Жеймс Ландейл, дипломатиялык кабарчы

Украинадагы согуш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Согуштун туманы каптап жаткан чакта алдыда турган жолду көрүү кыйын болушу мүмкүн. Согуш талаасынан келген жаңылыктар, дипломатиялык ызы-чуулар, аза күткөндөр менен качкындардын сезимдери; мунун баарын көтөрүп жүрүү оор. Келгиле, бир саамга токтой туруп, Украинадагы жаңжалдын уландысы кандай болоруна ой жүгүртүп көрөлү. Саясатчылар менен аскердик план түзүүчүлөр караштырып жаткан кандай сценарийлер болушу ыктымал? Келечекте эмне болорун аз эле адам ишенимдүү айта алышы мүмкүн, бирок ыктымалдуу жолдордун айрымдары жөнүндө төмөндө сөз кылабыз. Алар көбүнесе кайгылуу.

1. Кыска согуш

Мындай сценарий боюнча, Орусия аскердик операциясын күчөтөт. Украина боюнча башаламан артиллериялык жана ракеталык сокку урулат. Орусиянын аба күчтөрү — азырынча чоң оюн кыла элек — кыйратуучу соккуларга өтөт. Украина боюнча массалык кибер чабуул уюштурулуп, негизги улуттук инфраструктураларды бутага алат.

Энергетика жана байланыш тармактары өчөт. Миңдеген жай тургундар каза болот. Эр жүрөктүк менен каршы турганына карабастан, Киев бир нече күндүн ичинде кулайт. Өкмөткө Москваны колдогон куурчак режим келет. Украинанын президенти Владимир Зеленский киши колдуу болот же качып кетет. Качканда Украинанын батышына же чет өлкөгө барып, бозгундагы өкмөттү негиздейт.

Орусиянын президенти Владимир Путин жеңишти жарыялап, айрым күчтөрүн чыгарып кетет да, абалды көзөмөлдө кармап туруу үчүн жетиштүү аскерлерди калтырат. Жүз миңдеген качкындар батышты көздөй кете берет. Украина Беларуска кошулуп, Москвага көз каранды өлкө болуп калат.

Мындай жыйынтык болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, бирок ал бир нече факторлордон көз каранды болот: Орусиянын күчтөрү жакшыраак аракет кылат, куралдуу күчтөрдүн көбү тартылат жана Украинанын өзгөчө бекем аскердик деми түшөт.

Путин Киевде бийликти алмаштырууга жана Украинанын батышка кошулуусуна чекит коюуга жетишүүсү ыктымал. Бирок орусиячыл өкмөт мыйзамсыз болуп, козголоңго туруштук бере албашы мүмкүн. Натыйжада туруксуздук өкүм сүрүп, жаңжал чыгып кетүү ыктымалдыгы кайрадан эле жогору болот.

2. Узак согуш

Бул сценарийде, согуш көпкө созулуп кетиши мүмкүн. Балким, орус күчтөрү чырмалышып, моралдык деми төмөндүгү, начар логистика жана иш билбес жетекчилик аларга тоскоол болот.

Киев сыяктуу шаарларда коопсуздукту көзөмөлгө алууга көбүрөөк убакыт керектелиши мүмкүн. Киевде коргоочулар көчөмө-көчө согушуп жатышат. Курчоого алуу көпкө созулат. Мындай согуш 1990-жылдарда Чеченстандын борбору Грозныйды колго алып, кыйратуудагы катаал жана узакка созулган согушту эске салат.

Орусия Грозныйды басып алган кездеги чечендер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орусия Грозныйды басып алган кездеги чечендер

Ал тургай, орус күчтөрү Украинанын шаарларына бир аз кирген болсо да, аларды көзөмөлдө кармап тура албай кыйналышы ыктымал. Орусия мындай чоң өлкөнү кармап туруу үчүн жетиштүү деңгээлде аскерлерди камсыздай албашы дагы мүмкүн.

Украинанын коргонуу күчтөрү жергиликтүү калктын дем-күчүнө жана колдоосуна ээ болгон натыйжалуу козголоңчуларга айланат. Батыш курал-жарактар менен жабдууларды берүүнү улантат.

Мындай болгондо, көп жылдан кийин Москвадагы жаңы жетекчилик орус күчтөрүн Украинадан чыгарып кетет. Бул исламчы козголоңчулар менен он жылдай согушкандан кийин жараланган, кан жалаган абалда 1989-жылы Афганистандан чыгып кеткен совет аскерлеринин эске салат.

3. Европа согушу

Бул согуш Украинанын сыртына жайылышы мүмкүнбү? Путин НАТОнун мүчөсү болбогон Молдова жана Грузия сыяктуу пост-советтик өлкөлөргө аскерлерди жиберүү менен Орус империясынын мурдагы бөлүктөрүнө ээ болгусу келиши мүмкүн.

Бул жөн гана туура эмес болжоодон же кырдаал курчушунан улам болушу ыктымал. Путин Батыштын Украинага курал-жарактарды берүүсүн агрессия акты деп таап, өч алууга барат. Ал деңиз жээгиндеги эксклавы Калининградга кургак жерден коридор алуу үчүн Литва сыяктуу НАТОго кирген Балтика өлкөлөрүнө аскерлерди жөнөтөм деп коркутушу мүмкүн.

Харьков

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Харьков мэриясынын жанындагы аянт дагы орус күчтөрүнүн аткылоосунан талкаланган

Бул аябай кооптуу жана тобокелчиликке толо НАТО менен согушка алып келет. Аскердик альянстын 5-беренесине ылайык, анын бир эле мүчөсүнө кол салуу, бардык мүчөлөрүнө кол салуу менен барабар. Бирок бул өз тактын сактап калуунун жападан жалгыз жолу болуп калса, Путин мындай согуштан кайра тартпашы мүмкүн.

Ал Украинадан жеңилүү ызасына туш болсо, кырдаалды андан ары курчутуу азгырыгына алдырышы дагы ыктымал. Орус президенти илгертен бери келаткан эл аралык нормаларды бузууга даяр экенин эми билип калдык. Ушул эле логика, анын өзөктүк куралдарды колдонууга даярдыгана дагы тиешеси бар.

Бул аптада Путин өзөктүк күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирди. Көптөгөн аналитиктер аларды колдонуу ыктымалдыгынан же сөзсүз болорунан шектенип жатышат. Бирок ал Орусиянын коргонуу доктринасы, тактикалык өзөктүк куралды согуш талаасында колдонуу ыктымалдыгына жол берерин эскерткендей болду.

4. Дипломатиялык жол

Мунун баарына карабастан, кырдаалдан чыгуунун дипломатиялык жолу дагы болушу мүмкүнбү?

“Азыр курал сүйлөп жатат, бирок диалогдун жолу ар дайым ачык бойдон калышы керек”, — деген БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш. Диалог албетте уланат. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Путин менен телефондон сүйлөштү. Дипломаттар “сезгичтер” Москвага тартылып жатканын айтышууда.

Таң калыштуусу, Орусия менен Украинанын расмийлери Беларуста сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жолугушту. Алар маселени көп деле ордунан жылдыра албашы мүмкүн. Бирок сүйлөшүүлөргө макул болуу менен, Путин жок дегенде ок атышууну токтотуу ыктымалдыгын кабыл алган өңдүү.

Башкы суроо — Батыш, дипломаттар айтмакчы, “негизги жолдон чыгуу” сунуштай алабы? Америкалыктардын тилинде, “off ramp” — чоң жолдон чыгарган жантайманы билдирген термин. Дипломаттардын айтымында, орус президенти Батыштын санкцияларынан чыгуу үчүн эмне керек экенин билүүсү маанилүү.

Бул сценарийди карап көрүңүз. Согуш Орусияга чоң зыян алып келет. Санкциялар Москванын тынчын ала баштайт. Сөөк салынган табыттар мекенине келген сайын, элдин каршылыгы күчөй берет.

Путин чайнай алгыдай нерсени тиштеп-тиштебегенин ойлоно баштайт. Ал согушту токтотуунун ызасына караганда, согушту улантуу анын бийлигине чоңураак коркунуч келтирет деп ойлойт. Кытай кийлигишип, Москвага мунасага кел деп басым жасайт. Эгерде кырдаалды басаңдатпаса, анда Орусиянын мунайын жана газын сатып албасын айтып эскертет.

Ошентип Путин абалдан чыгуунун жолун издей баштайт. Аңгыча Украинанын бийлиги өлкөсү кыйрап жатканын көрүп, адам өмүрүн жоготууга караганда саясий мунаса жакшыраак деген бүтүмгө келет. Анан дипломаттар чыгып, келишим түзүлөт.

Украина, айталы, Орусиянын Крымдын жана Донбастын айрым бөлүктөрүнүн үстүнөн бийлигин тааныйт. Өз кезегинде Путин дагы Украинанын эгемендигин жана анын Европа менен байланышын тереңдетүү укугун кабыл алат. Мындай болушу мүмкүн эместей. Бирок мындай сценарий кандуу согуштун калдыктарынан суурулуп чыгышы толук ыктымал.

5. Путин бийликтен кулайт

Анда Владимир Путин эмне болот? Качан ал Украинага басып кирүүнү баштаганда, — “биз бардык кесепеттерге даярбыз”, — деп жар салган эле.

Кесепет — анын бийликтен кулашы болуп калсачы? Сандырак ойдой көрүнүшү мүмкүн. Бирок, соңку күндөрдө дүйнө өзгөрүп, мындай сценарий дагы азыр ойго келе баштады.

Лондон Королдук коллежинин аскердик изилдөөлөр боюнча ардактуу профессору Лоуренс Фридман, бул аптада мындай деп жазып чыкты:

“Азыр Киевдегидей эле, Москвада дагы режим алмашуусу ыктымал”.

Москва

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинага Орусиянын кол салуусуна каршы Москвадагы митингде полиция тарабынан кармалган киши

Ал эмнеге минтип айткан болушу мүмкүн?

Путин кыйратуучу согушту көздөшү мүмкүн. Анда миңдеген орус жоокери өлөт. Экономикалык санкциялар катуу сокку урат. Путин элдин колдоосун жоготот. Элдик революция чыгып кетүү коркунучу дагы бар. Ал андай каршылыкты басып туруу үчүн ички коопсуздук күчтөрүн пайдаланмакчы. Бирок абал өзгөрүп, Орусиянын аскердик, саясий жана экономикалык элитасынын жетиштүү сандагы мүчөлөрү ага каршы чыгат.

Батыш үчүн Путин кетип, ордуна чектен чыкпаган лидер келе турган болсо, анда Орусияга каршы айрым санкциялар алынып, кадимки дипломатиялык  мамилелер калыбына келиши мүмкүн экенин айтат.

Хан сарайда кандуу төңкөрүш орун алып, Путин кетет. Азыр мындай нерсе болору күмөндөй туюлушу мүмкүн. Бирок Путиндин пайдасын көргөндөр, эми президент алардын кызыкчылыгын коргоп жатканына ишенбей калуусу дагы толук ыктымал.

Корутунду

Бул сценарийлер ар бири өз алдынча ишке ашат деп айтууга болбойт. Ар кандай жыйынтыкка жетүү үчүн, алардын айрымдары айкалышып кетүүсү да мүмкүн. Бирок бул жаңжал кайсы багытта өнүкпөсүн, дүйнө өзгөрдү. Ал мурдагы калыбына кайтып келбейт.

Орусиянын тышкы дүйнө менен мамилеси башкача болот. Европалыктардын коопсуздукка болгон мамилеси өзгөрөт. Башынан эле керек болгон, эл аралык эрежеге негизделген, либералдык тартип кайрадан каралып чыгышы мүмкүн. (EA)

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c72lj2kpmyno?fbclid=IwAR2lrcA86DgadCE4lSFjVOf4FDb0XTpfVFmUSeBsg4g9KjkutCMZRFbRxzI