• Чт. 26 мая, 2022

Популярные метки

Мугалимдердин айлыгы жөнүндө…

Автор:ruh_admin

Май 4, 2022

Мугалимдер айлыгы көтөрүлгөнү абдан мыкты. Алар үчүн кубанычтабыз.

Бирок, мугалимдерди санааркаткан жагдайлар да бар экен. Анткени жаңы окуу жылынын башталышы менен айлык акылары мурункудай эле абалга келип калышы мүмкүн экен.
Анын себеби жаңы окуу жылынын башталышы менен мугалимдерге азыркыдай 30-40 сабак алышына жол берилбейт экен.
Азыр айлык көтөрүлдү деген апрель айынан тарта 30-40 миң сом айлык алгандар негизинен мына ошол сабактары 30-40ка жеткендер болуп чыгууда.
Жаңы окуу жылынан тарта мугалимдерге 24 саат гана алууга уруксат берилет экен. Мына ошону менен айлык акылар мурунку өлчөмгө түшүп калат же болгону 3-4 миң сом гана көтөрүлөт.
Мугалимдерге мурда 3-4 айда бир премия берилип турчу. Ал да бир топ жардам болчу. Бирок ал жокко чыгарылыптыр.
Айрым мугалимдер менен баарлашсам, айлык көтөрүү окуу жылы аяктап жатканда жасалды. Канча адистер баарын эсептеп, тынымсыз иштешти. Жаңы окуу жылынын башталышы менен кайра эсептелиш керек болуп калат. Ошондуктан бир жаңсыл эле жаңы окуу жылынан көтөрүлгөндө максатка ылайыктуу болот эле дегендер да бар.
Сентябрдан жаңы окуу жылы башталышы менен айлыктар (алган сабагына жараша) жаңыдан эсептелип чыгышы керек. Мына ошондо ким канча алары айкын болот.
Азыр мугалимдер эмгек өргөөсүнө чыккандагы маянасы кандай эсептелип, канча болорун билбей турушат…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс