• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ЛЕЙЛЕКТЕГИ ЧЕК АРА АЙЫЛДАРЫНДА МИЛИЦИЯНЫН КӨЧМӨ КАБЫЛДАМАСЫ ИШКЕ КИРИШТИ

Автор:ruh_admin

Май 4, 2022

БАТКЕН. Милициянын көчмө кабылдамасы Лейлектеги чек ара аймактарында ишин жандандырды.  Бул жөнүндө Баткен ОИИБсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек район борборунан 85 чакырым алыстыкта жайланышкан Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүнүн Арка-2, Достук, Жаштык, Борбордук айылдарынын тургундары менен милиция кызматкерлери элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында милициянын көчмө кабылдамасы менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, айрыкча чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагын абдан катуу эскертишти. Буга улай Кыргыз Республикасынын Президентинин ысырапкерчиликке бөгөт коюу Жарлыгын кошо түшүндүрүшт. Жолугушуу маалында ар кандай социалдык маселелер дагы байма-бай көтөрүлүп, көпчүлүгү жеринде эле биржаңсыл чечилди.

Баса, чек ара аймактарында жашап жаткан элдин коопсуздугун такай сактоо максатында Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Тажик Республикасынын Хистеварс айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте кайгуул-күзөттөрдү уюштурушуп, күнү-түнү кызмат өтөп жатышат. Алар элди дүрбөлөңгө салган маалыматтарды расмий тактоо зарылчылыгын дагы үзгүлтүксүз түшүндүрүшүүдө.  

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

  Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс