• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ОШ ОБЛУСУНДА АЖЫЛЫК САПАРЫ ТУУРАСЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ЖАРАЯНЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

Автор:ruh_admin

Май 4, 2022

ОШ. Ош облусунун аймагында 2022-жылдагы ажылык сапары, Сауд Араб Падышалыгынын ажы-умра министрлиги кабыл алган акыркы чечимдер, ажылыкты уюштуруу штабы тарабынан кабыл алынган болжолдуу калькуляция жана 65 жаш курагы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ош облустук казыятынын маалыматыаа караганда, бул боюнча баш имам-хатибдер жана хатибияттын операторлору жигердүү иш алып барып жатышат.

  • Ыйык сапардын алкагындагы Медина шаарындагы жатакана, Мина,

Арафат, Муздалифа өрөөндөрүндөгү сервис акылары, маршруттук каттамдар үчүн автобустарды уюштуруу өңдөнгөн бардык төлөмдөр эсептелип отуруп, ажылыктын наркы болжолдуу 4500 АКШ долларын түздү. Бул баа азайышы дагф мүмкүн, көбөйүшү дагы толук ыктымал. Ушул жылдын 25-апрелинен тартып 30-апрелге дейре бул төлөмдөр төлөнүшү кажет! Ушул тапта күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатабыз, – деди Ош облустук казыятынын ажылык боюнча координатору Сулайман ажы Шерматов.

Эскерте кетчү жагдай: ажылыкка тиешелүү ар кыл маселелер жаатында түшүндүрүү иштери ушуо күндөрдө Ош облусунун аймагындагы бардык райондоро абдан кызуу жүргүзүлүп жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс