• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ БИЗНЕСМЕНДЕР МЫНДАН АРЫ ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ АЛЫШАТ

Автор:ruh_admin

Апр 27, 2022

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу  Өкүлү Абдыкарим Алимбаев “Жеке жана каржылык секторду ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында Каржы министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын жыйын өткөрдү.

Чогулушта “Жеке жана каржылык секторду ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында берилүүчү пайызсыз насыянын шарттары туурасында маалымат таратылды. Бул долбоордун негизги максаты — таажы илдетинин кесепетинен улам жаралган оор экономикалык абалда ишкерлерге көмөк көрсөтүү менен жумуш орундарын сактап калуу болуп саналат. Ошондой эле бул долбоорго катышуу үчүн талап кылынган эки категориядагы критерийлер каралган. Булар — жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер. Жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.

Ал эми долбоор тарабынан берилүүчү каржылык жардамдын суммасы:

1-категория үчүн- 250 000 сомго чейин, ал эми 2-категория үчүн- 1 000 000 сомго чейин. Негизинен бизнес өкүлдөрү  аталган суммалар боюнча пайызсыз 18 айга чейин насыя алышат. Башкача айтканда үстөк пайыз кошулбай, негизги сумманы гана кайтарат.

Бул иштерди максаттуу аткаруу үчүн Баткенде «Айыл банк», «РСК банк», «ФинансКредитБанк», «Кыргызстан коммерциялык банкы», «Борбордук Азиялык Капитал банкы», «Халык Банк Кыргызстан», «Керемет банк», «Дос-Кредобанк», «Бакай банк», «Кыргызкоммерцбанк» банктары менен атайын келишим дагы түзүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

   Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс