео-салафизмдин гүлдөп өнүгүшүнө жол ачат. Бул эки жол тең дайыма мэлүүн боюнча кала берет деп эч ким кепилдик бере албайт. Айрыкча биз сыяктуу диний билим жана диний маданият жеткилең өнүкпөгөн коомдо бардык кубулуштарды күтсө болот.

  1. Түп нуска каралдыбы?

Кайсыл гана илим болбосун, аны окуп-үйрөнүүдө түп нускага караш керек. Түп нусканын канчалык зарылдыгын мындан билиңиз, медиктер качанкы өлүп калган латынчаны үйрөнүп атпайбы. Котормого гана карап иш тутсак, анда мандем жаралып калышы мүмкүн. Автор өзү да түп нускага кайрылууга катуу чакырык таштап өтөт (22-б.). Ырас, бул туура. Бирок өзү түп нусканы карайбы деген суроо бар. Анын үстүнө китебинде бир дагы аят же хадис түп нускада берилген эмес. Окурмандар түшүнбөй калат деген жүйөө келтирилиши мүмкүн (бул туура эле жүйөө болот, себеби арабча билбеген окурмандар китептин ичиндеги арабча жазууларды көргөндө эле «духу түшүп», китепти жаап коймогу бар). Бирок ислам дининин түпкү булагы Куран жана хадистер болуп атпайбы. Эки булактын тең түп нускасы чылк классикалык арабча. А автор маалыматтарды түп нускадан түз алдыбы же котормодонбу? Же салттуу исламга жаназа окугусу келген ашкере модернисттерденби? Же болбосо объективдүү изилдемиш болгон ингилиш тилдүү ориенталисттерденби? Жообу белгилүү. Элмурат Кочкор уулу түп нускадан бир дагы маалымат алган эмес! Буга далил, китептеги «колдонулган адабияттар» бөлүмүн карасак, бир дагы түп нуска адабият (мутуун) кездешпейт. Басымдуу бөлүгү англис тилиндеги эмгектер жана түрк тилиндеги булактар. Анын да дээрлик 80-90 пайызы философияга тиешелүү эмгектер. Кана биринчи даражадагы булактар? Кана классикалык ислам адабияттары? Кана Китабут-Таухид, Насафия, Фикхул-Акбарлар? Кана мутун-и арбаъ (Канз, Мухтар, Викоя, Мажмаъ)? Кана кийинки даражадагы фикх китептери? Ырас, адеп-ахлактуулук же пазилеттүү болуу (инсан-и камил) жөнүндө сөз кылгандан кийин тасаввуфий эмгектерге кайрылуу шарт болчу да. Кана Аварифул-Маъариф? Кана Кашфул-Махжуб? Кана Рисалатул-Кушайриййа? Кана Футухатул-Маккиййа? Кайсыл бир тармак боюнча сөз кылып жатып, болгондо да жаңыча ойлонууга чакырык жасап аткандан кийин ошол тармактын биринчи даражадагы булактарын сөзсүз караш керек да. 90 пайыз болбосо да, эч кур дегенде 51 пайызы ошол тармактын классикалык литературасы кол алынышы керек болчу. Эгер каршы чыкса көзгө сайып көрсөтүп туруп, мына бул классикалык эмгектин мобул бетинде ушундай нерсе бар, тигил китептин бирдеме деген бөлүмүндө тигиндей жаңылыш пикир бар. Жаңылыштык деген себебибиз тиги же бул эрежеге каршы деп далилдеши керек да. Биринчи даражадагы булактарга кайрылбай туруп кантип каршы чыкты?

Автор ислам теологиясынын заңгыраган мунарасын алыстан гана философия терезесинин жылчыгынан шыкаалагандай элес калтырат. Муну менен коомчулуктун ишенимине ээ болуу кыйын. Түп нускадан эле илим-билим, адеп-ахлак боюнча алып жазса мындан да таасирдүү болмок. Анүчүн классикалык арабчаны өтө жетик билүү шарт. Ошондо дин чөйрөсү да кулак түрүп, талкууга чыкмак. («Куран арабча эмес, Рабча» деген сөз бар жана бул негизинен туура. Бирок, Рабча түшүнүү үчүн сөзсүз классикалык арабчаны терең билүү шарт). Анан арабчанын зарылдыгы боюнча сөз болсо эле чекеси тырышып жатып калгандар да жок эмес. Алар өздөрүнүн тил билбестигин моюндаштын ордуна «динди билиш үчүн арабча зарыл эмес» деген сыяктуу ар кайсы даяр шылтоолорду айтышат. Түп нуска тилин жетик билбеген адис эч качан пикке чыга албайт.

  1. Молдого асылуу модабы?

Кочкор уулу дин ишмерлерине, т.а. китебинде айткандай «эскичил диниятчыларга» катуу каршы чыгат. Айрыкча «кудайдын атынан сүйлөөгө» каршы экенин билдирет. Ушул бүдөмүк сөздү негедир түшүнө албадым. Эгер молдо Курандан аят айткан болсо кудайдын атынан сүйлөгөн болот жана мунун эмнеси натуура? Автор өзү деле аяттарга шилтеме берип, кудайдын атынан сүйлөп атпайбы? Кээде «жазвасы» оголе көтөрүлүп кеткендеби же оюн туура эмес жеткирип алабы, айтор өзүнүн төл сөзүн кудайдын атынан айтып жибергенсийт (134-б.). Б. а. орозо жөнүндөгү пикирин кудайдын сөзү сыяктуу чагылдырып салганбы же тырмакчалар туура эмес коюлганбы, анысын биле албадым.

Дегеле кудайдын атынан сүйлөө деген эмне өзү? «Мен сени жараттым», «аны бейишке, муну тозокко түшүрөм», «сага ырыскы бердим», – деп бирөө-жарым айттыбы (Арстан Алайдан башка)? Же «мага кудайдан аян келди», «эртең тигиндей же мындай болот», – дедиби? Жок, кимдир бирөөлөр кудайдын атын пайдаланып, динди манипуляциялап, жеке өзүнүн же жамаатынын кызыкчылыктарын алдыга чыгарды десе, анда туура сын айтылган болот эле. Динди пайдаланган шумпайлар бар чыгар, бирок көпчүлүк андай эмес. «Молдолор кудайдын атынан сүйлөйт» деген сын негизинен теңирчилик ишенимин кармангандар тарабынан айтылчу эле. Автор ошолордун таасиринде калгандай. Молдолор «бул шарият боюнча болот, тиги болбойт», «бул динге каршы, тиги жайыз», – деп баян айтып, суроолорго жооп берип жатышы теңиричилик ишениминдегилерге кызыктай сезилип, кудайдын атынан сүйлөп жаткандай туюлат чыгар. Бирок, Элмурат мырзага эмнеси жакпады экен?!

Кыскасы автор кудайдын атынан сүйлөгөн молдо-кожого ачууланып, сөөмөй кезеп, катуу жемеге алат. Анысы туура, бирок өзү деле байкабай, кээде кудайдын атынан сүйлөп иет. Маселен, ютубдагы каналында «Кудай пендесин ачка койгондон ырахат албайт», – деп тарс айтып таштайт. Бул каяктан билип алды деген собол жоопсуз калары белгилүү деңизчи. Мага кызыгы, ким «кудай ачкалыктан ырахат алат», – деп айтты? Эмнеге ушул сөзгө басым жасады? Кайсы бир молдо балп эттиби? Же муфтият орозону «ачка калуу айы» деп жарыялап ийдиби? «Боёкчу боёйт десе мурутун кошо боёйт» болбой, кадыресе нерсени кадыресе эле айта берсе болбойбу? Эшик турса тешиктен киргендин не кереги бар? Үйдүн ичинде туруп эшикти сыртынан ачса боло береби? Же болбосо артта турган нерсени көрүш үчүн шарт эңкейе калып аладан шыкаалаштын эмне зарылдыгы бар?

Дегеле молдого асылууну мода кылуу болбойт. Беш-алты «жылдыз молдого» асылуу ниети бар чыгар, бирок жалпы 4 миңдей дин кызматкеринин акысына кирүүдөн сактанышы зарыл. Молдолорду чылгый эки жүздүү, демагог, кыянатчыл, бөкөчө көрө берген мизантроптук маанайдын эч кимге кереги жок. Эгер дин тармагындагыларга болгон мизантропия симптому өтүшүп кетсе психологго кайрылуу керек. Текеберленип, манчыркаган беш-алты «звезда молдокелерди» сындоо максат кылынса, анда атайын бөлүп көрсөтүш керек. «Айрым», «кээ бир» деген сөздөрдү колдонуу туура болот мындайда. Ырасында кээ бир молдолор керсейип, өзүн кудайдын жердеги толук ыйгарым укуктуу өкүлү сезип алган учурлар жок эмес. Аларды көптүргөн деле өзүбүз. Жергиликтүү жөнөкөй молдолордон бир ооз сурап койбой тебелеп өтүп, «звезда молдонун» астына казы-карта тартып, чөнтөгүнө жашылбайдан салып, көргөн жерден сельфи кылып, ашыкча сонундап жиберсек, алар да эркелейт да. «Жылдыз молдолор» сукпаттарда окустан калпыс сөз айтып алса дароо оңдоо киргизбей, үнсүздүк режимин тандоону туура көрүшөт. Ызылдаган тарапташтарын тыйып койбойт же. Ошондой молдолорду сындаганы бир жагынан туура эле. Сындаганда да жек көрүп, ызырынып эмес, эмоцияга алдырбай, далил жана адеп менен сындаган жакшы. Ошол эле учурда сынчынын өзү да сын көтөрө билиши пазилеттүүлүк болор. Ушул макалада көрсөтүлгөн сындарды туура кабыл алып, адашкан жерлерин оңдосо эрдик кылган болот. Чычалап же унчукпай койсо, анда өзүң сындаган «звезда молдолордон» айырмаң кайсы деген суроолор коюлуп калышы мүмкүн.

  1. Авам жана хавас боюнча кеп

Дин боюнча адистер хаваска (аалымдарга) тиешелүү маселелерди зарылдык болмоюн элге алып чыкпашы керек. Эгерде кайсы бир молдонун ката пикири дин катары жайылып кетүү коркунучу жаралса же куру доомат менен адам акысына кирсе, анысы публикага чыгып кетсе, анда элге чыгаруудан башка жол калбайт. Мисалы, кайсы бир молдо медиктерди катуу сындап, «бизге медиктердин кереги жок, алар намахрам аялдарды кармалай берет», – деп чыкса, анда үн катыш керек. Болбосо диний маалыматы тайыз жарандар медиктерге чабуулга өтүшү мүмкүн. Анан болор-болбос жекече нерселерди авамга (карапайым элге) алып чыгуу болбос. Ошол эле учурда оор каламий темаларды, философиялык толгонууларды көтөрүп, анын негизинде жамы молдолорду тепкилей берүү туура эмес. Себеби, биринчиден бул нерсе көрүнгөн итибай-чотубайдан бери молдого асылып, аны ашкере сындап, психологиялык басым жасап, кордоп, намазга өткөрбөй, кээ бир «давдырлардын» кол көтөрүшүнө чейин жеткирет. Көрүп атпайбызбы турмуштан. Айрым социалдык тармак колдонуучулары молдого акыл айтып, шылдыңдап, келекелеп, лайк үчүн лакылдап ызырынып отурат. Молдону негиздүү-негизсиз сындоо жолун ачып берүүнүн акыбети ушул да. Себеби, көпчүлүктүн деңгээли белгилүү.

Илгертен бери дин кызматын молдолор аткарып келет. Дагы да аткара берет. Баскынчылар келгенге чейинки тарыхыбызды карасак, акылман кыргыз эли молдону дайыма кадырлап-сыйлап алганы факт. Качан гана колонизаторлор келгенде баары башталды. Акын-жазуучусу болобу, мамлекеттик кызматкери болобу, динге жана молдого асылуу кампаниясы катуу жүрүп, жыйынтыгында эмне тапты? Көпчүлүгү ыйман, адеп-ахлактан куржалак, руху бош муун жетилип чыкты го. Дин таасири азайды, аракечтик, баңгизаттык жана кылмыш көбөйдү (бул боюнча союз маалындагы статистиканы караңыздар). Төрт-беш «жылдыз молдону» сындайм деп, карапайым төрт-беш миң молдону тебелеп кеткен болбос. А молдо кол тийгис, ыйык адамбы? Күнөөдөн аруубу? Албетте, жок. Молдо ыйык эмес, бийик болууга тийиш. Элдин ишенимин кыянаттык менен жеке кызыкчылыкка пайдаланса, акыреттеги абалы оор болору шексиз.

  1. Эң оор сыноо элчилерге, бизге эмес…

Кочкор уулу Ибрахим пайгамбардын (а.с.) өз уулун мууздоо аркылуу сыналганы боюнча айтылган диний маалыматты эч бир эмгекке, эч бир тафсирге таянбай туруп, «кудай пайгамбарга өз уулун мууздатмак беле?», – деп (121-б.) тарс айтып таштайт. Албетте, мындай тыянакты кудайдын чексиз мээримдүүлүгүнө байлоого аракет кылат. Тафсир китептерине эгерим кайрылбайт (тафсирди четке кагуу кээ бир ваххабийлерге тиешелүү өзгөчөлүк болор эле). Илимге негизделбеген, Куранга сугарылбаган курук акыл менен карай берсек, өтө көп нерсени түшүнө албайбыз. Пайгамбарга мындай улуу сыноонун келишин башкача талдап көрсөк болот.

Алла Таала негизи адам баласына көтөрө албай турган жүк жүктөбөйт (Бакара, 286). Демек, ысымы түбөлүктөштүрүлгөн, ар намазда Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) менен бирге салам жана улуулоо айтылган даңазалуу Ибрахим халилулланын (р.а.) жүрөгү, итааты, ихласы, күч-кудирети ошол улуу сыноону, зор жүктү көтөрө турган потенциалда болгон. Бул пайгамбарлардын улууларына (улул-ъазм) берилчү сыноо. Аны кабылдоого, түшүнүүгө биздин ихлас жана итаат деңгээлибиз аябай тайыздык кылып коюушу мүмкүн. Экинчиден, ошол окуяны негиз алып, «балаңарды Алланын ыраазылыгы үчүн мууздагыла» деген эреже же ибадат эч жерде, эч бир булакта жок да. Андай болсо жок нерсени эмнеге көтөрүп чыгышыбыз керек? (эгер биздин доорлордон кийин чыкса, терең адашууга кирген болушат).

Алланын элчилерине гана бериле турган зор сыноолорунун бири – пайгамбарыбызга (с.а.в.) вахийдин убактылуу токтотулушун айтсак болот. Бул бизге жөнөкөй нерсе катары көрүнүшү мүмкүн, бирок мухаммеддик (с.а.в.) жүрөк, чалкыган ыклас, теңдешкис моюн сунуу деңгээли менен карасак, анда ал үчүн өтө оор, жан чыдагыс, көкүрөк көтөрө алгыс сыноо болгону маалым. Ал сыноо «Раббиң сени таштаган жок…» деген кубанычтуу аян менен бүткөн. Муну элмураттык көз караш менен карасак, Улуу Зат расулунун кыйналганынан ырахат алдыбы? Албетте, жок! Ибрахим пайгамбардын (а.с.) баласын муздоого байланыштуу окуяда болгондой эле, вахийдин токтотулушунун да хикматы башка жакта. Анан Алла жөнүндө сөз кылып жатканда этият болуу керек. Пендеге тиешелүү өзгөчөлүктөргө, сезимдерге, эмоцияларга чаташтыруу акыйдалык жактан абсолюттуу түрдө туура эмес! Мисалы, «ырахат алабы-жокпу?» деген сыяктуу орунсуз сөздөн качуу шарт.

  1. Окуябы же икаябы?

Кочкор уулу жогоруда сөз кылынган Ибрахим (р.а.) пайгамбардын Куранда баяндалган окуясын «икая» деп жазып салган. Менин түшүнүгүмдө икая деп реалдуулукка анча коошпогон нерселер да айтылат. Маселен «илгери-илгери» деп башталган жомокторду икая дейбиз. Бирок болуп өткөнү анык, Куранда ачык баяндалган окуяны икая деп белгилөө автордун шашмалыгыбы же шалаакылыгыбы деген соболго жем таштайт экен.

  1. Ала кушту атынан аташ керек

Автор китебинде Куран жана хадисти сөзмө-сөз түшүнүүгө каршы чыгып, анын терең маанисине сүңгүш керек деген пикирди карманат. Бул туура сөз, акыйкат сын. Азыркы тапта аят жана хадисти сөзмө-сөз түшүнгөн таасир күчөп атат. Албетте, алардын артында күчтөр бар. Бул сындын салттуу ислам жолун карманган молдолорго жана аалымдарга тиешеси жок. Диндин негизги булагын үстүрт, формалдуу, сырткы маанисин (заахирий) гана түшүнүп, ошонусун калың элге таңуулаган тайпа бар. Т. а. формалдуулук тенденциясын жүргүзүп аткандар салафиттик багыттагы кишилер. Мен китептин диний бөлүмүн окуп чыгып, бир дагы жолу салафизм жөнүндө кеп козголбогонун байкадым. Бул эмнени туюндурат? Кочкор уулу эмне үчүн салафиттик көз карашты сындаган эмес. Тескерисинче алардын формалдуулукка негизделген көз карашын жалпы кыргыз дин чөйрөсүнүн пикири сыяктуу чагылдырып салган. Мына кызык!

Автор «диний маселелерди акылга салган болбойт» деген түшүнүктү коомай сындап өтөт (63-б.). Ырасында бул түшүнүктүн салттуу ханафилик-матуридиликке тиешеси жок. Ушунда да жанагы эле салафизмдин кулагы көрүнөт. Мавераннахр манхажында накылга да, акылга да маани берилет. Акылды алдыга чыгаргандар муътазилиттер, арткы планга түртүп салгандар салафиттер. Албетте салттуулукта деле акылдын күчү жетпей калган жагдайлар бар дечи. Андай учурлар белгилүү жана чектүү. Эгер Кыргызстанда диний маселелерде акылга дүңүнөн каршы чыгуулар, «таагут» көрүүлөр жана акылга душмандык кете баштаса, анда салафиттик көз караш күчөп жатат деген сөз. Өз манхажыбызды эски деп чанып, көрүнгөн жерде көк талпактай тепкилей бербей, тескерисинче ханафилик-матуридиликти көтөрүү керек болуп жүрбөсүн, ыя Кочкор уулу?

Автор модернисттик салафизмге ооп кеткенби деген суроо туулат кээде. Мындай шек менен кароого толук негиз бар. Китептеги көп пикирлер модернисттик салафизмдин ири өкүлү Мухаммед Абдухтун көз караштарына өтө окшош. Модернисттер салттуу жолду дүңүнөн четке кагышы мүмкүн, бирок салттуу суннийлер аларды дүңүнөн четке какпайт. Анча-мынча пикирлери менен эсептешет. Кабыл алчусун кабыл алат, чектен ашкан жерин кайтарат. Анан эле классикалык жолубузду чанып, модернизмге жаза-буза сыйынып алгандарга эмне дейсиң.

  1. Эр жигиттин канын ичсең да акысын жебе

Кыргыз коомунда динди бурмалагандарга катуу каршы чыгып келе жаткан матуриди-ханафи катмар бар. Алар диндин асыл баалуулуктарын сактап, салттуу эмес багыттарга туруштук берип келишет. Бул тээ Анатолиядан сезилбеши мүмкүн. Б.а. беш миң километр аралыктан караганда Кыргызстандагы диний чөйрө чалчыктай көрүнүшү ыктымал. Бирок ичине кирип көрсөң чоң деңиз. Деңиздин түбүндө берметтүү ажайып кооз жерлер болгондой эле, булганыч жерлер да кездешет. Деңиз түбүндө тынч жерлер болгондой эле,  агымы катуу жерлер болот. Салттуу эмес чоочун агымга туруштук берип турган жергиликтүү молдолор (эски үжүрөчүлөр), теологдор, чет өлкөлөрдөн туура багытта дин илимин алып келген азаматтар бар. Аны аралашып жүргөндөр жакшы билет. Кээ бирлер ойлогондой, диний чөйрө илгерки чиркөөдөгүдөй болуп быкшып жатып калган жери жок. Жаманбы-жакшыбы, динди жамынган тайпалар менен ырааттуу күрөш жүрүп келет. Аларды колдоштун ордуна акысына кирип, кордогон болбойт.

Диний чөйрөдө жалаң эле «негодный» брактар отурган жери жок. Илими абдан терең, адеп-ахлагы өтө бийик, эл-журт, мамлекет жана дин үчүн талыкпай кызмат кылып жүргөн инсандар бар. Чыныгы аалымдарды кимдир бирөө байкабай аткан болсо, бул алардын күнөөсү эмес. Эгер ушу кезге чейин диний стабилдүүлүк сакталып келген болсо, биринчи кезекте кудай таала, кийинки кезекте кудай себепчи кылган тараптардын салымы бар. Диний жаат автор ойлогондой эле коркунучтуу бөкөчө деп ойлобойм. Ошол эле учурда идеалдуу дегенден алысмын. Аткарылышы керек болгон көп иштер бар. Диний чөйрөдө элдин ишеними менен ойноп, динди пайдаланып, кудайга эмес, напсиге кулдук уруп ийгендер жок эмес. Жалганчы, анткор, ичине кара таруу айланбаган ичи тар, көрө албас, агым менен кошо илешип жүрө берген сыйка, кекчил, текебер, эки жүздүүлөр бар кыргыз дин чөйрөсүндө деле. Мындай типтегилер дайыма болгон жана боло бермекчи. Атам замандан бери келаткан көрпенделикти ким токтото алат дейсиз!

  1. Тарыйкатка таш ыргытып…

Исламдын руху эсептелген тасаввуф же сопулук напсини тарбиялаган эң уникалдуу мектеп. Тасаввуфтун булагы Куран жана сүннөт. Суфизм – батыл ишенимдердин исламдагы чагылуусу деген жалаалар айтылса да, анын илимий дагы, тарыхый дагы, акыйкаттык (хакикий) дагы негизи жок. Тасаввуф илиминин калыптанышы жана өнүгүшү үч доордон; зухд, тасаввуф жана тарыйкат доорлорунан турат. Демек, тарыйкат – тасаввуфий институт. Тарыйкаттар акыйкаттыгы жагынан сунний жана бидъий деп экиге бөлүнөт. Биз бидъийге каршы чыгабыз, бирок сунний тарыйкаттарды четке какпайбыз. Тасаввуфту дүңүнөн четке кагуу салафизмдин иши. Жаңычылдар да суфизмге жылуу карай бербейт. Автордун да тасаввуфту жактырбаганын, тарыйкаттарга таш ыргытканын көрүүгө болот (105-б.). Эгер четке какчу болсо конкреттүү себептерди көрсөтүп, далил келтириши керек. Бул илимдин талабы.

Муруттар (муриддер) өз шейхине баш ийип, аны урматтап, илим алып, айткан сөзүн этибарга алышы керек. Бул тасаввуфтук тарбиянын талабы. Бирок муршидди (эшенди) бүт баарын билет жана бүт баарына күчү жетет деп кудайга тиешелүү сыпаттарды ыйгаруусу акыйдага туура келбей калышы мүмкүн. Автор айткандай (116-б.), «шайыктын» же кожонун сөзүн Куран-сүннөттүн элегинен өткөрбөй, тунук акыл (акл-и салим) менен талдабай туруп, ар буйругуна роботтой кынтыксыз баш ие берүү туура болбой калышы мүмкүн кээде. Себеби шейх деле пенделик кылып адашып калышы ыктымал. Кокус фасык же мунафык болуп калсачы? Ошондуктан момун-мусулмандын зирек болгону жакшы. Муршид (эшен, шейх, пир) керемет көрөткүч эмес, аныгында руханий тарбиячы. Ал эми керемет Алла Таала тарабынан сүйүктүү пендесине берилчү огожо. Эшендердин керемет көрсөтүүсүн ашкере акылчылар (рационалисттер), салафиттер жана философтор четке кагып келет. Бирок калам илими четке какпайт. Сөз барктаган адамга ушул жетиштүү болор.

Ушул жерде сөз кылганга болобу-болбойбу билбейм, да бир маселеге токтолгум келип турат. Жеке пикиримде кайсыдыр дүйнөлүк күчтөр ислам тарыйкаттарынын моделинде «искусственный» тарыйкат түзүп, жогорку технологиянын жардамы менен «искуственный» кереметтерди көрсөтүп коюшу да мүмкүн. Жакынкы күндөрү асманда лазердик нур же башка каражаттардын жардамы менен ыйыктыктардын голограммалык сүрөттөлүштөрү чагылдырыла баштаса таң калбайм. Буга акылдуу-парасаттуу мусулман алданбашы керек. Жанагында суу төгүлүп жаткан айнек крантты керемет көрүп таңданып, «Аллалап» таңдайын такылдаткан баёо мекендешке жипкирдим эле. Андайлар эртеңки күнү лазердик «ыйык нерселерди» көрсө эстен танып калбас бекен деп кыжаалатмын.

  1. Усул боюнча сөз

Ар бир илимдин өз усулу болот. Кочкор уулу өз китебинде болобу, социалдык тармактагы баракчаларында болобу, көп учурда усулдан сая кетери байкалат. Ал боюнча эскерткендерге ачууланып, «менин өзүмдүн усулум бар» дегенден кайра тартпайт (58-б.). Бул чын-чынында докторантка жараша турган сөз эмес. Методология бирөө эле болот. «Менин усулум», «сенин усулуң», «аялымдын усулу» же «токолумдун усулу» деген болбойт. Усулсуздук чар жайыттыкка алып келет. Өзөктөн же түп нускадан алыстатат. Усул деген өзү арабчада өзөк дегенди туюндурат. (Усулсуздук гусулсуздуктан да жаман. Гусулсуздук  денени булгаса, усулсуздук динди булгайт). Усулсуз адам менен талашып-тартышууга, дискуссия кылууга мүмкүн эмес. Андай адам кеп жебейт, сөз укпайт. Эгерде x десең y дейт, у десең z дейт. Бир сөз менен айтканда, дарт десең балээ дейт. Бул айдай талаага бокс өткөргөн сыяктуу. Ринги жок талаада боксчу боксчуну жеңе албайт, алсызыраагы «мен жеңилген жокмун», – деп качып жүрө берет. Ошондуктан талашып-тартышуунун да ринги – жол-жобосу, эрежеси, белгилүү кейси болот. Даанышман киши анча-мынча «сеники туура», «муну билбейт экенмин», «ушул темада маалыматым жок экен», «мен адашып калыпмын» ж.б. дей алат. Бирок кандай гана далил, тыянак айтсаң да такмазаланып тескерисин айтып тура берсе, анда дискуссия да, дебат да кор болот.

Усул бул – формула, эреже, жол-жобо. Мисалы, 2*2 = 4 деген жадыбалдык эрежени айталы. «Сен 4 десең эле 4 болуп калбайт, эмнеге 3 же 5 болбошу керек, балким 6 болот», – деген киши менен өзүн сыйлаган адам талашабы? Башка мисал. «Орфография эрежесин уруп ойнобойм, өзүм каалагандай жазам, мага илимпоздордун эрежесин таңуулабагыла, менин өз эрежем бар», – деген «двоечникке» кандай карайбыз? Ушул аракети туурабы? Же бир апенди жол эрежелерине каршы чыгып, «адамдын эркиндигин жол эрежелери менен чектеген болбойт, көпчүлүктүн кызыл жанганда токтошу анын акыйкат экенин туюндурбайт», – десе боло береби?

Дагы башка мисал. «Мыйзамды мага окшогон, сага окшогон тоголок баш адамдар эле жазып салган, мен аны аткарбайм, керек болсо каршы чыгам», – деген караңгы адамдын мыйзамга каршы аракети туурабы? Же кайсы бир кодекстеги өз актуалдуулугун жоготкон же артыкбаш пунктту коомдук талкууга алып чыгып, мыйзам чыгаруу органына жеткирип, соңунда өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө жетишкен активист жарандын мыйзам талаасындагы аракетиби? Дал ошол сыңары, «кайсыдыр шарияттык норманы Абу Ханифа (р. х.) тигиндейче айтып койсо эле чындык болуп калмак беле, мен Куранды мындайча түшүнөм», – деп балп этип коюу менен илим болбойт, агартуу жүрбөйт. Бир пикир айттыңбы, көшөрүп отуруп талда. Колдонулган адабияттарга шилтеме бер. Пикирлерди анализде. Настагы ар бир сөздүн түбүнө түнөп, ошол доордогу өнүккөн араб оозеки маданиятында, өзгөчө бай фольклорунда кандай маанилерде колдонулганын өрнөктөр менен көрсөт. Кыскасы усулга ылайык далилде. Ана сага, «подсказка»! Ошондо сооп да, кадыр да табасың. Эгер ал жаңылыш тыянак болсо дагы. Пайгамбарыбыздын «Бир мужтахид тыянак чыгарууда туура ижтихад кылса эки сооп, жаңылышса бир сооп табат» деген маанидеги хадиси буга далил (Бухари, Иътисам, 21; Муслим, Акдийя, 15). Ушул хадис (накыл жана акылды бирдей колдонуп) далил менен диний чечим чыгаруунун канчалык маанилүү экенин көрсөтөт жана шыктандырат. Болбосо Жамалуддин Афганинин же Решид Рызанын көз караштарына коендой окшош пикир айтып койсо эле илим болуп, классикалык диний методологияга же салттуу исламиятка альтернативалуу механизм болуп жатып калбайт да.

Бардык илимдин өзүнө таандык жол-жобосу, формуласы бар. Илимдердеги ачылыштар методология, эскперимент, практика, далил ж.б. көптөгөн убарагерчилик жана машакат менен болот. Бир окумуштуу теория айтып чыктыбы, илимий чөйрөнү ынандыра ала турган далил сунат. Тилчилер деле кайсы бир эреже сунуштоо үчүн жылдарын коротуп, бышканда алып чыгат. Гуманитардык илимдерде деле ошо. Анан эле шарият жеңил-желпи бирдеме болуп, 15 кылымдык тарыхый традициялуу жолу түккө арзыбай калышы керекпи? Дээрлик бардык аалымдар соңку 13 кылым бою адашып, темселеп жүрдүбү? Суроо көп, жооп жок.

  1. Пайгамбарды сүйүү артыкбаш иш эмес

Автор китебинде аты даңктуу, заты барктуу пайгамбарыбызды «Мукамбет» дейт. Кээде теңтушундай Мухаммед дейт. Кээ-кээде гана эсине түшүп кетеби же пайгамбарыбызга болгон сүйүүсү ойгонуп кетеби, «аз.» дегенди кошот. Негизи пайгамбарыбыздын аты аталганда салам жана салават айта жүрүү өтө жакшы адеп, бийик маданият. Өмүрдө бир жолу салават айтуу фарз, аты аталганда айтуу важиб, кайталанганда айтуу сүннөт дешет аалымдар. Мунун далили Ыйык Куран өзү (Ахзаб, 56). Бирок, жазууда ысымы аталган сайын «саллаллаху алейхи васаллам» деп же анын кыргызча толук маанисин жазуу окууга тоскоолдук жараткандыктан,  «с.а.в.» деп кыскартып жазууга уруксат берилет. Пайгамбарыбыздын аты куттуу, атыр жыттуу ысымынан кийин үч тамга жазып коюш өтө эле оор болбосо керек. Башка пайгамбарларга да салам айтуу маданияты бар, «алейхи салам» деген. Муну да кыскартып, эки тамгага түшүрүп койсо болот «а.с.» деп. Эки дүйнөдө тең урматталган пайгамбарлардан эки тамга аябай эле койсок. Эмнеге муну атайын белгилеп жатам? Себеби, 123-беттеги мал союуга байланыштуу подтемада шыр эле Ысмайыл десе, бу кайсы Ысмайыл болду экен? Ии, жанагы «Бетме-бет» повестиндеги жан коңшусунун жалгыз уюн түн жамынып союп кеткен Ысмайыл турбайбы деп калыпмын. Кийинки беттеги «Ибрагимдерди» көрүп калып, анан барып түшүнбөдүмбү?

 

ПРОФЕССИОНАЛДЫК ЖАГДАЙЛАР БОЮНЧА;

  1. Өтмүштөгү өксүк кимдики?

Кочкор уулунун китебинен болобу (39-б.), жеке баракчаларынан болобу, макалаларынан болобу, өткөн балалык күндөрүндө оюнга тойбой, рамкадан чыга албай калганын, анүчүн ызаланып, күнөөнү кимдир-бирөөгө коюуга далбас урганын байкоого болот. Өтмүшү көп деле суктанарлык эмес окшобойбу. Ошол учурдагы диний деңгээл, ошондогу шарттар автордун балалыгын капаска камап, өмүрүнүн гүлдөгөн доорун бейпайда өткөрүп ийгенине ачынгандай, жеке пикиримде. Негизи диндин ичинде да, сыртында да чектен ашуу – арам. Кимдир бирөөнүн ойдогудай балалык доорун сүрө албай калышына салттуу ислам маданияты күнөөлүү эместир. Анын жообун динди жетик түшүнө албаган чөйрөдөн, сүйүүгө эмес коркууга негизделген тарбиядан издеш керек болуп жүрбөсүн. Жалган дүйнөнүн эң кызык, эң бактылуу, эң керемет доорун талкалоого эч кимдин акысы жок. Чөйрөбү, ата-энеби, бир тууганбы, мугалимби, мечит молдосубу, айыл аксакалыбы, ким болбосун жаш көчөттүн шагын сындырбаганга аракет кылышы керек. Бала сүйүүгө, мээримге тоюп эр жетиши зарыл. Эгер жазалоого туура келип калса, ал да адилеттүү болушу шарт. Болбосо анын кесепети оор болуп калат. Коомго коркунуч жараткан кылмышкерлердин балалык доорун изилдеп көрүшсө, бир кезде мээримге тойбогон, адилеттүү мамиле көрбөгөн жана негизсиз жазаланган балдар болуп чыгып атпайбы көпчүлүгү. Балдарды сүйүү боюнча айта кетсек, пайгамбарыбыз сүйүктүү неберелери Хасан-Хусейинди (Асан-Үсөн) сүйгөндөй сүйүп, Анасты (р.анхум) тарбиялагандай тарбиялаш керек.

  1. Ибадаттар жана мамиле

Ыйык Курандын Зарият сүрөсүндө «адамдын бул дүйнөгө жаратылган» максаты ачыкталып, Аллага кулдук уруу же ибадат кылуу экени ачык-айкын билдирилген. Кочкор уулу негизинен туура пикир айтып, ибадат дегенди кайсы бир диний жөрөлгөлөр менен чектебейли дейт (84-б.). Андан ары коомго пайдалуу болуу жөнүндө кеп кылат. Бирок жекелик маанидеги ибадаттарга (намаз, орозо) салкын карап коет. Ушул себептүү ибадаттар жана мамилелер боюнча өзүнчө сөз кылууну туура таптык. Кимдир бирөөгө пайдасы тийип калар.

Пенде үч ААА менен жакшы мамиле күтө билиши керек. Биринчи А бул – Алла. Адам баласы намаз, орозо сыяктуу Алланын ыраазычылыгына гана багытталган ибадаттарды аткаруу аркылуу чексиз кудиреттүү Затка сыйынат. Өзүнө өмүр, ыйман, ырыскы тартуулаган жаратуучуга ыракмат карызын айткан болот. Бул боюнча Куран жана сүннөттө далилдер кашкайып турат. Кийинки А бул – адамдар. Пенде  адамдар менен, чөйрөсү менен, социалдык коом менен жакшы алака күтүүгө тийиш. Кыйналгандарга көмөк көрсөтүү, муктаждарга жардам берүү, жакшы мамиле жасоо ж.б. аракеттер ушул экинчи А нын ичинде. Элге, Мекенге, мамлекетке кызмат да ушул категорияда. Үчүнчү А бул – аалам. Адам баласы айбанат болобу, өсүмдүктөр дүйнөсү болобу, абай мамиле кылышы керек. Момун жан-жаныбарга залал бербейт, экологияны кыйратпайт. Абаны булгап, таза табиятты талкалап, сууга же жаратылыш койнуна акыр-чикир ыргытпайт.

Ушул үч ААА менен жакшы мамиле күтө билген адам эки дүйнөдө тең уткурбайт. Мунун маңызын түшүнбөгөндөр биринчи А менен экинчи А га болгон мамилени чаташтырып, бири-бирине каршы коюп алышы мүмкүн. Диний китептерде орун алган «Алла – инсан – аалам байланышы» деген маселелер биз айткан үч ААА эмей эмине. Кимдир бирөөнүн кайсы бир багытта толук кандуу билимге ээ болбошу – өзүнүн маселеси. Маселен, Асан химияны анча түшүнбөсө, бул – химия илиминин күнөөсү эмес. Дал ошол сыңары кимдир бирөө Алла буюрган жекелик маанидеги ибадаттарды толук кабылдай албаса жана маани бербесе эле маанисиз болуп калбайт. Ибадаттардын аткарылыш формасын жана маани-маңызын бири-биринен бөлүп кароо – тырмакты эттен бөлүп алганга тете.

Дин илими боюнча адис эч качан ибадаттарды жана адептик эрежелерди шылдыңдабайт. Шарият нормасына ылайык эркек менен аялдын ортосуна дистанция коюлган. Анын максаты ар кандай жагымсыздыктардын жана жаман көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат. Ошол себептүү шарият керек болсо аялзатына кумарлануу менен кароону, тулку боюна (фигурасына) кызыгуу менен тиктөөнү да тыят. Бирок ушул классикалык салттуу норманы шылдыңдагансып, кыздын колу-бутунан, чебер күрөшкөнүнөн кудайдын кеменгерлигин көрүп, Жаратканга таазимди улууласа болот деген ойду айтуу – динге урматсыздык болор. Тасаввуфту дагы, шариятты дагы тебелеп, батыл философиянын баткагына белчеден батуу деп баалайт элем ушундай былжырак ойлорду. Анчалык суктангың келсе, анчалык имерилгиң келсе динди кыпчыбай эле, кыз сулуулугунан «кудайды көрбөй» эле карай бер нары. Кээ бир бузулган бидааттык тарыйкат өкүлдөрү аялдар менен кошулуп, анысына диний-тасаввуфий түс бергиси келгени бар эмеспи тарыхта. Жолдо калгыр ошол жорукка жакындаштын эмне кереги бар? Аял-эркек мамилеси либералисттик деңгээлде кең болбошу шарт. Ошол эле учурда аялды көрсө шайтанды көргөндөй үтүрөйүп жаалданган, эркине койсо дүйнө жүзүндө аял койбой жок кылып ие тургандай агрессивдүү, катаал, радикалдык мамиле да болбойт.

  1. Жыгылганды тепчүбү…

Автор дин маданиятынын өгөйлөнүшүн кайра эле аксак «мусулманчылыгыбызга» жана чала молдолугубузга оодарууга шашат (52-б.). Ырас, элдин диний деңгээли, диний чөйрөнүн чама-чаркы белгилүү, аны моюндаш керек. Бирок диний маданияттын жерилишине молдолор гана күнөөлүүбү? Сырттан «диктовка» кылган, ислам динин каралоого атайын акча бөлгөн, дүйнөнү калчагысы келген күчтөр жана ислам дегенде мурдун чүйрүгөн державалардын эч бир тиешеси жокпу? Убагында диний асыл баалуулуктарды аеосуз талкалаган баскынчы колонизатордунчу? Тарыхтын ар кыл доорунда исламды ичинен ириткиси келип, түрдүү амалдарга кол урган жөөт тектүү кишилердин кылган-эткеничи?

Бир нерсеге баа берип жатканда калыс болуш керек да адам баласы. Кээ бир адамдарга ушуну айтсаң эле «айып мусулманда» деп бир беткей гана зекип тура берет. Туура, мусулмандар айыпсыз деген эч ким жок. Бирок илим жолундагы адам эр жүрөк болот жана «капырдын көңүлүн» карап жалтактабайт. Анда да, мында да күнөө бар деп адилет пикир айтып, тарыхтан аргументтерди көрсөтө алат. Кайра-кайра «мусулмандарды паска ура берүү» көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес.

  1. Улуу ысымдарды орунсуз колдонуу

Диний тайкы түшүнүк жана анын кесепетин өтө сонун түшүндүрүп келе жатып эле чукул бурулуп ийгени кызык болду бу автордун. Негизи эле мындай учурлар көп. Айталы, 53-бетте И. Арабаев, К. Тыныстанов, И. Раззаков сыяктуу залкар инсандардын атын атап, буларды карапайым молдо менен бир тараза коюп таштайт. Болгондо да «бейишке чыгуу» маселесинде салыштырат. Эй, бул залкарлар кайда да, карапайым бечара молдо кайда? Жөн эле коомдук ишмерлер деп койсо болбойт беле? Эмнеге конкреттүү ысымдар аталды? Же кайсы бир молдо, «Раззаковго караганда мен биринчи бейишке кирем», – дедиби? Же улуу ысымдарды манипуляциялоо аракетиби? Кыскасы сыймыктуу инсандардын фамилиясынын ушул жерде  колдонулушу мага өөн учурады.

  1. Хадисти калчоо жакшы иш эмес

Хадисти талдоонун жана жоромолдоонун илими бар (улумул-хадис, усулул-хадис, мусталахул-хадис же коваидул-хадис). Бир хадис бизге кандайча жетип келди, ал өзүнчө изилденет (машхур, азиз, гориб). Кубаттуулук жана алсыздык жагынан өзүнчө каралат (макбул, мардуд). Макбул кабардын классификациясы өзүнчө, мардуд өзүнчө иликтенет (иснадда бирөө-жарым түшүп калганы боюнча, ойдон чыгарылгандар боюнча (мавзуъ). Риваятчыларды 10 себептүү четке кагуу (таън кылуу) өзүнчө каралса, жалган хадистерди изилдөөнүн өзүнчө түйшүгү бар (жалгандыгын аныктоо критерийлери, өкүмү, даражасы, жалган хадис токуу себептери ж.б.).

Бир хадистин рабаятчылары (ровилер) да хадис илиминдеги негизги маселелерден болуп, өтө тыкыр изилденет (жарх ва таъдил). Ошондой эле хадис биринчи кишиден экинчи кишиге кандайча өттү, бул да каралат (самаъ, кыраат, ижааза, мунаавала, китаабат, иълаам, васиййат, вижаада). Кыскасы хадис илиминде хадисти изилдөө, жоромолдоо жана даражасын аныктоо машакаттуу жумуш. Хадистин тексти (матн) да өзүнчө изилденип, андагы сөздөр кандай маалда кандай мааниде кимге эмне себептен айтылды, изилденет. Хадисте колдонулган сөз жана сөз айкаштары пайгамбар доорунда кандай мааниге ээ болгон, андагы хикматтуулук эмине, кандай түшүнүлөт, кантип фикхий өкүм берилет, бул дагы хадис илиминин элегинен тыкыр өткөрүлөт (дирятул-хадис). Классикалык методология хадиске канчалык этият мамиле кылганын көрдүңүздөр. Демек, хадисти түшүнүү үчүн канчалык кылдат мамиле зарыл болсо, Куранды туура түшүнүү үчүн мындан да чоң машакат, зор даярдык жана жеткилең илим талап кылынат (Улумул-Куран).

Автор Куран-хадисти (насты) туура түшүнүүгө кызыктар экени башынан эле белгилүү. Андай болсо эмне үчүн маал-маалы менен балп эте берет? Маселен китептеги төмөнкү сүйлөмдү өзгөртпөй берели: «Мисалы, «бардык кара түстөгү иттерди өлтүргүлө. Анткени алар – шайтандар». Бул накта мавзу – ойдон чыгарылан хадис» (150-б.). Бир хадисти (же хадис делген кабарды) бир сүйлөм менен «былч» эткизе жалганга чыгарганына караганда бу Кочкор уулу супер аалым окшойт. Эгер чын эле ойдон чыгарылган болсо жана аны өзү биринчилерден болуп аныктаган болсо эмне үчүн хадис усулуна ылайык конкреттүү түрдө чечмелеп аныктап берген эмес? Жок, кайсы бир ишенимдүү булактан алган болсо эмнеге сностка берген эмес? Бир хадистин сахихтик даражасын аныктоо канчалык оор болсо, аны жалган экенин аныктоо андан да оор эмеспи? Бу жолу көп учурда хадистин усулун уруп ойнобой, аны кенен чечмелебей, сырткы маанисин гана сөзмө-сөз түшүнгөн жана чечмелеген тайпадан (салафизм тарапкерлеринен) айырмасы кайсы болуп калды? Өмүрүн хадис илимине арнап салган улуу хадисчилердин (мухаддистердин) урматы үчүн деле кененирээк сөз кылса болот эле го! Тескерисинче, классикалык хадис китептеринде деле кемчиликтер ба-аар деп фактысыз сүйлөө хадис илимин тебелегенге тете иш болуп жүрбөсүн.

Тагыраагы хадис рабаятчыларын, кабардын санадын (чынжырын), текстин өзүнчө карап койсо болбойт беле? Хадистеги «кара түс» боюнча VI-VII кылымдардагы араб этномаданиятында кандай каралган, ошого токтолсо болот эле го? Пайгамбарыбыздын ушул сөздү айтканы анык болсо, кандай иттерди назарга туткан, ошону иликтесе болбойт беле? Балким ошол маалда көбөйүп кеткен кутурган иттер жөнүндө сөз кылгандыр, адамга зыян жеткирүүлөрүнүн алдын алуу үчүн. Же болбосо ит дегенден максат биздеги ит-куш дегендей мааниде болуп, жырткычтар жөнүндө сөз кылгандыр. Себеп дегенде Абу Лахабдын уулуна наалат айтып, «Оо Алла, иттериңден бири кол салсын» дегенде каргышталган мушрикти арстан келип чайнап салбады беле. Жапайы жырткычтар максат кылынган болсо тоо-ташты койбой, кууп жүрүп тукум-курут кылгыла деген мааниде буйрук бергенби же жырткычтар адамга зыян бере турган кырдаал жаралып, өмүр коопсуздугу үчүн гана өлтүрүүгө уруксат бергенби? Айтор сөз кылууга арзый турган маалыматтар толуп жатат. Ырас, «кара ит» жөнүндөгү хадисти колго алып, анын тактык даражасын сөз кылган соң ошол хадисти кененирээк изилдеп-жоромолдоо (сортировкалоо) автордун иши  болчу да. Эмнеге анткен эмес? Жалкоолукпу же макоолукпу, буга окурман баасын берсин.

Булакта көрсөтүлгөн Ахмад бин Ханбалбы (р.х.) же жалпы эле Ханбали мазхабыбы? Эгер мазхаб максат кылынган болсо, жалпы мазхаб өкүлдөрү шеринеге топтолуп алып жазган эмгек барбы? Же Ахмад бин Ханбалдын уулубу? Уулу атасынчалык деңгээлге жетпегендиги жана көзү өтүп кеткен соң эмгекти бүтүргөнү маалым. Ошол себептүү шектүү хадистер кирип кеткен дешет мухаддистер. Андай болсо «кара ит» башка хадис булактарында кандай айтылган? Кесипкөй теолог хадисти чү дегенде биринчи даражадагы хадис булагынан – сахихайндан карашы керек эле. Анда жок болсо кийинки муътабар хадистерден карайт. Деген менен «кара ит» жөнүндөгү хадис сахихайнда кашкайып турат го. Болгондо да «сахих» деген даража менен. Эмнеге биринчи даражадагы булакта турса, шымаланган боюнча кийинки даражага өтүп кеткен? Бул канчалык калпыс мамиле экенин жөнөкөй меселдетип түшүндүрүп берели.

Сизге чоң суммадагы акча керек болгондуктан, коңшудан карыз сурамакчы болуп бардыңыз. Карасаңыз эшигинин алдында коңшу өзү да, аялы да, Москвадан иштеп келген зоңкойгон уулу да турат. Берээкте алты жашар баласы кум чачып ойноп жатыптыр. Сиз чоңдорго унчукпай, салам да бербей, түптүз жанагы алты жашар баладан 50 миң сом сурадыңыз. Ушул туурабы? Биринчи даражадагы булакка  кайрылуу канчалык маанилүү экенин көрдүңүзбү? Хадистеги «шайтан» деген сөз иттин кейпине кирген шайтан беле же метафора беле? Бадавий аял итке зыян бергенде пайгамбарыбыз эмне деген эле (мансух кылган эле)? Ханафиликте зыянсыз итти өлтүрүү жайиз эмес дегени эмнени каңкуулайт? Ырас, негизги хадис булактарында «сахих» деп турган хадисти «мавзуъ» деген соң, жогорку нерселерди бүт эске алып, иликтеп-жиликтеп салышы керек эле да.

  1. Калыстык кайда?

Дин жөнүндө сөз кылган адам адилеттүү, калыс болууга тийиш. Калыстык Алланын улуу сыпаты. Улуу Калыстын урматына дин атынан сөз сүйлөгөн киши негизсиз бай-кедейге, билимдүү-билимсизге, улуу-кичүүгө, мансаптуу-мансапсызга, батыш-чыгышка тартпай, эч кимисине жагалданбай туура сүйлөшү керек. Кайсы бир катмарга, кайсыдыр медиа каражатына ылайыктап сүйлөбөйт илимпоз киши. Ай-аалам каршы чыгып турса да чындыкты чыркыратып айтып таштайт. Өзгөчө дин агартуучу калыстыктан тайса дин карартуучу болуп калышы мүмкүн. Бирөөгө өчөшпөй, бирөөгө кычашпай, түз кетет адискөй инсан. Диндар катмарга катуу сүйлөп, бирок динге кара санаган катмарга коомай, сылык-сыпаа мамиле кылуу да калыстыкка жатпай калат. Мисалы, исламга чейинки ишенимди тирилткиси келгендер жөнүндө жазып жатып, «жалгыз Теңирдин өзүнө түздөн-түз сыйыналы» деген пикирин кубаттап өтөт (69-б.) автор. Сөз болуп жаткан течения «түздөн-түз сыйынуу» дегени – «Курансыз, араб пайгамбарысыз Көкө Теңирге түздөн-түз сыйыналы» дегени да. Анын эмнеси туура? Эгерде тигилердин «теңирге түздөн-түз сыйыналы» дегени «туура» болсо, анда эмне, азыркы жамы мусулмандар бут-айкелдерге да сыйынып атабы? Салафиттик көз караштагы кишилер ар жерден ширк издеп, салттуу ислам кармануучуларын дээрлик «мушриктей» эле көрөт эмеспи. Алардын таасири эмеспи? Тигил теченияга «ислам динине жана принциптерине сый көз караш менен карагыла» деп кеңеш айтса куп сонун болмок да ошончо сөз кылгандан кийин. Автор белгилегендей, «динчил-теңирчил» ажырымында провокацияны ким кылып жатканы көргө деле көрүнүп турат го. О. э. дин карманган адам шарттуу түрдө болсо да жалпы диндештерин «динчил» деп жектебейт (67-б.). Антип динге ишенбегендер, исламга кара санагандар айтат. Диндештик тилектештикти көрсөтө билүү да эрдик.

  1. Каяша ажы башчыгабы же пайгамбаргабы?

«Ажылык күнөөдөн тазалагыч эмес!» деп (33-б.) так кесе айтууга кандай адам адам батынат, билбейм. Бирок Элмурат мырза батыныптыр. Ушул сыяктуу башкача ойлору үчүн көпчүлүк окурмандар Кочкор уулун кызылдай каапырга чыгарып, сөгүнүп отурат да. Пайгамбарыбыз «ажылык күнөөдөн тазалайт», – деп атса (Бухари, Хаж, 4), бу киши «тазалабайт» деп атса, анда кандай болуп калат? Улуу жол башчыга каяшабы? Хадисти четке кагуубу? Же пайгамбардан да кыйын болуп кетүүбү? Эмнеге пайгамбар айткан сөздүн 180 градус тескерисин айтты? «Аллага алкыш, мен мусулманмын» деген киши ушинтеби? Ушул жана башка көптөгөн түпсүз жана түптүз суроолор жаралары бышык. Ошондуктан тема же подтема тандап атканда абайлаш керек! Биз пайгамбардын бул хадисин тигиндей эмес, мындай түшүнөлү. Өтө оор күнөө кетирип, бирок ажылыкка барсаң эле таптаза периште болуп кетпейсиң. Алла чексиз Мээримдүүлүгү себептүү Өзүнө таандык намаз, орозо сыяктуу ибадаттардагы кемчиликтерди кечирет. Бирок, адам акысына кирген болсо кечирбейт, себеби Ал адилеттүү Зат деп айтса болот да. Кандай максатта мындай тема койду, бир жаратканга маалым дечи. Эгер ниети калыс болсо, анда кеп башка. Бирок мааниси ачык-айкын мухкам хадиске каршы чыгуу жана четке кагуу адашуудан башка эч нерсеге алып барбашын эскертип койгубуз келет.

  1. Ким идеалдуу?

Ислам тарыхына кылдат анализ жүргүзсөк, эң мыкты доор («аср-и саадат») пайгамбарыбыз жашаган доор эсептелет. Кийинки доордогу аалымдардын кусалыгын, таңдайын такылдата баа бергенин эске албасак деле алтын доор экени факт. Себеп дегенде ислам тартуулаган эки дүйнөлүк бакытты ошол муун жашаган. Дүйнө-мүлкү, оокат-ашы чектелүү болсо да исламдын алгачкы карлыгачтары бактылуу эле. Руханияты бийик, адеп-ахлагы кооз, көңүлү ток, кайгы-капа жок эле. Мунун себеби, пайгамбарыбыздан түздөн-түз тарбия алуулары эле. Рисалаттын нуру табында эле. Пайгамбарыбыз да баштапкы доорду – үч муунду мактап өткөн. Бирок автор ага макул эмес. «Ислам тарыхын ыйыкташтыруу илдети жана кесепеттери» деген темада сахабалардын деле катардагы адамдар болгонун айтып, майда-барат күнөөнүн сыртында күнөөгө дегеле жакындабайт деген түшүнүктү сындап өтөт. Демек, идеал эмес дегиси келет (17-18-беттер). Сахабаларга урмат көрсөтүүнү тарыхты бурмалап, ыйыктоонун туундусу деп гана кабылдоо тарыхты билбеген адам тарабынан айтылышы мүмкүн.

Халифалыктын соңку жылдарында сахабаларды каапырга чыгарган тенденция катуу күчөп, тиги же бул сахабаны өлтүрүүгө жолдор ачылып атканда айтылуу Хасан Басрий (р.х.) өңдүү аалымдар сахабаларды каапырга чыгаруу туура эместигин, алардын акыбети Аллага гана маалым экенин жана («Жамал» конфликти, «Сыффин» келишпестиги, «Кербала» трагедиясы сыяктуу) кейиштүү окуялардын себепчилери Аллага ташталганын, үммөт катары сахабаларды туу тутуу керектигин айтуу менен ахли сүннөттүн пайдубалын түптөгөн эмес беле? Бул өз кезегинде чоң чагым жана согуштун алдын алган жападан-жалгыз жол болгон. Классикалык ислам булактарында сахабага тил тийгизүү туура эмес деген норма ошондон калган. Автор ошондогу окуяларды башкача максатта чукулай берсе, анда нео-харижиттикке жакындай түшкөн болот. Биздин көз карашыбызда сахабалар ислам үммөтүнүн кумири, кадырман жол башчылары. Пайгамбарыбыздан түздөн-түз тарбия алган, Куранда макталган сахабалар идеал болбогондо ким идеалдуу болмок эле? Антикалык философторбу? Же Батыш ренессансынын агартуучуларыбы? Ким?

  1. Муъжиза маселеси

Муъжиза кимдир бирөөлөр ойлогондой акылга эмес, адатка каршы келген кубулуш. Алла Таала чексиз кудирет эгеси болгондуктан физикалык закондорго сыйбаган кубулуштарды көрсөтөт эгерде кааласа. Ал физикалык закондорго каршы келгени үчүн муъжиза болуп атпайбы. Пайгамбарларга берилген адаттан тыш окуялар муъжиза деп аталса, олуяларга керемет берилет. Бул боюнча бир нече аят жана хадистер бар. Ал эми кимдир бирөөлөр бейиштен «ахалай-махалай суф» деп бадам алып келген «фокусник шейхтерге» күбө болуп калып эле исламдын негизги булактарында орун алган муъжизаларды четке какканы күлкүлүү көрүнүш болуп калышы мүмкүн. Албетте, маселе мынчалык жөнөкөй эмес. Ислам философтору муъжизаны пайгамбарлардын каалоосу менен ишке ашкан көрүнүш катары гана баалашат. Б.а. илахий эмес, башарий нерсе дешет. Муътазила тайпасы муъжизаны четке кагат. Бирок классикалык теологияда (а.и. калам илиминде) муъжиза четке кагылбайт. Кочкор уулунун философиялык метод менен теологиялык анализ кылып ийгени ушул муъжиза маселесинде айдан ачык көрүнөт. Балким муъжизаны четке каккан айрым М. Абдух сыяктуу модернисттик салафиттердин пикири авторго жагып, ошол пикирди карманган болушу мүмкүн. Бирок бул субъективдүүлүктөн өйдө көтөрүлө албай калат. Жок, чын эле муъжизаны терең, объективдүү талдайм десе төмөнкүдөй изилдеши керек болчу.

Мисалы, Айдын жарылышы жөнүндө окуяны алып карайлы. Ислам адабияттарында «шаккул-камар» аталышы менен белгилүү болгон бул муъжиза окуясы көпчүлүк ислам аалымдары тарабынан болгон окуя катары кабыл алынган. Себеби Куран аятында өткөн чак менен берилгенине жана кийинки аяттар да пайгамбар доорунда болгонуна ишаара кылат. Бирок, кээ бир аалымдар Камар сүрөсүнүн 1-аятындагы «саат жакындады жана ай жарылды» деген маанидеги аятты кыямат болордогу космостук катастрофанын кабары дешкен. Аяттагы келер чак үчүн өткөн чак этишинин колдонулушу Куран методу экенин жана мындай мисалдар ондоп саналарын далил келтиришет. Табъийндин улуу аалымдары Хасан Басрий жана Атаа бин Абу Рабах жогорку аятты ушундай жоромолдогонуна таянгандар окуяны риваят кылган сахабалардын өтө жаш болгонун, бул кабардын мутаватир даражасына чыкпаганын назарга тутуп, окуянын болуп өткөнүнө жетиштүү далил эмес дешет. Ал эми көпчүлүк аалымдар окуя Куранда баяндалгандыктан мутаватир издөөгө зарылдык жок дешкен. Дагы башкалары «Ай жарылды» дегенден максат метафора болуп, Таухид акыйкатынын ай-аламга маалым болгону айтылган дешкен. Бул жерде ар бир автордун ар бир көз карашына токтолбой эле коелу.

Негизинен «айдын жарылышы» муъжизасы бар. Маселе пайгамбар доорунда болдубу-болбодубу, ошол жаатта талаш-тартыш (ихтилаф) болгон. Автор муъжиза маселесине чын дилден кайрылгысы келсе, ушулардын баарын илимий-аналитикалык жактан талдап бериши керек болчу. Туруп-туруп эле кылымдардан бери ишенилип келе жаткан окуяны азчылыктын айрым далилдерин ала коюп өз далили сыяктуу сунуп, Айдын жарылышы жөнүндөгү муъжизаны таптакыр жокко/жомокко чыгарып салышы илимий академиялык стандартка туура келбейт.

  1. Диндин максаты

Диндин сөздүк жана терминологиялык маанилерине токтолбой эле коелу. Дин кудай таала тарабынан адамзатка берилген хикмат-жакшылык. Адамды адам кылып тарбиялаган институт. Адамды чыныгы бакытка жеткирген көпүрө. Эгерде максат аркы өйүзгө өтүү болсо, анда көпүрө аркылуу өтүлөт.  Аркы өйүзгө өтүү – максат, көпүрө – каражат. Бирок бул көпүрөнүн таптакыр кереги жок дегенди түшүндүрбөйт. Көпүрө болбосо аркы өйүзгө эч качан өтө албайсың. Диндин ибадат деген чоң бутагы бар. Ибадаттардын формасы жана маани-маңызы болот. Бир гана формасы керек, максат-хикматынын кереги жок деген адам адашууга кириптер болот. Ошол эле учурда формасынын (шекил) кереги жок, максат-хикматы гана маанилүү десе, бул дагы адашат. Азыркы тапта «ибадатсыз, шариятсыз деле жакшы адам болсоң болду, ашыкча ритуалдын кереги жок», – дегендер чыгып жатат. Аларга мааниси ачык-айкын, мухкам аят-хадистерди далил көрсөтсөң буйтап, аяттын маанисин ар жакка чойгулай беришет. Бул аракеттери кээде батынийликке окшоп кетет.

Автор ибадаттарга көп деле берилбейт шекилдүү. Мисалы китебинин 40-бетинде «адамдар тайыз диний ырым-жырымдар менен өмүрүн коротуш үчүн жаратылбаганын түшүнөлү», – дейт. Бул кайсы «тайыз» ырым-жырым имиш, ачыктаган эмес. Менин жеке баамымда ибадаттарды айткан болушу мүмкүн. Кыйналып жүргөн кишиге «намаз оку» деп айтуу канчалык туура деп толгонгон жери бар (65-66-беттер.) Ал эми намаз окугандан мурда китеп оку дегени да бүдөмүк сөз (91-б.). Эгерде сөз болуп жаткан китеп Куран болсо, анда кеп башка. Ошондо да Куран менен намазды каршы койгону таң калычтуу болмок. Бирок жөн эле китеп дегени ойду онго, санааны санга бөлүп атпайбы. Ушул эле абзацта, ушул эле сүйлөмдүн уландысында, «туура эмес багыттан канчалык эрте кайтып калсак, ошончолук пайда», – дейт. Бул сөз бузулган, адашкан тайпалар жөнүндө же булагы кубатсыз «диний ырым-жырым» тууралуу айтылса маселе башка эле. Айтор жайгашкан жери өтө одоно. Аны окуган 10 окурмандын 9 у «туура эмес багыт» деп эмнени айткысы келгенин түшүнбөйт. Автордун ниети кандай болду экен?

Негизи дин менен кудайды карама-каршы коюу акылдуу кишинин иши эмес. Айрым учурда автордун классикалык методология боюнча да, салттуу ислам принциптери боюнча да билими жеткилең эмеспи деген суроо туулат. «Адам билбеген нерсесинин душманы» дегендей, каршы чыккан жана сындаган нерсесин жетик таанып, анан каршы чыкса туура болот. Эгер автор модернисттик салафизм же философиянын жетегинде калбай, ошол эле маалда классикалык методду этибарга алуу менен эркин алкакка, илимий бийиктикке чыкса куп жарашар эле. Адискөйлүк-профессионалдык жактан толук кандуу жетилип, ошондон кийин гана негиздүү сын айта алса, балким ошондо кыргыз исламий дүйнө таанымына жаңы чыйыр салган болор беле.

 

ШАРИЯТТЫК ШАЛААКЫЛЫГЫ БОЮНЧА;

Ыйык Куранга ишенбеген атеист бирөөгө барып алып, «йаа аййухан-наасу…» деп аяттардан күпүлдөтө далил айта баштасаң, ага өтпөйт. Себеби, ал Куран Алланын китеби экенине ансыз деле ишенбейт да? Андайлар менен акыл-парасат, илим-билим, философия, логика жана риторика менен талкуу жүргүзүүгө туура келет эмеспи. Бул залкар калам аалымдарынан калган метод. Дал ошол сыңары, шарияттык нормаларды жана ибадаттык формаларды кабыл албаган, залкар мазхаб аалымдарынын китептерин тоотпогон жана аларды мөөнөтү өткөн деп ишенген адам менен «Мухтасар» же «аль-Мабсуттан» далил көтөрүп келип талашуу – далилди кордогонго тете болсо керек. Андай адамдар ансыз деле кабылдабайт эмеспи. Усул боюнча мухкам аят жана сахих хадис менен негизделген катъий далилдерди четке каккан адам өзү четте калган адам болушу деле толук мүмкүн. Эгерде усулсуз, классикалык методсуз курулай гана акылга салып туруп алсак, шарият бузулууга учурайт. Шарияттын бузулганы диндин бузулганы. Айталы, кимдир бирөө «аял-эркек кошулгандан кийин жалпы тулку боюн жууштун кереги жок. Ага убакыт да, суу да коройт, тиешелүү жерлерин (паски махаллясин) жууса жетиштүү», – десе дин бузулат.

  1. Дин-шарият-мазхаб жөнүндө

Автор өз эмгегинде негизинен дин боюнча сөз кылат. Бирок, негедир шарият боюнча сөз кылбайт. Мазхаб боюнча деле чеке жылытарлык маалымат жок. Мунун өзү эле күмөндөнүүгө арзыйт. Балким шарият эрежелерине маани бербейт чыгар. Аныгын билиш кыйын.

Негизи эле шарият деген эмне? Шарият – дин, Алланын буйругу, илахий буйрук жана тыюулары дегенди туюнтат. Шарият нормалары кантип калыптанды да, мазхабдар кантип түзүлдү? Абу Ханифа, Абу Юсуф жана Имам Мухаммад (р. алайхим) өңдүү доору да, турган шаары да, Куранды туура түшүнүү мүмкүнчүлүгү да, устаздык силсиласы да пайгамбарга өтө жакын болгон улук аалымдар Кураний чыйырды – мазхаб жолун кантип түптөдү? Жалпы эле сунний мазхаб аалымдары кымыз ичип отурган жеринен, «бекер отурбай мазхаб түзүп таштайлы», – деп жаңы нерсе чыгара салдыбы. Кээ бир салттуу эмес фиркалар ойлогондой, Куран турса мазхабдын не кереги бар эле? Кураний шарият эрежелерин төкпөй-чачпай, бизге сак-саламат жеткирген сунний мазхабдардын  артыкчылыгы кайсы да, айыбы эмине болуучу?

Ахли сүннөттүн эки акыйдалык, төрт амалдык мазхабынын ар биринин тарыхына токтолбой, учкай гана мүнөздөп өтөлү. Ислам территориясы кеңейип, мусулмандар ар кандай диндер жана ишенимдер менен бетме-бет келип, түрдүү көйгөйлөр баш көтөргөн доордо Куранды сүннөткө ылайык туура чечмелеп берген жана батыл дин/ишенимдер менен күрөшкөн аалымдар чыккан. Аларды ээрчигендер системаланган Кураний жолго – мазхабга түшкөн. Ошентип исламды эмне деген эмгек, канча деген мээнет кылып жеткирген аалымдардын ысымы шарттуу түрдө ыйгарылып калган. Ахли сүннөт мазхабдарынын тарыхы ушундай. Алардын өзүнчө жол ачайын деген максаты болгон да эмес. Азыркы күнгө дейре Курандын нукура баалуулуктарын жана принциптерин бизге ийгиликтүү жеткирген инструмент бул ханафиййа баштаган сунний мазхабдары болуп саналат. Биз сунний мазхабдарга көп нерсе карыздарбыз. Алардын ушул күнгө жетип келиши оңой-олтоң болгон жок. Тагдырдын тайгалак ашууларында, доорлордун кооптуу кечүүлөрүндө дин атын жамынган түрдүү-түрдүү фиркалар менен, бузулган бидааттык тайпалар менен күрөшүп жүрүп бизге жеткени жалганбы?

Анан эле өткөн 15 кылымдык ислам илим жана маданият жолун 15 секунддук көз караш менен тебелеп-тепсеп, жокко чыгарып салуу илимди сыйлаган кишинин ишиби? 15 кылым бою жашап өткөн миңдеген, балким он миңдеген салттуу ислам дүйнө тааным аалымдары билбей, байкабай адашып, мусулман жамиясынын Курандан «кыйла алыстап» кеткенин кайсы бир жаш пилосоп «эврика-а!» деп таап алат имиш?! Ким ишенет ага? Ишендириш үчүн далил керек да. Бир эмес, көптөгөн далил керек. Эгерде качандыр бир саясий кызыкчылык үчүн чыгарылган чечимдер болсо аны да далилдеш керек. Мынчанчы кылымда палан мамлекеттин палан падышасы (халифасы) саясий максатта динге шайкеш келбеген тигиндей чечим кабыл алып, калпыс саясат жүргүзгөнү боюнча түкүнчө аталыштагы тарыхый булакта же китепте берилет деп «доказать» этиш керек. Дегеле кайсы бир төбөлдөрдүн саясий чечими бүтүндөй ислам дүйнө таанымын өзгөрүүгө учуратып, Куран чыйырынан чыгарып ийиши мүмкүнбү? Эгер мүмкүн болсо тарыхый фактылар менен көзгө сайып далилдеп бериши керек. Мурунку президент айткандай, «фактысы болсо алып өтүшү» керек да. Жетиштүү далили жок балп этип коюу менен иш илгерилебейт. Мазхабды Куранга, шариятты динге каршы коюп, бири-бирине чаташтырып, ишпалдасын чыгарууну теологиялык көз карашы калыптанбаган кишилер гана кылса керек деп ойлойм. Мындай бүтүм чыгарууга төмөнкү жагдайлар ансайын түрткү берүүдө.

  1. «Намаз – диндин тиреги»

«Намаздын» (тагыраагы, الصلاة) сөздүк маанисинде «дуба кылуу», «жалбаруу» сыяктуу маанилер да бар. Демек, жөн эле зикир чалып коюу намазды аткарууга тете деп адашкандарды көрүп жатабыз. Албетте, бул туура эмес. Куранды түшүнүүнүн зор рычагы болгон бүткүл сахих хадистерди топтоп, анализ кылсак, эң кубаттуу (эң мутаватир), эң сахих, эң таамай көрсөтүлүп-үйрөтүлүп кеткен ибадат бул кадимки намаз экенине күбө болобуз. Демек, намаздын формасына тийиштик кылган болбойт. Кылган оңбойт. Куран жана хадистен (нас) качып, башкача бирдеме ойлоп табуу өзүн-өзү алдоо гана болсо керек. Намаз ибадаты баш болгон фарз ибадаттарына маани бербей, «негизи пазилеттүү адам болгон жетиштүү» деп коюу жетишпейт жана бул муржия методу. Муржия ибадатка маани берген эмес. Намаздын улуулугун мындан билиңиз, ал ыймандан кийинки эле даражада турат. Пайгамбарыбыз өзү (с.а.в): «Намаз – диндин тиреги», «Намаз – көзүмдүн нуру», «Намаз – момундун миъражы» деп кандай улуу мүнөздөмө, зор аныктама берип атат. Анан момундун «миъражын» башка жактан издөө туурабы? Пайгамбарыбыз оо дүйнөгө узаарда да, «Намазды калтырбагыла, намазды калтырбагыла», – деп үзүлгөнү бардык ашыкча сөздү токтотсо керек.

Демек, эң улуу ибадат – намаз. Намазын тикелеген адам бардык артыкчылыктарды да тикелейт. Адам болууга жол алат. Исламий, кураний сыпаттарды өөнө боюна сиңирет. Бирок формалдуу гана намаз окуган, мечитте гана такыба болумуш болуп, сыртта хулиган болуп кете жаздаган адеп-ахлагы жок, мамилеси корс, өзүмчүл, фанат, радикал, динди жек көрсөткөн немелер – ал башка маселе. Ибадаттын сүрөтү гана бар, бирок намазынын нуру жок, касиети-шарапаты жок, намаз тарбиясы жок, «хушуу-хузууъсу» жок кемпайлар себептүү намазды арткы планга жылдыра албайбыз! Намаздын философиясына, маңызына, хикматына карап көрсөк, Жараткан Алланын намазга көп сыр катканын баамдайбыз. Мисалы, таң эрте уйкудан турганда Аллага ыраазычылык билдирип, Ага сажда кылган соң таңкы ырыскы издеп кетүү бар. Да бир мени тамшантканы, мурдуң көтөрүлүп көөп кеткен учуруңда Улуу Эгеңди эстеп, өзүңдүн пенде экениңди сезип, саждага баш коесуң. Ошол эле учурда көңүлүң чөгүп, жашоого тоюп, үмүтсүздүккө чулганган учурда Улуу Затты эстеп «Аллаху Акбар» деп кыямга турасың. Намаз күндү натыйжалуу пландоо үчүн да уникалдуу предмет. Анан ушундай сонун ибадатка салкын карап, «намаз окуй турган доор артта калды» дегенсип мурун чүйрүүнү кандай түшүнөбүз? «Каапыр менен мусулмандын айырмасы намазда» деген сөздүн сырткы маанисин эмес, намаздын канчалык маанилүү экенин аңдоо жагынан карасак көп нерсе түшүнүктүү болот. Болбосо заахириттер (салафийлер) айткандай, намаз окубаган каапыр деген тыянакка кетип калуу коркунучу бар. Аларга өчөшүп, «намаздын кереги жок, намаз окубай койсо деле болот», – деген нерсе да кооптуу. Беш намаздын адамга бере турган артыкчылыктары өтө көп. Мүнөзүңдү оңдойт, адеп-ахлагыңды жакшыртат. Пайдасы жок иштер менен сутка бою темселеп, убакытты ысырап кылуудан тосот. Күнөөлөрдөн алыстатат. Жок эле дегенде даарат жана намаз убагында жаман ишке; күнөөгө жана кылмышка барбайт адам баласы.

  1. Кайсы ырахат?

Автор бир нече жерде бул дүйнөнүн ырахатын көрүүгө жылуу карап, окурмандарды ошол нерсеге чакырат. Маселен, 47-бетте «Акыреттин жыргалчылыгы үчүн бул дүйнөнүн ырахатын жөнү жок жерге садага чабууну буюрбайт», –дейт. Ушул жерден баса белгилеп айта кетчү нерсе, бүтүндүк мааниден контекстти жулуп алып эле авторду жаманатты кылбаш керек. Авторго шилтеме бергенде китептин, макаланын же абзацтын бүтүндүгүнө шайкеш келбеген сүйлөм компонентин жулуп алып, аны тескери бурмалаган болбос. Бул адилеттүүлүккө жатпайт. Ырахат демекчи, автор кээ бир жерлерде адептик нормага туура келген ырахаттар деп куткарып кетүүгө далбас урат. Салттуу шарият принциптерине маани бербей, аларды өтмүштө калган эстеликтей гана көргүсү келген кишилер кайсы адептик норманы карманат, бул жагы кызык. Шарият кетсе, адеп-ахлак да кетет да. Же күтүп турабы, «сен кете бер, мен анан барам», – деп. Биздин коомдо адеп-ахлакты камсыздап турган эң зор рычаг шарият нормалары да. Биздин коомдо шариятты уруп ойнобогон адам адептүү болуп кыйратабы? Ырахаттанып атканда адептик норманы сактайбы? Ырахат демекчи, бирөө ибадаттан, бирөө уйкудан ырахат алса, бирөөлөр кыз-келинге жакындоодон, спирттик ичимдиктен, кальяндан, ал тургай баңгизатынан ырахат алат. Кочкор уулу ырахат жөнүндө сөз кылганда, адал жана мубах болгон нерселерден ырахат алууга болот деп кыстара кетсе эмне, сыясы түгөнүп калат беле? Автордун жаңылыштыгынын салмагы ниет таразасына коюлуга тийиш!

Анан шарияттык норманы бекемирээк кармайлы дегендерди «фанат», «радикал», «салафий» деп жалаа жапкандар да болот экен бу турмушта, куу турмушта. (Аталгандар менен эң көп күрөшкөндөр ошол жалаага кабылгандар болуп жүрбөсүн). Динде истикомат – принциптүүлүк деген бар. Аны фанатизмге же башкага чаташтырган адам же билимсиз же болбосо провокатор чыгар. Балким диндин шарият нормаларына өтө жеңил-желпи караган либералдык маанайдагы мусулман болушу ыктымал. Негизи ислам дини орто жол (Бакара, 143). Динде аша чапкандар орто жолдогуларга ичи чыкпай, «чала мусулман» катары караса, либералдар орто жолдогуларды фанат деп баалайт. Муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласак болот. «Алтын ортолукту» кармай билүү керек. Көптөр ортолукту кармай албай, аттан жыгылган мас өңдүү ары же бери ооп түшүп калууда.

  1. Орозо жөнүндө

Орозонун эки шарты бар. Ниет жана орозону буза турган нерселерден сактануу. Орозону жыныстык катнаштан башка дээрлик бүтүндөй жеп-ичүүгө байланыштуу нерселер бузат. Демек, таң аткандан күн батканга чейин ачка жүрүү шарт! Кочкор уулунун YouTube каналындагы контентин көргөн адамдар «кудай таала ачка жүргөнүмдөн ырахат албайт, саат 14:00 дө биртке суу ичип, бир пряник жеп иейин, бул экөө адеп-ахлагымды буза албайт», – деп оозун ачып алса не болот?! Анын убал-сообу кимге? Шарият бузулуп кетпейби? Да бир кызык маселе, кайсы бир авторитардык өлкө күн ысыктыгынан жарандарын аяп, орозону жылдырып ийгени бар. Кочкор уулунун логикасы бул жосунду актап-мактап ийсе таң калбайм. Дегеле орозонун кереги жок десе деле… Азыркы шартта намазды окуштун зарылдыгы жок деп жиберсе деле таң калбайм бу кетиште.

  1. Напсини союу жетиштүүбү?

Автордун Курман айтка байланыштуу «Малды эмес, напсини курмандыкка чалалы» деген темасын көрүп капа болдум (119-б.). Темада мүмкүн болушунча напсини курмандыкка чалуу керектигин, арам кулкундардын пил сойсо да күнөөсү кечирилбешин ынанымдуу айтууга аракет кылат. Бирок, пайдубалы кыйшык үйдүн үстү канчалык жасалгаланбасын, түз болуп жарытпайт. Курман айтта «фактический» мал союу – ваажиб. Кыялий союп, напсини курмандыкка чалдым деп койсо эле болбойт. Тема башынан эле «өлүп» калган. Бул ваажибге каршы чыгуу эмей эмине? «Мал менен кошо напсини да курмандыкка чалалы» деп тема койсо кудай алабы?

  1. Диний нике пайдасызбы?

Автордун шарияттык эрежелерге этибарсыздыгыбы же кайдыгерлигиби же болбосо кабыл албайбы, айтор жылуу деле карабайт сыяктуу. Муну китепти окуп чыккандар түшүнөт. Мисалы, «нике бул – укуктук келишим» аттуу темада диний нике өз убагында жакшы механизм болгонун, азыр жөн эле жөрөлгө сыяктуу экенин айтат. Учурдагы расмий никенин артыкчылыктарын айткан ал оболу расмий нике, андан соң диний никенин кыйылышын кубаттайт (мен деле ушул пикирди кубаттайм). Аялдын укугу, баланын келечеги үчүн расмий нике маанилүү. Ар кандай жагдайда мыйзам менен чечип алуу мүмкүнчүлүгүн кепилдейт. Бирок автор расмий нике болбой туруп, диний никенин эч кандай мааниге ээ эмес деген пикири (138-б.) суроо жаратат экен. Ошондо мунусу кандай? Айласыз төшөк жаңыртууга туура келген же жесир келинди жүрөктөн кетип сүйүп калган бирөө мамилесин кудай алдында адалдап алайын деп диний нике кыйдырганы туурабы же «мааниси жок» деп зынаага бата бергениби? Эгер автор азыркы учурлардагы чапма никелерге жана анын кесепеттерине каршы чыгып атса, бул диний никенин эмес, адамдардын кемчилиги. Шарияттык норманын жараксыздыгы эмес, жарандардын жоопкерчиликсиздиги.

Менин жеке пикиримде диний никеде кут-береке, аруулук, пакизалык бар. Минтип ишенген адам эч нерсе жоготпойт! Себеби, ал жерде аят-хадис окулуп, хутба кылынып, дубалар окулат. Үй-бүлө баалуулуктарына тиешелүү насааттар айтылат. Бул салттуу динибиздин кылымдарды карытып келе жаткан жоболорунун бири. Ал эч качан эскирбейт. Диний никени расмий никеге каршы коюуга негиз жок, Тескерисинче экөө бирин-бири толуктайт. Эгерде диний нике кыйылбаса, бирок никенин шарттары толук табылса, анда бул өтүмдүү (сахих). Бул учурда түнкү саат 02:00 де молдону уктап аткан жеринен бутунан сүйрөп келип нике кыйдырууга зарылдык калбай калышы мүмкүн. Бирок, шарттары табылбаса, анда шарияттык жактан күмөндүү жагдайлар жаралары бышык. Диний нике кимдир бирөөлөр ойлогондой ашыкча ритуал эмес, тескерисинче аялзатынын укугун коргогон, кадыр-баркын көтөргөн инструмент. Эң эле айкын мисалы, макулдук алгач аялдан суралат. Эгер кыз «жок» деп койсо болду, бүттү. Диний никенин дагы бир зор мааниси – эмчектеш бир туугандарга тыюу салганы. Расмий нике сүт аркылуу бир тууган болуп калган «сүт кардешти» уруп ойнобошу мүмкүн, бирок дин адиси сөзсүз маани бериши керек. Себеп дегенде диндеги бул өкүм кайсы бир аалым койгон эреже эмес, Куран койгон норма.

Демек диний никенин пайдадан башка зыяны деле жок. «Мен любой нерсеге каршы чыгып кое берем», «о. э. любой нерсени колдоп кое берем» деген сыяктуу ынжык позиция, ат башындай амбиция, куру дымактын эч кимге кереги жок. Мисалы, «аппак кар жаады» деген кишиге каршы чыгып, «балким көк кар деле жаап калар, анча-мынча кара түстө деле жаап коюшу мүмкүн. Ак кар гана жаайт деген нерсе жок. Кээ бир өлкөлөрдө балык, кээсинде бака жааган фактылар болгон», – деп эптеп эле каршы чыга берүү найнык кишинин иши болсо керек.

Анча-мынча салттуу шарият принциптеринин маани-максатын толук түшүнбөй туруп, каршы чыгуу жарабайт деп ойлойм. Китептеги нике жөнүндөгү тема модернисттер көп көтөргөн аял-эркек ортосундагы теңдик маселесине үндөшүп тургансыйт. Коомдогу аялдын ролу боюнча Бигиев сыяктуу модернисттердин эмгеги бараандуу эсептелсе да, салттуу ислам маданияты аялзатын тебелеп ийген жери жок.

  1. Илимсиз аялдын оронушу орунсузбу?

Автордон жогорку деңгээлде жазылган пикирлеринин бири «Чүпүрөк бейиштин эшигин ачпайт» деген тема экени талашсыз. Кийим-кече жөнүндө орундуу, омоктуу ойлорду айтып келе жатып, «тактап айтканда, алгач адам илим алууга, алган илими менен адебин, адамгерчилигин өнүктүрүүгө тийиш» деп жыйынтыктоочу финалдык ойду берет. Тилекке каршы, ушуну менен токтоп калбай, «…мына ошондон кийин гана жоолук салынып жүрүү орундуу болот», – дейт. Ошондо эмне, медреселерди бүткөн, болгондо да кызыл диплом менен бүткөн адеп-ахлактуу кыздар гана оронуп, башкасы тегиз жылаңбаш болушу керекпи? Демек, жоолук маселесинде да форма менен маңызды чаташтыруу бар.

«Бышырылган бака» синдрому деген бар. Бир баканы алып кайнак сууга салсаң секирип качып чыгат. Бирок жөн сууга салып, түбүнөн акырындык менен от жага баштасаң, бака туйбайт. Ысый баштаган сууга көнө түшкөн бака эч бир реакциясы жок ырахаттанып жата берет. Ошентип өлүп калат. Адамдар деле ошол. Такталган-такталбаган маалыматтарга ууланып, акырындык менен традициалдуу эмес багытка же философиянын кайсыдыр багыттарына кирип кеткенин билбей калат. Сырттан караган адамга билинбесе, өзү кантип адашканын сезбей калышы мүмкүн «бышкан бака» өңдүү…

Азыркы тапта мусулман кыргыз коому биримдикте, ынтымакта жашоосу үчүн Кураний шарият нормаларына негизделген белгилүү сунний мазхабды (ханафиййа-матуридиййа) карманышы кажет. Миңдеген жылдардан бери матуридилик-ханафилик чыйырында келе жаткан эл болсок, эми каякка баралы? Жаамы 7 миллион калк бүтүндөй модернист болуп кетсинби? Же философ болушсунбу? Элдин баары 15 жыл окуй албайт да. Дегеле карапайым элге алып чыгууга болбогон маселелердин да бар экенин жогоруда айтып өттүк.

Анан мазхаб кармоо ваажиб десек эле кээ бирлер «мазхабист» деп жаман көрүп, мурдун чүйрүй берет. Ырасында андай эле мазхабизация менен ооруп, ханафиликтен башкасы баары адашкан деп зиркилдеген жерибиз жок. Болгону элдин диний дүйнө таанымына, турмуштук шартына, маданий деңгээлине, тарыхый мүнөзүнө, көчмөндүк образына, үрп-адат жана салт-санаасына туура келгени үчүн айтып жатабыз да. Анан ханафиликтин орто кылымда жазылган төрт китебин төрт тарабына коюп алып, ошого камалып, башка нерселерди четке кага берүү жакшы жосун эмес. Заманавий маселелер чыгат дегендей. Модернисттердин эмгектерине таянуу менен орто кылымдардагы кайсы бир себептүү тыюу салынган катъий негизи жок фатваларды башынан карап чыксак болот. Адамдын динине жана адебине зыяны тийбеген, тескерисинче пайдасы тийген кээ бир искусство жанрларын усулга ылайык кайрадан көздөн өткөрүүгө каршы эмесмин. Бирок ар демеге эле каршы чыгып, четинен жокко чыгара берүү жакшы эмес.

«Каршы чык, тааныласың» деген сөз бар. Маселен биз шариятты аттап өтүп, азыр убакыттын берекеси кетип, 17 сааттай гана куну калды. Ошол себептүү суткасына эки маал; күндүзгү жана түнкү намаз окусак жетиштүү дейлиби, «дүң» дей түшкөнү ошо. Бирок беш намазды калтырбайлы, бул кудайдын буйругу, пайгамбардын аманаты деп теле көрсөтүүлөргө жүз жолу чыгып чырылдайлыбы, анчалык деле актуалдуу боло албайт. Демек, маалыматты кабыл алып жаткан адамдардын алсыз табияты да эске алынууга тийиш. Кээ бир адамдар, айрыкча акыл токтото элек жаштар башкача нерселерди эңсейт. Кочкор уулу сыяктуу авторлордун шариятка шайкеш келе бербеген антистандарт көз караштары тез эле жайылып кеткенин сыры ушунда. Бирок кийин аны оңдош кыйын болуп калат. Ошол себептүү салттуу ислам түшүнүгүн чанбай, Кураний шарият принциптерин бекем кармануудан өтөрү жок.

АКЫЙДАЛЫК АЛЕШЕМДИКТЕРИ БОЮНЧА;

Акыйда дин илиминин өзөгүн түзөт. Эгерде динди адамга салыштырсак, акыйда анын таяныч-кыймыл системасы же скелети. Шарият – денеси. Ал эми адеп анын руху. Бул үчөө бирин-бири толуктап турат. Демек, акыйда динди кармап турган негизги тирөөч. Ансыз дин эч нерсеге жарабай калышы мүмкүн. Демек, дин боюнча адис акыйданы жетик билиши шарт. Ислам тарыхындагы адашкан кооптуу тайпалардын дээрлик бардыгы акыйданы бузганы үчүн адашууга кириптер болгон. Куран негиздеген, пайгамбар түптөгөн ахли сүннөт акыйдасынан (матуридилик-ашъарилик) четтеп, эрежеден аттап, боёйт десе сакалын кошо боёп алууну ислам теологиясы четке кагат. Автордун китебинде, тилекке каршы, акыйдавий жактан алешемдиктер бар. Алар боюнча кычкача токтололу.

  1. Кудай абстрактуу затпы?

Дин илимин, болгондо да ислам илимдерин терең үйрөнүп, аны менен чектелбей дин философиясын көп жыл бою (38-бетте өзү айтат) окуп жүргөн адис кандайча кудайды «абстрактуу зат» деди экен?! Мен үчүн таң калычтуу контексттердин бири ушул болду (39-б.). Дегеле Алланы абстрактуу зат деген туурабы? Албетте, туура эмес! Кудай Таала конкреттүү да, абстрактуу да зат эмес. Ал субстанция да эмес, акциденция да эмес! Абстракция дегенде сезим, сүйүү, мээрим сыяктуу беш сезим менен туюлбаган абалдар да айтылат. Түс, сан (цифра) да ушул абстракция деген термин менен туюндурулат. Албетте, Алланын заты-сыпатына шек келтирейин деген максатта айтпаганы белгилүү деңизчи. Байкабастык кылып, кудайдын конкреттүү зат (материя) эмес экенине басым жасайм деген ойдо айткан чыгар. Бул жагынан алганда туурадай болушу мүмкүн. Бирок «кудай конкреттүү эмес зат» деген башка, «абстрактуу зат» деген такыр башка. Булар синоним боло албайт.

Ислам теологиясындагы зат-сыпатка байланыштуу «Аллага окшош эч нерсе жок» деген улуу жана негизги эрежеге (لَيْسَ كَمِثْلِهٖ شَيْءٌ ) каршы келип калат. Акыйкатта Ага эч нерсе, эч ким теңдеш эмес (وَلَمْ يَكُنْ لَهُ كُفُواً اَحَدٌ). «За-то» ниетим калыс болчу деп бултаңдап мант бербей, анча-мынча сынды угуп, кийинки эмгектеринде сак болсо, авторго эле утук. Болбосо дин негиздерин уруп ойнобогон, «кудай бул – сүйүү», «мээрим бул – кудай» деп делөөрүгөн теченияларга дем берип алары турган кеп. Мээримдүүлүк, ырайымдуулук бул кудай тааланын сыпаты. Матуридия акыйдасында сыпаттар заттын өзү эмес, башка да эмес деп айтылат. Автор «мен шарияттык-укуктук мектептерди уруп ойнобогон сыяктуу, матуридияңды да, ашъарияңды да анча кабылдабайм, мен Куранды туура түшүнгөн элмуратиянын негиз салуучусумун» деген амбицияда болсо, анда билбейм. Андай дебестир эми пусурман киши.

  1. Ыйман-амал маселеси

Китептин 47-бетинде Абу Ханифанын (р.а.) саясатташкан, булганган бийликтин казылык сунушун четке кагышы сөз кылынат. Ырасында, ал бийликти булганган деп баалоо тарыхый чындыкпы же тарыхка кыянаттыкпы, аны ислам тарыхчылары баалап алар. Менин көңүлүмдү бурдурганы «…Абу Ханифа өзүнүнүн пакиза кишилигин, жөнөкөйлөштүрүп айтканда, өзүнүн ыйманын сактап калыш үчүн өлүмгө да кайыл болгон», – деген контекст болду. Автор ыйман деген түшүнүктү өтө кеңири алкактан караган сыяктуу. Кыргыз лексикасында ыйман дегенде жүрүм-туруму жакшы, башкага жардамы тийген дурус адам түшүндүрүлүшү мүмкүн, бирок терминологияда, айрыкча матуридия терминологиясында «Ыйман – Алланын барлыгына жана бирлигине жүрөктөн ишенүү» деп белгиленген. Өкүм кылыш үчүн тил менен айтуу да кошулат. Биздин акыйдада амалдар да өтө маанилүү орунда, бирок ыймандын шарты (рукуну) эмес. Амалды ыймандын шарты деп кароо салафизмдин методу. Автор өзү байкабаган абалдабы же «жөнөкөйлөштүрүлгөн» себеп мененби, катага жол берилип калган. Б. а. Абу Ханифа казылык боюнча сунушту кабыл алса эле ыймандан ажырап калмак эмес да. Акыйдада ыйман жана амалды бир кароо чоң проблемаларга жол ачат. Салттуу эмес багыттар күчөп, ар жерден ширк жана каапырлык издөө тендециясы күчөп жатканда ыйманды өз акыйдабызга ылайык жазып-чийүү, түшүнүп-түшүндүрүү зарыл. «Ыйман-амал» маселесин атайылап токтолууга төмөнкү жагдай да себеп болду.

  1. Келиме бейиштин кепили

Ыйман келимеси бейиштин гаранты. Себеби, ал исламдын ачкычы, диндин символу. Үйгө эшик аркылуу киргендей, эшикти тутка аркылуу ачкандай, шахаадат келимеси менен динге кирет. Келиме тил учунан гана айтылбай, жүрөктөн айтылат. Келиме келтирген адам пайгамбарыбыз алып келген нерсеге ыйман келтирген болот. Алланын барлыгына жана бирлигине чын жүрөктөн ишенген адам сөзсүз бейишке кирет. Бирок, качан кирери амалына, бу дүйнөдөгү жашоо таризине жараша болот. Күнөөгө белчесинен баткан адам болсо да, жаза мөөнөтүн көп убакыт өтөп болгон соң түбөлүк жыргалчылыктын даамын татат. Б.а. ыймандуу адам түбөлүк тозокто же бейиш менен тозоктун ортосунда (аль-манзила байна манзилатайн) калып кетпейт.

Бул боюнча көптөгөн далилдер бар. Бирок, автор шап эле «келиме бейиштин кепили эмес», – деп жиберет. Бул пикирди айтуусуна Иерусалимдеги бир таксырдын логикасыз мамилеси себеп болдубу же ислам үммөтүнүн бүгүнкү адеп-ахлак индексинин начарлыгыбы, аны итим дагы билбейт. Айтор ушундай интригалуу тема койгон.

Негизи эле автордун методу ушундай. Чуулгандуу тема коюп, жан бүткөндүн баарын ачуулантып, бирок текстте оңдуу ойлорду айтканга аракет кылат. Бирок башкалар айтканды кайталабай, өзүнчө стил менен жеткиргиси келет. Көбүнесе «момун», «үммөт», «сооп», «күнөө», «такыба», «адеп-ахлак» ж.б. классикалык ислам терминдеринен буйтап, алардын синонимин айтканга аракет кылганын байкоого болот. Деген менен дин илими көркөм адабият эмес да! Бирөөнүн таасиринде калбайын, бир генийдин оюн кайталап албайын, өзүнчө чыйыр издейин дебеш керек дин маселесинде. Кудайдын атынан сүйлөп, жашоону татаалдаштырып, жамаатты «паска уруп», жүрөк үшүн алып, керээли-кечке тозокту саймедирегендерге жини келген автор бу жолу өзү байкабаган абалда ошолордун катасын кайталайт. Шахаадат келимеси бейиштин кепилдиги жана үммөттүн үлпүлдөгөн үмүтү болсо, качандыр бир бейишке чыгарып кете турган страховка болсо, ошону да талкалап сала жаздайт. Бул оюн «теологиялык талдоо» деген бөлүмчөдө түшүндүрүп берүүгө аракет кылат, бирок анысы философиялык талдоо болуп калгандай. Теологияда качандыр бир болсо да ыйман келимесинин шарапаты менен бейишке кирүү деген нерсе бар. Автор келименин маңызын, хикматын, башкача айтканда философиясын талдаган. Ал айткандай, келиме адамдык өзгөрүүнүн башаты болууга тийиш. Эгер адам келиме келтиргенден соң деле жакшы жакка өзгөрбөсө, бул келименин кемчилиги эмес. Биздин акыйдада ыйман менен амал бөлөк караларын жогоруда айтып өттүк.

  1. Жакшылык да, жамандык да Алладан…

Автордун актуалдуу пикирлеринин бири «Коронавирус Алланын аскери эмес» деген макаласы жогорку деңгээлдеги жазылганы ырас. Анда кайсы бир молдону конструктивдүү сындап, көпчүлүктүн көзүн ачат. Негедир жаш балача ойлонуп алган кайсыдыр молдонун «вирус мусулманга жукпайт» деген теориясы өтө таң калычтуу болгон эле өз убагында. Ошол учурларда биз дагы вирустун дини болбошун, ал адамдын ишеними менен эмес, организми менен күрөшөрүн айтып турдук. Автор эскерткендей, атың өчкүр вирус мусулман-каапыр деп бөлбөй, калдайган калың журтту кайгыга салып, дин илиминин аска зоосу ыраматылык Чубак ажы баш болгон нечендеген мыкты замандаштарыбызды колубуздан жулуп кетпедиби. Анын несин айтасың. Китептеги эң мыкты темалардын бири катары баалап, үмүт артып отурган элем, ушул макаланы аябай алкайын деп. Тилекке каршы, килтейген текстти кибирейген бир ой оңкосунан түшүрөт деп ким ойлоптур. Көз жумууга болбой турган, жумсаң да көзүңө сайылып туруп алган ушул сүйлөмдү окуйлу: «Эгерде бул вирусту кудай жаратса, анын чексиз мээримдүү деген сыпаты кайда калды?», – деп толгонот автор (172-б.). Айланып, садага болоюн автор! Бу сиздин Алла жөнүндөгү түшүнүгүңүз, кудай тууралуу дүйнө таанымыңыз толук калыптана элек турбайбы? Бул эмне деген сөз? Вирусту кудай жаратпаганда ким жаратат анда? Иблиспи? Же табиятпы? Же болбосо өзүн-өзү «опп-паа» деп жаратып алдыбы? Автордун көз карашы боюнча чексиз мээримдүү кудай вирус, оору-сыркоо, кыйынчылык (мусийбат) жаратпашы керек экен. Тообо…

Так ушул жерден зороастризм эске келип туруп алат. Дуалисттик дин боюнча жакшылыктын кудайы Ахура-Мазда жамандыкты жаратмак эмес эле. Бирок бу тоголок Жер шарында жамандык кайнап атпайбы? Алардын (Заратушра негиздеген) дининде «жамандыктын да кудайы бар» болуп, анысы Ангра-Майнью деп аталат эмес беле? Вирусту ошо Ангра-Майнью жаратып кетти бекен Уханга иш сапары менен келе калып?.. Алланын заты-сыпаттары боюнча толук маалыматтуу болбой туруп, Ал жөнүндө кеңири сүйлөөдөн тартыныш керек дин адиси. Бул сыяктуу маселелерди Алланын ар-Рахман (Мээримдүү) эмес, ал-Хакийм (Даанышман) сыпаты менен карасак эле маселе чечилет. Биздин салттуу ислам ишениминде «жакшылык да, жамандык да Алладан» деп ыйман келтирилет го (эстеңиз: آمَنْتُ بِاللهِ ، وملائكته ، وَكُتُبِه ، وَرَسُوْلِه ، وَالْيَوْمِ الْاخِرِ ، وَالْقَدْرِ خَيْرِه وَشَرِّه مِنَ اللهِ تَعَالى ، وَالْبَعْثِ بَعْدَالْمَوْتِ). Бирок көр такыбалык, көр тобокелдик менен «жамандык кудайдан болсо, андан качпаш керек» деген позиция менен жамандыкты кучактап албашы керек момун-мусулман. Азирети Умар (р.а.) сыяктуу «Алланын жазмышынан кайра эле Анын жазмышына качышы керек». Автор бул жердеги жамандык маселесин салттуу ислам теологиясынын негизинде эмес, салттуу эмес көз караш же философиянын негизинде айткандай…

  1. Кудай «үмүттөнөбү»?

Китепте кудайдын үмүт кылары жөнүндө контекст кездешет (27-б.). Негизи адам үмүткөр макулук. Бирок кудайды бир нерсеге үмүт кылат деген ой өтө одоно түшүнүк, натуура пикир. Үмүтү акталбай калсачы деген ыңгайсыз суроолор эрксизден берилет. Себеби үмүт акталышы да мүмкүн, акталбай калышы да мүмкүн. Бир нерсеге үмүт кылып, бирок үмүтү акталбаган кудай кандай кудай болуп калат ошондо? Ушуга эле үндөш «кудайдын ишеним артуусу» жөнүндөгү пикирге да ичим чыкпады (112-б.). Кудай жөнүндө сөз кылып жатканда сак болгон жакшы. Бул акыйда жана каламдын талабы.

  1. Кудайга табият ыйгаруу туурабы?

Китептин 26-бетинде «Куранда сыпатталган табиятына караганда кудай мындай жосунсуз кадамдарга таптакыр барбайт», – деген сүйлөм кездешет. Бул кандай сүйлөм өзү?  Салттуу ислам этикадына канчалык туура келет? Кудайга табият ыйгаруу канчалык туура? Автор ушулар жөнүндө биртке болсо да ой калчады бекен. Табият арабчадан алынып, мааниси «жаратылыш», «табият», «мүнөз» дегенди туюндурат. Ислам теологиясын жакшы билген адамдын мына ушундай элементардуу катага жол койгону профессионалдык шкаладан карасак, кечирилгис. Бирок, адам адашуучу. Ар бир адам адашат. Мындай сөздөр философияда колдонулушу мүмкүн, бирок ислам акыйдасы жана калам илими боюнча кудайга табият ыйгаруу таптакыр туура эмес.

  1. Кудай булакпы?

Китептин 27-бетинде, «Кудайды коркуунун эмес, сүйүүнүн, айкөлдүктүн булагы катары кароо гана туура болот», – деген сүйлөм бар.  144-бетте да кудайды каардуулуктун эмес, мээримдүүлүктүн булагы катары кароо туура деген пикир айтылган. Мени ушул «булак» катуу ойлондуруп атат да. Куранды булак катары карасак болот, бирок кудайды булак катары кароо салттуу ислам акыйдасына сыябы? Албетте, жок. Булак жеке пикиримде конкреттүү нерсеге айтылат. Кудайды жакшы нерселердин булагы катары кароо дин философиясында көп айтылчу эле адашпасам.

  1. Тагдырга ыйман

Азыркы учурда кээ бир адамдар чыгып, «тагдыр жок» деп жүрүшөт. Эсимде, бир жолу Кочкор уулу да YouTube каналына «Ислам теологиясында тагдыр түшүнүгү жок» деген аталыштагы контент чыгарган эле (кийин оңдоп-түзөө киргизди окшойт). «Кайсы бир гезитке окшоп интригалуу тема койбой, жөн эле исламда тайкы тагдыр түшүнүгү жок деп чыксаң боло» деп кызуу талаштык эле. Ырасында ислам теологиясында жабриййа сыяктуу тар, кадариййа сыяктуу ашкере тагдыр түшүнүгүнө орун жок. Фаталисттик көз карашка ылайык, кудай таала өзү тагдыр сценарийин түзүп, пенденин пешенесине чаптап, соңунда өзү каалаганын бейишке же тозокко түшүрөт. Мындай «көр тагдыр» түшүнүгү Алланын Мээримдүүлүк жана Адилеттүүлүк сыпатына да, Куран принцибине да туура келбейт.

Тагдырды кыскача Алланын өткөн чакты да, келечекти да билиши деп кабылдасак жетиштүү. Кимде-ким «Алланын билиши» дегенди «мажбурлап жасаттырышы» деп түшүнгөн болсо, ал өзүнүн проблемасы. Тагдырды четке кагуу муътазилиййанын жана кадариййанын иши. Алар «Адамдын тагдыры өз колунда» дешкен. Эсиме жара чыкпаса Кочкор уулу да фейсбук баракчасына ушундай маңызда пост жазса керек эле. Имам Матуриди тагдыр маселесин Алланын чексиз илими менен түшүндүргөн. Залкар аалым Матуридинин (р.х.) Куран жарыгындагы бул методу инсандын өзүнө таандык эркиндигин, тандоосун, кыймыл-аракетте (жузъий) эрк берилгенин жокко чыгарбайт. Тагдыр маселеси боюнча наска да, акылга да туура келген, ахли сүннөттөгү эң уникалдуу классикалык формула турса, капталдап барып кадариййа же муътазилиййага кирип кеткендерге жол болсун. Тагдырды жокко чыгаруу үстүрт алып караганда «кудай келечекти билбейт» дегенге жол ачып коюу коркунучу болгондуктан, аны четке кагуу ыйман маселесине шек жаратып коюшу мүмкүн дешет диний билгелер.

 

ТИЛДИК КАТАЛАР БОЮНЧА;

  1. Майда, бирок маанилүү жагдайлар

Китепте көптөгөн тилдик каталар каалгып жүрөт. Эң эле жөнөкөй мисал, автор үнсүз тыбыш менен аяктаган этиштерге «-ар» мүчөсү жалганган жерде көп морфологиялык ката кетирген. Башка каталар да жайнап жүрөт. Мисалы, сүрөлөр «сүрөөгө» айланып кеткен учурлар бар. Пунктуациядан да бир аз аксаган Кочкор уулу үтүрдү ойду-келди коюп салат кээ бир жерлерде. Айрым учурларда «бир» деген ашыкча (nekre) сөз ордун таппай, тексттердин арасында жалдырайт. Тезектен теңге таап алгансып, ар бирин белгилеп көрсөтпөй эле коелу. Коргонуу искусствосу дегенди «коргонуу санаты» деп (201-б.) ийгенине деле көз жумалы. Бирок стилистикалык каталар кыргыз тилдүү окурмандарды кыйнап коеру белгилүү. Ошондуктан айрым стилистикалык каталарды бөлүп көрсөтүү зарылдыгы бар.

  1. «Башта болуу» деген эмне?

«Бул суроолорго жооп берердеги кылдаттык – кишинин диний жашоосу башта болуу менен бирге биртоп жаатта жашоо таризин калыптандырат» деген сүйлөмдү (103-б.) такыр түшүнбөдүм. Төрт кайталап окуп, түшүнбөй эшикке чыгып таза аба алып келип кайра окудум. Баары бир түшүнбөдүм. Же мен эле түшүнбөдүмбү, билбейм. Балким «диний жашоо баш болгон» дегиси келсе керек. Түркчө «башта олмак үзере» деген сөз айкашы түздөн-түз колдонулганбы же которулганбы, аныгын айтыш кыйын. Ушундай эле мисал, 201-бетте да «жалгыз башына» (tek başına?) деген сөздөр жүрөт бадырайып. Сөздөр кыргызча, маани түркчө болсо баш айланат экен. Эгер текст которулган болсо булагы көрсөтүлсө аябай сонун болмок экен, карап таап алат элек. «Башта болууга» баш катырып атканда дагы бир «башта» чыгып, башты куп айлантпадыбы. Т. а. 144-бетте «башта философия болуу менен бирге…» деген сүйлөм кездешет. Баш дегенде «голованы» айтып жатабы же этиштиби деп кыйла эки анжы боло түшөт экенсиң. Балким түркчө фелсефе башта олмак үзере – «философия баш болгон» деген маанидир, ким билет. Бул сыяктуу түшүнүксүз сөздөрдү жана сөз тизмектерин атайын белгилеп көрсөтүүдөгү максатыбыз стилистикалык жактан чала которулган сүйлөмдөр китептин окумдуулугун кетирип, окурмандын табитин качырат. Ошол нерсе кийинки эмгектерде эске алынса деген ой.

  1. Далил таяк таянып…

Стилистикалык каталар жөнүндө сөз болуп калгандыктан, дагы бир өрнөк берүү орундуу болор. Кочкор уулу ибадат жөнүндө пикир айтып жатып, аны бир сүрөгө «таяндырып» коет (125-б.). Ал таянгыдай кол же таяк эмес го дейм. Же түркчө «даяндырмак» деген сөз көчүп келип алды бекен? Мечиттердеги сукпаттарды сындап, жамаатты коркутуп-үркүтүп, жаш балдарды сындырып алууларды баяндап келип, келечекте аалым боло турган балдар «коркок-билишке» айланарын айтат. «Коркогун» го түшүндүк, бирок «билиши» эмнеси? 99-беттеги «идеологиялык тутум» деген сөз айкашты да биринчи жолу угушум.

«Никеге туруу диний укуктан кеңири укуктук келишим болуп саналат» дейт автор (136-б.) нике жөнүндө сөз кылып жатып. Бул сүйлөмдү да ары айлантып, бери айлантып түшүнө албадым ачыгы. «Кеңири укук» эмине болуучу? Же бул дагы түркчө «диний хукуктан зияде» деген сыяктуу сүйлөмдөн түздөн-түз оодарылганбы, түшүнүп түбүнө жетпедим. Дагы бир мисал, түркчө сосйал месафе деген сөз «коомдук аралык» болуп кирип келген сыяктуу (176-б.). Ушул сөз айкаш бу жолу сөзмө-сөз которулса аябай жакшы болмок экен «коомдошпой». Да бир жерде зыйнат «салтанатташып» кеткенсиптир (187-б.). 199-бетте материалдык кызыкчылык кеңейип, «заттык кызыкчылыкка» айланып кеткендей. «Күнүбүзгө саресеп» деген сөз (30-б.) бүгүнкү күнгө саресеп деген сөзчөлүк даана туюндурулбайт го дейм.

Айтор китептеги айрым стилистикалык каталар кишини кыйнап коет экен. Жогорку диний билими бар адис катары биз ушунча жүдөсөк, карапайым окурмандар кантти экен?..

 

ИНДИВИДУАЛДЫК ЖАГДАЙЛАР БОЮНЧА;

  1. Кесиптик позиция боюнча

Кочкор уулу диний маселелерди философиялык көз караш менен талдап салган учурлары арбын. Албетте, нукура философиядан кароо башка деңгээл. Бирок философиялык методология менен дин методологиясынын ортосунда калып, ориентирин жоготуп койгондой элес калтырат бир караганда. Мисалы, илим чечмелеп бере албаган жагдайлар боюнча сөз кылып жатып, «бул темалар – философиянын метафизика бөлүмү караган маселелер», – дейт (10-б.). Туура, философия боюнча ошондой. А исламий илимдер боюнчачы? Теология карай албайбы? Автор ушул сыяктуу маселелерди теологиялык усул менен эмес, философиялык көз караш менен карап алат. Кочкор уулу мурунку теолог, кийинки философ. Же теология менен философиянын ассоциациасы, б. а. «теософ» деп койсок да болот. Демек, анын ар бир пикири жогорку диний адистин көз карашы болбой калышы толук мүмкүн. Физикалык канондорго сыйбаган көрүнүштөрдү (муъжиза, керемет) сындап, четке каккандар болгон өткөн кылымдарда. Анын да жөнү бар. Мисалы, алардын тушунда убакыт бардык жерде бирдей деген илимий көз караш үстөмдүк кылып турган. Качан гана Альберт Эйнштейнге таандык салыштырмалуулуктун жалпы теориясынын чыгышы менен физикада жаңы доор башталбадыбы? Ашкере модернисттер классикалык физикалык закондорго таянып жокко чыгарган муъжизалар акылга сыйып эле атпайбы. Азыркы кванттык физиканы эске алсак, бул да көп нерсени дагы да жетик түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Азыркы илим, соңку астрономиялык ачылыштар кудайдын чексиз кудиреттүү, чексиз кеменгер, чексиз даанышман зат экенин далилдеп, ыймандуулардын ыйманын ансайын күчтөндүрүп атканы факт.

Жогоруда Элмурат Кочкор уулунун теологиядан философияга ооп кеткенин айтып өттүк. Ошондой эле модернист аалымдардан катуу таасир алганын да кез-кези менен айтып келдик. Негизи экөө бири-бирине өтө жакын. Ислам модернизминин жаралуусунда батыш агартуучу-философторунун үлүшү зор. Динди чиркөөгө камап салып, андан кийин адамзаттын бактылуулугу жөнүндө баш ооруткан философ гуманисттер XIX кылымдагы кээ бир ислам билгелерине катуу таасир эткен. Кезегинде бизге чейин жетип келген «жадидчилик» да модернизмдин биздеги өрнөгү. Башында колдоо таппай, «эскичилдер» же болбосо салттуу ислам жактоочулары тарабынан катуу сындалган. «Жадидчилер» классикалык методду, салттуу шарият нормаларын четке кагуу, аял-эркек теңдигин көтөрүү, агартууну колго алуу сыяктуу ураан менен чыккан.

Демек, Кочкор уулу айтып жаткан нерселер жаңылык деле эмес. Ал бир кылым илгери эле келген нерсе. Демек Американы кайрадан ачкандай дымактын кереги жоктур. Жүз жыл илгерки жадидчилик идеяларын кайталап койгон кишини «куткаруучу» же «Имам Махди» көрбөшүбүз керек. Ошондогу жадидчилик көптөгөн кыйынчылыктардан соң гана жайыла баштаганда каардуу режимдин кандуу колу тарабынан жок кылынган. Батыш философторунан катуу таасирленген модернизм тарапташтары өз учурунда актуалдуу маселелерди көтөрүп, эми эле тамырлай баштаганда трагедиялуу тагдыр менен тыптыйпыл кылынышы оор улутунуу менен эскерилүүгө тийиш. Ал биздин тарых. Бирок алардын идеялары деле жүз пайыз туура болгон деген нерсе жок. Эгерде модернизмди жүз пайыз туура десек, анда пайгамбар доорунан бери келе жаткан традициалдуу ислам жолубуз жүз пайыз ката болуп калбайбы.

Жанатан бери философия боюнча көп сөз айтылды. Жеке менин философияга душмандыгым жок. Ислам философторун урмат кылып, эмгектерин пайдаланам. Философия зарыл жана керек предмет деген пикирдемин. Бирок философиялык методологияны калам методологиясынын үстүнө чыгарып алуу туура эмес (көздү каштын үстүнө чыгаргандай болуп калат). Теология-философия ажырымы Имам Газалинин философторду үч маселеде терең адашууга кириптер болгонун далилдеп чыгышынан кийин башталган (Тахафутул-Фалаасифа). Бирок бөрк ал десе баш алган кишилер философияны медреседен чыгарып салуу менен тарыхый катачылыкка жол бербеди беле. Ал кездеги философия азыркыга караганда өтө кеңири тармак болгонун эске алсак, катачылыктын канчалык зор экени өзүнөн-өзү белгилүү болот. Көптөгөн илимдер кийинчерээк эле философиядан бөлүнүп чыкканы маалым. Азыр деле философияга кара санап, тим эле «кудайсыздык илими» катары көргөн сабатсыз катмар бар. Философияны түшүнбөй туруп ага каршы чыгуу акылдуу кишинин иши эмес. Анын түрлөрү жана багыттары бар да. Философия мазмунуна ылайык адеп-ахлак философиясы (этика), онтология жана гносеология; чындыктын сүрөттөлүшү боюнча дуалисттик жана монисттик; идеяга басым жасоо жагынан идеалисттик жана материалисттик; билим түшүнүгүнө ылайык рационалисттик жана эмприкалык философия деп бөлүнөт. Анан философия десе эле матриализмди гана (шарттуу түрдө атеизм философиясы деп коелу) түшүнүп, каршы чыга берүү болбойт.

  1. Динге аныктама берип…

Автор кээде ушунчалык образга кирип кеткендиктен, динге атайын аныктама бергенге чейин жетет (45-б.). Буга эмне зарылдык бар эле, билбейм. Же усулул-фикх китептериндеги аныктамалар кемчиликтүү бекен? Атайылап аныктама бергенине караганда Кочкор уулу илимдин баарын алып койгон го. Ушундай эле болсун. Болбосо автордун дарегине «атың чыкпаса жер өрттө» деген сыяктуу сындар айтылып калышы мүмкүн.

Автор белгилегендей (40-б.), «диндин максаты – адамды адам кылуу». Мында талаш жок. Адам баласы Алла Таала жараткан урматтуу макулук. Дин адамга гана түшүрүлүп, инсандын инсан катары жашап өтүүгө тарбиялаган жол десек болот. Дин тарбиясы көрө албастык, менменсинүү, текеберчилик (эго) ж.б. сыяктуу адам табиятындагы терс сапаттарды тормоздойт. Эгер диний билим жаатында ат чабым алдыга озгон кайсы бир адамдарда ушул сапаттар тизгинделбесе, тизгинделмек түгүл гүлдөп өнүгүп атса, анда кайсы бир жерлерде мандем бар деген сөз келип чыгат.

  1. Ибадаттын хикматын айтуу натуурабы?

Ибадаттардын түпкү максаты менен бирге эле, хикмат-жакшылыгын изилдеп, өзүнчө сөз кылууга болот. Маселен, намаздын негизги максатынан сырткары өзүнө таандык хикмат-өзгөчөлүктөрү да бар. Намаз сергек жашоо образына чакырса, орозо ден-соолукту чыңдоодо өз кереметин көрсөтүп келет. Муну айтуунун эмнеси жаман? Бирок авторго ушул сыяктуу сөздөр жакпайт көрүнөт, мусулмандарга кыжыры кайнагандарга жагынуу деп баалайт экен (49-б.). Ким-кимге жагынуу максатында жүргөнү жүрөктөрдүн эгесине маалым дечи, бирок көз менен көрүнүп, тажрыйба менен бышыкталган нерсени айта берсе болот. «Сен мен ойлонгондой ойлон» дегенге жол берилбеши керек. Ибадаттардын адеп-ахлактан башка адамга пайдасы тийген касиеттерин сөз кылган адамды «паска урбаш керек». Дагы бир маселе, дин дегенде жаалы кайнап, кыжыры келип, аз жерден экстремисттешип кете жаздаган азчылык катмарга ким көбүрөөк жагып атат, аны азыркы интернет өнүккөн доордо билүү оор эмес…

  1. Араб формасыбы же пакиби?

Ислам десе каны кайнап, жүлүнү дүргүп, мээсине от кеткен радикалдык топтор бар. Алар араб, паки формасындагы узун көйнөк, узун чапан, чепкен же узун куртка сыяктуу кийим кийген эркекти көрсө эле «айапкул» деп чагымчылык кылып жатып калат эмеспи. Автор да кээде ошолордун таасири астында калып кетеби, белгисиз. Маселен, «айрыкча дааватка чыгып, динге берилип кеткен бурадарлар араб маданиятына ыңайлаштырып кийинип жатышат», – дейт (161-б.). Менин оюмча, дааватка чыккандар араб кийимин эмес, паки кийимин кийишет го дейм. Пакистан мен билгенден араб дүйнөсүнө – 23 араб мамлекетине кирбейт. Демек, пакилер башка дүйнө, башка маданият. Же узун этек болсо эле арабга жармаштырып жатып калыш керекпи? Бул өнөкөт билимсиз, радикал, динден оолак адамдар тарабынан айтылса бир жөн эле. Бирок Кочкор уулу араб-паки айырмасын эске албастан урдурганы туура эмес болуп калат го дейм. Же дааватка чыгып келгендер араб формасын кийип, араб селдесин оронуп атабы?

Негизи кийим маселесинде жоолуктан башкасы кыпкыргызча эле болгону жакшы (хижаб бул – фарз). Кадимки элечек деле шарият стандартына жүз пайыз туура келет. Кыргыз чапаны да сүннөткө бап. Анан эмнеге пакилердин турмуштук кийимдерин сонундап, диний кийим катары кийип алышат, түшүнбөйм. Пайгамбарыбыз араб го?!. Пайгамбарыбызды сүйүп, урмат кылсаң макул, селде чалынып, чапан кий. Бирок алдагы паки кийимин чеч нары!

Кийим маселесинде динге каршы светтик радикализмдин жана эктремисттик көз караштын такыр кереги жок. Элестетсеңиз, кыз-келиндер жоолук оронуп койсо, эркектер узун көйнөк кийип койсо эле арабдашып кетет имиш! Эгер чүпүрөк улутту өзгөртүп ие турган касиетке ээ болсо, анда мен түнү менен «американский» ковбой шляпасына буйрутма берейин. Бу кыска жарыкчылыкта бир «америкалашып» көрөйүн. Не болор экен? Же француз аскер кийимин кийип, француз жоокерине айлансам бекен. Ал да болбосо Жүкү акеге чопкут жасатып, рыцарга айланайын. Же кийимдерди ыргытып ийип, балтыркан жалбырагын оронуп индеецке айланып кетсемби? Кийим улутту өзгөртүп ийүүчү инструмент болгондо дүйнөлүк державалар бизге окшогон майда улуттарды небак жоюп ийбейт беле кийимдерин мажбурлап кийгизүү менен эле. Мына, бир кылымдан бери аялдарыбыз кофта-юбка, эркектерибиз костюм-шым кийип жүрөбүз шенеңдеп. Кана европеец болуп кеткенибиз? Бучук мурун, бүтүк көз бойдон эле калдык го. Кыргыз качан костюм-шым кийчү эле өзү? Азыркы тапта эңкейсе эмчеги, доңкойсо көчүгү көрүнгөн жарым жылаңачтар толуп кетти го. Кана ошолордун испанкага же французкага  айланып кеткени. Эмнеге буларга каршы чыга албайбыз? Же булардын укугу бар да, жоолукчан эже-карындаштардыкы жокпу? Же алыбыз ошолорго эле жетеби? Эгер хиджаб салт-санаага туура келбейт десек, анда жарым-жылаңачтардыкы туура келеби? Калыс болуш керек да адам дегениң.

Калыстык жөнүндө сөз болуп калган соң, экинчи тарапка да сын-пикир айта кетели. Эгер орундуу болсо хиджабдагы эже-карындаштарга сунуш жана насаат. Чумкуй капкара кийим, көөдөй капкара никаб жамыныштын эмне кереги бар? Аврат эсептелген жерлер белгилүү эле го? Эмнеге үрп-адатты (ъурф) эске албай жатасыңар? Эмнеге кыргыз орнаменттерине басым жасабай жатасыңар? Элечек, ачык түстөгү жоолукту тандагыла да. Эмнеге наристелерди ороп-чулгап жатасыңар? Хиджаб балагатка жетпегендерге фарз эмес го? Ушул сыяктуу калыс пикирди мен эмес, автор айтса укмуш болор эле, кийим маселесинде бир жактуу гана «арабдашууга» каршы чыкпай….

  1. Куран-хадис жөнүндө этият сөз кылуу

Автор китебинде Куранды туура чечмелөөгө чакырып, «Аалымдар, классикалык китептер да жаңылыштык кетирерин, туура чечмеленбесе Курандын аяты да, хадистер да адамдарга зыян алып келиши мүмкүн экенин аңдайлы», – деп билдирет. Негедир ушул сүйлөмдү окуганда башкача боло түштүм. Бул субъективдүү жагдайбы же көбүрөөк шексингенимби, айтор мага анча жага бербеди. Ошондон көрө «Куран жана хадис туура чечмеленбесе, динди жамынгандарга курал болуп калышы мүмкүн», – деген сыяктуу адил сөз менен туюндурса дурус болмок. Куран-хадис түздөн-түз зыянын тийгизчүдөй кылып, интригалуу сүйлөмдүн колдонулушу көңүлгө жакпай туру.

  1. «Бөдөнөнү сойсо да…»

Китептин кийинки бөлүмдөрүн окуганым жок. Мисалы, «Бала бактысы» деген главаны ачкан да жокмун. Кочкор уулу педагогика боюнча тереңдеп, анысын турмуштук тажрыйбада практикалап, 10 чакты баланы жетик тарбиялап, бала тарбиясы боюнча жаңылык киргизип ийген жери жок. Же саясатчы катары мамструктурада иштеп, көзү каныгып, элге эсте каларлык кызмат кылганын укпадык. Политология, саясат теориясы боюнча өз алдынча биртке илгерилеген болушу мүмкүн. Бирок бул жаатта көргөндө көз кубанып, жүрөк сүйүндүргөн бирдеме кыла элек. Анан эмнеге окушум керек? Мисалы мен саясий жаатта эки-үч блок чыгарып, өздөрүн саясат таануучу сезип алган жижиң «самозванец» калемгерлерге көп деле жылуу карай бербейм. Себеби дилетанттарга маани бербеген кишимин. Ар бирибиз өз багытыбызда профессионалдык деңгээлге өсүп жетүүгө аракет кылганыбыз жакшы. Андан кийин гана башка тармактардын эшигин тыкылдата берсек болот. Өзүн теолог деп эсептеген адам биринчи кезекте өз багытында адистешиши керек.

Динди илимий көз караш менен талдай алган, салттуу исламият акыйкатын түшүндүрүп бере алган жана исламдын сыртындагы дин/ишенимдерге объективдүү баа бере алчу негизги адистер теологдор болуп саналат. Теолог кандай гана маалыматты колго албасын, классикалык методдун негизинде илимий анализ жасай алат. Ал оңойлук менен эч бир багытка кирип кетпейт. Эгер кайсы бир теолог классикалык методологиядан четтеп, кайсы бир багыттардын же кайсы бир китептин ашкере таасири астында калып кетсе, анда анын профессионалдыгына шек менен кароого туура келип калат. Теолог кечээ – традиционист, бүгүн – философ, эртең – позитивист болбойт. Андай киши бүрсүгүнү деист же нигилист болуп алышы деле мүмкүн. Эгер ушундай көрүнүш кайталана берчү болсо, анда профилдик-адистиктин приоритетине шек жаралып калышы кеп эмес.

 

ЖЫЙЫНТЫК

Жогоруда критикалык ой жүгүртүүнүн алкагында мүмкүн болушунча объективдүү, компетенттүү жана адекваттуу сын койгонго аракет кылдык. Макаланын тематикасы сын болгондуктан, негизинен адилет сындоо башкы планга коюлду. Адам акысына кирүү, тебелеп-тепсөө үчүн эмес, өстүрүү, чыйралтуу үчүн жазылды бу макала.  Жогоруда авторго бир-эки эмес, ондогон сын коюлду. Биз көз жуумп койгон, байкабай калган же аттап кеткен жагдайларды эске алганда, сөз кылгандан алда канча көп ката-кемчиликтер чыгышы мүмкүн. А бул эмненин далили? Эмнеге мынчалык көп жаңылыштыкка жол берилди? Элмурат Кочкор уулу ким? Алгач ушул суроого жооп керек. Бир эмес, бир нече жолу далилденгендей, автор – философ. Ал теология астанасынан небак чыгып, философия дүйнөсүнө кирип кеткен. Ошол себептүү диний маселелерди көп учурда философиялык көз караш менен талдап койгон.

Кочкор уулу философ дедик. Тактап айтканда, дин философу. Модернисттердин таасири жана учурда философия окуп жатканы эске алынууга тийиш. Ошол эле учурда колубуздагы китепти мыкты философиялык үлгү деп айтууга деле болбойт. Философтордун көз караштары алынган, бирок шилтемелер көрсөтүлгөн эмес (философтордун өлүм жөнүндөгү көз караштарын эске албаганда). Анын «Кудайга уулу жакынбы же кулубу?» аттуу тексти мыкты иштелип, маңызы ислам философиясына түзүгүрөөк өрнөк чыгар (107-112-беттер). Бирок, тема тандаганда сак болгон дурус. «Хайп» кармап же «интрига» кылган жарабайт. Китепке ат коюу, макалага тема тандоо балага ат койгондой астейдил мамилени талап кылат.

Авторго сунушубуз, өзү таасири астында калган дин философиясы жаатында эле шугулдана бербей, ханафилик-матуридиликти баштан аяк окуп, төл манхажыбыз боюнча көз карашын калыптандырышы керек. Катуу иштеп, өзүн өнүктүрүп, батыш философиясын кыргыз тилге оодарсын. Ислам философиясынын мыкты үлгүлөрүн биздин коомго интерпретацияласын. Атеисттик догма орноп калган экс-комунисттердин мээсине дин философиясынын күчү менен кислород жеткирсин. Динди философия менен чаап, башка-көзгө койгулабай, өз жолу менен алып кетсин. Себеби, диндин методологиясы башка, философияныкы башка. Автор дин жана философиялык билимдердин кошулган чатында жанчылбай, өз багытын таап кетсе жакшы болгону турат. Ырас, философияда ушунчалык илгериледи, ушул ишти «даканса» өтөөсүнө чыксын. Антикалык философиядан баштап, бүгүнкү күндөргө чейинки философияны которсун. Ушул жаатта чоң-чоң эмгектерди, усулдук колдонмолорду жаратсын. Эгер ушул тейде кете берем десе, өзү билет. Публицист, журналист, пенсиядагы мамчиновник же болбосо блогердин деңгээлинен ары өтпөй, жөн гана динге асылган «мутант калемгер» катары кабылданып калышы мүмкүн көпчүлүк тарабынан.

Айтмакчы, эмгекти биротоло эле жараксыз, «экстремисттик маанайдагы эмгек» деп апыртып, мусорго ыргытып ийүүгө болбойт. Анда көптөгөн жакшы ойлор, толгонуулар, акыйкаттын учкундары бар. Маселен, динди формалдуу жактан гана кабылдоого каршы чыгып, муздак сууга даарат алуу (48-б.) сыяктуу маселелерди туура байкап, таамай сындайт. Ажылыктын түпкү максатын, хикматын ачып берүүгө далаалат кылып, ыйык сапардагы кээ бир жагымсыз көрүнүштөрдү сындаганы (30-32-беттер) орундуу. «Айт майрамынын аруу максаты» деген тема да объективдүү иштелген. Ушундай эле жазса зор болмок. О. э. жаңы жылдын диний маңызы жөнүндө да жогорку деңгээлде карай алган (75-80-беттер). Бирок жаңы жылды шылтоолоп ысырап кылуу, миңдеген сомдорду асманга сапыруу, түнү менен уктабай көзү шишип, саламаттыкка коркунуч жаратуу сыяктуу терс көрүнүштөр боюнча кыскача болсо да айтып өтсө «нур үстүнө нур» болмок экен. Арабга болгон сокур сүйүүнү да жакшы айткан. Ошол эле учурда орус улутундагыларга же Америка элине жана европалыктарга болгон сокур сүйүүнү да сындап өтсө эп болмок экен.

Автор картөшкөдөгү же башка нерселердеги «Алла» деген ысымга окшош жазууларга тамшангандарды туура сындайт (26-б.). Ырасында булуттаргабы же жумурткагабы, айтор лафзатуллага окшогон жазуулардын кездешип калуусун тим эле космогониялык далил тапкандай кабылдап чуулдоо туура эмес. Андай көрүнүштөргө карапайым адамдар гана таңданбаса, илим ээлери кокустук катары гана кабыл алат. Эгерде ал нерселерди айныгыс далил кылып көтөрүп чыксак, кийинчерээк кокустук менен крест же Будданын сөлөкөтү түшүп калса эмне болуучу? Исламдын «зор далили» кыйрап калбайбы? Ошон үчүн кудайдын барлыгын жана бирлигин далилдей турган кубаттуу рычагдар, каламий методдор турганда, картөшкөнүн ичинен, козунун терисинен «кереметтүү далилдерди» издештин кылча кереги жок.

Кочкор уулунун пикирлерине буга чейин деле үн катсак болмок. Бирок анын статьялары ар кайсы сайттарга чыгып турбадыбы. Ар сайттын ар кандай идеологиясы, өз саясаты болот эмеспи. АКШ бакканы Батыштын, Кремль бакканы орустун ырын ырдайт дегендей. Ал жердеги ред.коллегия деген бар, материалдар колго түшүп-түшөлекте бычмачыдай бычып, жамачыдай жамап ийүүгө даяр турган. Алар жөн гана корректирлөөдөн ары өтүп, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип ийиши турган кеп. Ушуну назарга тутуп, Кочкор уулунун акысына кирбейли деп кармандык. Себеби, өзгөртүлгөн макалаларга реакция жасасак, автордун эмес, редактордун пикирин талкуулап алышыбыз толук мүмкүн эле. Бул өз кезегинде Кочкор уулуна ишеним көрсөтүүнү да туюнтат. Чубалжытып ушунча макала жазганыбыздын себеби, автор кийинкисинде өз каталарын оңдоп, эл-журтка пайдалуу бирдеме жасашы үчүн нускама болсун деген тилек.

Бул сын макала сырттан караган адамга прогрессивдүү модернист менен эскичил-консерватордун тирешиндей туюлушу мүмкүн, бирок чын-чынында теолог менен философтун талкуусу гана. Эмгек өтө жогорку деңгээлге чыга албаса да, негизинен дин философиясынын методу менен кыргыз коомундагы диний маданияттты жана дин чөйрөсүн сындаган алгачкы эмгектердин бири катары бааланууга тийиш. Алгачкы деген алгачкы. Көптөгөн каталар кетиши мүмкүн. Автор жогоруда сөз болгон ондогон жаңылыштыктар жана катачылыктарды туура кабыл алып, өз үстүнөн иштесе чоң утукка ээ болот.

Элмурат мырзанын жекелиги жөнүндө сөз болгондо лидерлик жөндөмү, жакшы адеп-ахлагы, аракетчилдиги, билимдүүлүгү, мекенчилдиги кошо айтылышы шарт. Мыкты дос, күйүмдүү жолдош, мээримдүү ата. Балага ушунчалык мээрим төгөт дейсиз, кээде перзентинин заңын жеп жибере жаздайт. Убагында Шоро-Башатта таравих намазын күпүлдөтө тартып жүргөнүн эске алсак, ибадаткөйлүк жагы да бардай. Менин жеке баамымда, автордун азыркы ийгилиги салттуу шарият принциптери менен айкалышкан салттык тарбиянын жемиши. Бүгүнкү ийгилигине өзү анчейин жактырбаган салттуу дин маданиятынын үлүшү зор. Демек эмнеге карыздар экенин биле жүргөнү оң.

Соңку сөз катары авторго зор ийгиликтерди каалайм. Кийинкиде мындан да чыйрак, мындан да жакшы эмгек жаратат деп үмүт этем. Өзү деле ошого дапдаяр болуп калды. Кудай таалам зоболосун көтөрүп, динге жана эл-журтка кызмат кылууну насип кылсын. Оомийн…

Иманбек Азизилла уулу, теолог

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс