• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

 Бактыбек КАРЫБЕКОВ: “А АТАЛАР ТӨРӨЛӨ ЭЛЕК БИЗ ҮЧҮН, КАЛА БЕРДИ ТАНК АЛДЫНДА ТЕПСЕЛИП…

Автор:ruh_admin

Апр 28, 2022

Рубрика: Жеңиш оңой келген жок!

 Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандын Түштүк башкалаасынан  14 621 адам аттанган эле. Булардын чоо-жайы туурасында кабарчыбыз Ош шаардык согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлер Кеңешинин төрагасы Бактыбек КАРЫБЕКОВдон сураштырдык.

  • Бактыбек мырза, кан майданда, тактап айтканда, Улуу Ата

Мекендик согушта канчалаган жердештерибиз Мекен үчүн курман болушкан?

  • Аскер комиссариатынын маалыматына караганда, мобул Ош

шаарынан 14 621 азаматыбыз   Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик баскынчылар менен аеосуз салгылашууга аттанышкан. Булардын арасынан 3 627си окко учуп, анан дагы айрымдары таптакыр эле дайын-дарексиз жоголушкан.

  • Калганы бүт Мекенине кайтышыптыр да?
  • Ооба. Ошентип, 10994 адамга киндик аны тамган жеринин тузун

кайрадан буюруптур. Булардын арасынан 618и түрдүү даражада жараланып, ошондой эле контузияга чалдыгышкан.

  • Сиз санактагандардын арасында Советтер Союзунун

Баатырлары деле бардыр?

  •  Беш жердешибиз кан майданда каармандыктын кашкайган үлгүсүн

көрсөтүшүп, мунун натыйжасында Ташмамат Жумабаев, Иван Немцев, Дмитрий Пичугин, Александр Фуковский, Берелис Цинделис эң жогорку мамлекеттик сыйлыкка — Советтер Союзунун Баатыры наамына татышкан. Мындан тышкары жердештерибиз Михаил Бадыгин жана Абдурашид Парпиев “Даңк” ордени менен үч ирет сыйланышкан.

Эми ушул тапта Улуу Ата Мекендик согуштун төрт катышуучусу

биздин арабызда дагыле өмүр сүрүп жатышат.Булардын эң эле улуусу Самибай Артыков 102 жашта. Анна Тагунова — 99, ал эми Касымбай Жолдошев менен Салахидин Тохтобаев 95 жашты таянышты.

  • Баса, СССдин тушунда согуш ардагерлерине Өкмөт тарабынан

жеңил автоунаа жана дагы турак жай бекер эле ыроолончу. А азыр мамлекетибиз согуш ардагерлерине дегеле кандай камкордуктарды көрүп жатат?

  • Былтыр республикалык бюджеттен ар бир согуш ардагерине 90 миң

сомдон, ал эми оорукта эмгектенгендерге 15 миң сомдон акча ыроолонгон. Ал эми жергиликтүү бюджеттен согуш ардагеринин ар бирине 20 миң сомдон, а тылда иштегендерге 10 миң сомдон акчалай көмөк көрсөтүлгөн.  Менимче, быйыл деле ушундай өлчөмдөгү жардамдар сөзсүз көрсөтүлөт.

  • Бактыбек мырза, адатта согуштун жана ооруктун ардагерлерин

жыл сайын 9-майда — Жеңиш күнүндө гана бир ирет эстемей адатыбыз бар. А калган убакта буларды унутуп деле коюп жаткандайбыз?

  • Алишер, мен мындай жоромолуңузга таптакыр макул эмесмин!

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын саламатчылыгы медицина  кызматкерлеринин такай көзөмөлүндө. Кокус сыркоолоп калышса, Оштогу атайын адистештирилген ооруканада бекер гана дарыланышат.

         Согуш ардагерлеринин ар бири менен мен жеке өзүм күн сайын телефон аркылуу байланышып, ал-акыбалын сураштырып турамын. А түгүл жылына эки-үч ирет үйлөрүнө дагы атайын барып, булар менен чын жүрөктөн таза дидарлашам. Зериктирбестен муң-зарын дагы дыкаат тыңдаймын. Ошого жараша өзүнчө көмөктөшөбүз.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

         СҮРӨТТӨРДӨ: 1) Ош шаардык согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлер Кеңешинин төрагасы Бактыбек КАРЫБЕКОВ. 2), 3), 4), 5), 6), 7) Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүнөн сүртүмдөр.

         Сүрөттөр автордуку жана интернеттен алынды

 

 

 

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс