• Чт. 26 мая, 2022

Популярные метки

Жаңы геосаясий реалдуулук же Россия фактору…

Автор:ruh_admin

Апр 30, 2022

Россия-Украина согушу жаңы геосаясий реалдуулукту жаратты. Батыш менен Россиянын карама-каршылыгы келишкис мүнөзгө өттү. Чычкан жөргөлөп өткүс санкциялар салынды.

Россия менен көп жактан байланышта болгон, ошол эле учурда Батыштын финансы-материалдык жардамына, билим-илимине, технологиясына муктаж Кыргызстан үчүн да аябай татаал мезгил келип турат.
Россия учурда “жаралуу аю”. Кыргызстан мына ушул “жаралуу аюнун” стратегиялык өнөктөшү. ЖККУ аркылуу аскердик, Евразия экономикалык биримдиги аркылуу экономикалык, ШКУ аркылуу эл аралык алкакта келишимдер менен байланышкан.
Ошондуктан тышкы саясатта кандайдыр бир олуттуу чечимдер кабыл алынып, кадам таштаар алдында мына ушул келишимдер эске алыныш керек.
Бирок Кыргызстан жетекчилигинде ал эске алынбаган учурлар болуп жатат.
15-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зея Кыргызстанга келип кетти. Узра Зеяны ачык түрдө вице-премьер-министр, тышкы иштер министри кабыл алды. Жабык түрдө президент менен жолугушканы айтылып жатат.
Узра Зеянын сапарынан кийин 20-апрелде министрлер кабинетинин башчысы А. Жапаров Америкага учуп кетти. Сапардын максаты АКШ башкы спонсору болгон Эл аралык валюта фонду менен сүйлөшүү, Дүйнөлүк банктан 150 млн. доллар насыя, грант алуу, Камбар-Ата-1 ГЭСине инвестиция тартуу, экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жана кеңири багытта сүйлөшүүлөр өткөрүү деп аталды.
Ооба, АКШ менен кызматташуу керек. Ооба, Дүйнөлүк банктын насыясын алууга аргасыздык бар. Бирок ал кайсы учурда жасалып жатат?
Ал, жогоруда айтылгандай Россиянын АКШ баштаган батыш менен айыгышкан кармашка түшүп жаткан учуруна туш келип жатат. Ошондуктан Россия тараптан тийиштүү реакция жасала баштады. Биринчиден, Россиянын маалымат талаасында Кыргызстанга каршы чабуул башталды. Россиянын КМШ багытындагы куратору Дмитрий Козак жарыя айтылбаган сапар менен Бишкекке келип кетти. Катуу сөздөр болуп, жетекчилер абдан эле “актанганы” айтылып жатат. “Сары улактай садага” болуп Руслан Казакпаев чабылып кетти…
Кыргызстан Россия менен жогоруда аталган келишимдер менен байланышкан. Андан сырткары абдан талылуу жагдайларыбыз бар.
Биринчиден, Россияда 1 млндун тегерегинде мекендештерибиз жүргөнүн эстен чыгарбашыбыз керек. Алардын тагдыры, кызыкчылыктары, шарттары үчүн жоопкерчилик бийликтин мойнунда.
Экинчиден, Кыргызстан күйүүчү май, газ, курулуш материалдары ж.б. жагынан абдан чоң көз карандылык бар.
Үчүнчүдөн, азык-түлүк коопсуздугу да Россиянын буудайы, өсүмдүк майына көз каранды.
Төртүнчүдөн, Кыргызстан Тажикстан менен чек ара маселеси боюнча дээрлик согуштук абалда турат. Россиянын кайсы бир тарапты колдоп кетүүсү ошол тарапка стратегиялык утуш алып келиши мүмкүн.
Ошондуктан батыш менен келишимдерге баруунун мезгили туура болуш керек. Ал туура болбосо, калпыстыктарга жол берилсе тобокелчилиги оор тийиши ыктымал.
Украинага Россия жана Батыш менен жакшы мамиледе болууга эч нерсе тоскоолдук кылган эмес. Тилекке каршы, Россияны душман тутуп, Батыш деп албууттанган топтун өзүм билемдиги өлкөнү кандуу трагедияга салды.
Кыргызстан бул катачылыктан сабак алыш керек. Андайга жол бербеш керек. «Башка түшсө байтал жорго болот» деди бирөөсү. Байтал жорго силер эле болгула, элге оорчулугу тийбесин…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс