• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛЕРДИ КАРМОО МААЛЫНДА ОК АТЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Апр 27, 2022

БАТКЕН. Тажикстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүк алып кирүүгө аракет жасаган жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аткезчилик менен кармалган Кыргызстандын жараны алгач чек арачылардын токтотуу аракетине баш ийбей качып жөнөгөндө эскертүү иретинде асманга ок атылды. Ушундан кийин автоунаанын дөңгөлөктөрүнө дагы ок атылып, анан токтотулган. Текшерүү маалында бир жарым тонна жаңгак, нават, суусундук жана кыям табылып, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.  Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташууга аракет кылып жатышкандыгын ушул жылдын 24-мартыеда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев ачыктаган. Ал Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жаткандыгын дагы кошумчалаган.

Март айынын соңунда Кыргыз Өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салган.  Мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк баасын турукташтыруу максатында гана кабыл алынган. Министрлер кабинетинин токтому менен алты айга ЕврАзиялык экономикалык биримдигинин аймагынан тыш жакка буудай, ун, өсүмдүк майы, кумшекер, күн карама уругу жана жумуртканы экспорттоого чектөө киргизилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

   Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс