• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

ОРУС-УКРАИН СОГУШУ ЫРБАДЫ

Автор:ruh_admin

Апр 13, 2022

Март айынын соңунда Түркиядагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Москва менен Киев тынчтык келишимге жакын деген ишеним, үмүт пайда болгон эле. Тилекке каршы үмүт акталбады. Ишеним калбай калды. Баары татаалдашып кетти, согуш ырбап баратат.
Түркиядагы сүйлөшүүлөрдөн соң Украина Крым, Донбассты жоготуусуна кайыл болуп, нейтралдуу мамлекет статусун алуу менен тынчтык келишимге барчудай болгон.
Россия Новороссия долбоорунан, жалпы Украинаны өзүнө каратуу максатынан баш тартып, Крым, Донбассты алуу, Украинанын нейтралдуу мамлекетке айлантуу менен согушту токтотмок болгон эле.
Бирок бул ишке ашпай калды. Түркия да ортомчулук кылуу аракетин дээрлик токтотту.
Россиянын азыркы согуштук аракеттери Луганск жана Донецк облустарынан сырткары Херсон, Запорожье, Днепр, Харьков, Одесса облустарын да ээлеп алууга багытталганы байкалат. Чоң күчтөрдү топтоп жатат. Херсондо ХНРди түзүү аракеттери өтө чоң шойкомдон кабар берет.
Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Боррелдин «Украинада маселе согуш талаасында чечилиш керек» деген билдирүүсү эмнени билдирет? Согуш, согуш, согуш дегенди билдирет. Ошого жараша АКШ, Британия жана Европа Биримдигине кирген мамлекеттер Украинага аскердик, финансылык ж.б. жардамдарды ченемсиз берүүгө киришти.
Орус-украин согушу Россия менен жалпы Батыштын айыгышкан тирешүүсүнө, алсыраткан санкциялык согушуна айланды. Эки ортодо ок атуудан башка баары жасалууда. Капыскы бир жаңылыштыктан соккулар урулуп, анын аягы ядролук согушка айланып кетпейби деген чочулоо күчөп баратат.
Эч бир тараптын ымалага келейли деген түрү байкалбайт. Ортомчулардын да деми сууп калды. «Өрдөк жокто чулдук бий» болгон Австриянын өкмөт башчысы Карл Нехаммер Москвага сөгүнүп келип, сөгүнүп кеткендей эле түр калтырды. Же дипломатияга, согушту токтотуу багытында (ачык айтылбаган) сунуштарга да орун берилди бекен?…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс