• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

ЯТИМОВ ЖЕ ЖЕТИМОВ ГЕНЕРАЛ ИСАКОВДУ ОКУ

Автор:ruh_admin

Янв 31, 2022

Ятимовго же кыргызча айтканда Жетимовго генерал Исмаил Исаковдун маалыматын жеткирип коюш керек.

Тажикстандын атайын кызматынын башчысы, чек ара боюнча башкы сүйлөшүүчү генерал Ятимов кыргыз тарапка абдан көп кине коюп, тажик маалымат каражаттарына маалымат бериптир. Анда кыргыз тарап мурда түзүлгөн келишимдерди аткарбай жатат, ошонун айынан чатактар чыгып жатат дептир.
(Ооба, чындыгында эле биз өзүбүз кол койгон келишимдерди абдан дыкат иликтеп, анализдеп, карап, талдап чыгышыбыз керек. Ал биздин ички ишибиз. Бирок, ал эл аралык аренада мамлекеттин аброюна таасир эте турган иш. Анткени эл аралык аренада берген сөзүңдү, кол койгон келишимиңди аткара албасаң ишенимден кетесиң…)
Бирок, “өзүңдүн башыңдагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөсүң” дегендей, Ятимов Кыргызстанга кине же айып коюп жатып, өздөрү тараптан кетирген кемчиликтерди унутуп кетиптир. Аны, Ятимов менен сүйлөшүп жаткан кыргыз тарап эсине салып коюш керек эле. Ятимовдун күпүлдөгөнүнө караганда жана кыргыз тараптын №39 протоколду аткарабыз деп калганына караганда эскерткен эместей .
Биз аны генерал Исмаил Исаковдун жакында эле жарыялаган макаласы менен эскертип, Ятимовдун эсине салабыз. Генерал Исмаил Исаков минтип жазат:
-Көпчүлүктүн башын маң кылып, элди эки жээкке бөлгөн “275 м жол тилкесин берип коюунун” түбү А. Акаевдин мезгилине барып такалат.
Эки миңинчи жылдардын башында Тажикстанда энергетикалык кризис күчөп, эли кыйналып жаткан учурда тажик президенти Э. Рахмон, Айгүль-Таш-Канибадам электр линиясын тартууга бел байлап, Акаевден жер бөлүп берүүнү сурайт. Анын ордуна, биздикилер Баткендин элине жолдон тоскоолсуз өтүүнү камсыз кылып берүүнү сунуштап, деталдарын иштеп чыгууну эки президент өз өкмөттөрүнө тапшырышат.
2004-жылы 21-майда Ходжент шаарында эки өлкөнүн Премьер — Министрлери Н.Танаев менен А. Акилов жолугушуп, ЛЭП (Айгүль-Таштан Канибадам тарапка) жана жол салуу үчүн (Ош-Исфана жолундагы Сурх айылынын түндүгүнөн эстекадалык жол өткөөлдөрү үчүн) эки тараптан теңбири-бирине жер бөлүп берүүнү макулдашышат. Анын алкагында 16-июлда №207 токтомунун негизинде ошол учурдагы Баткендин губернаторы А. Шадиев жергиликтүү бийликтердин уруксаты жок, Баткен шаарынын эсебинен суулуу жерден – 10 га, жайыт жерден – 30 га, жеке менчик сугат жерден — 4,4 га, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жайыт жеринен – 60 га берүүгө чечим чыгарып берет. Ошентип, биз тараптан бөлүп берген жердин жалпы аянты – 104,4 га, узундугу – 19 км түзөт. 25 – октябрда Танаев өзүнүн № 682 Р буйругу менен биринчи вице-премьер-министр К. Жумалиевге келишим түзүүгө жана өкмөттүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берет.
2004- жылдын 3-декабрында тажик Президенти Э. Рахмон, бизге аянты 5 га жерди Ош-Исфара жолунан жол участагын салууга руксат берүү үчүн өзүнүн № 481 Токтомуна кол койот.
2005-жылкы март революциясынан кийин Н.Танаев, К.Жумалиевдер даярдаган келишимге, 18-майда Душанбеге расмий визит менен барган К.Бакиев кол койот. Келишимдин 1-статьясында жогоруда айтылгандай жол кайсыл жерден өтөрү жазылса (Сурхтун түндүк тарабынан), анын 5-статьясы боюнча биздин жер, тажик туугандарга 49 жылга арендага берилип, аренда баасы жылына 1 долларга символикалык түрдө бааланат. Алардын 3,5 км, аянты болгону 5 га жери дагы, бизге 49 жылга арендага берилип, жылдык аренда баасы биздикиндей эле 1 долларга бааланат.
2006-жылы 13-сентябрда премьер-министр Ф. Кулов, № 428 токтомунун негизинде 18-майда Душанбе шаарында кол коюлган келишимди Ратификациялоого Жогорку Кеңешке өкмөттүн атынан киргизип, 26 — декабрда ратификациядан өткөрөт. Тажик тарап келишимди ратификациядан өткөргөндөн кийин ЛЭПти салышат дагы ар кандай шылтоолор менен бизге жол салууга тоскоолдук кылышып, маал-маал чыр чыгарып, убакытты созушат…
Кезинде Коопсуздук кеңештин катчысы, коргоо министри болгон, кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөргө тиешеси болгон генерал Исмаил Исаков ушинтип жазган.
Генерал Исмаил Исаков жогоруда эскерткендей Ятимов жана анын мамлекети Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди же протоколду аткарбай коет…
Эми, Ятимов жана Эмомали Рахмон кыргыздар мурдагы келишимдерди аткарбай жатат деп, өздөрүнө ыңгайлуу жана пайдалуу №39 протоколду жүзөгө ашырууга абдан катуу киришип жатышат. Ал протоколду турмушка ашыруу Кыргызстан үчүн абдан опурталдуу.
Тажик тарап №39 протоколдун негизинде Ворух-Кожо Аьлого коридор алууну көздөйт. Бул алардын эң башкы жана стратегиялык максаты. Ошон үчүн Ятимов минтип жазып жатат:
Дорога в Ворух
Дорога в Ворух является главным вопросом в решении пограничного конфликта между двух стран и стороны неоднократно подписывали протоколы по решению этого вопроса, но Кыргызстан всегда нарушает договорённости и не выполняет обещаний.
Ворух-Кожо Аьлого коридор берүү Кыргызстан үчүн катастрофа. Анткени мына ушул участокко тажиктердин тумшугун тыгып алуусу, Ворух менен Исфара ортосунда коридордун пайда болушу, Кыргызстандын кескиленишине –Лейлек менен Сүлүктүнүн анклавга айланышына алып келет.
Эми ошол Ятимов түртүп жаткан, Ташиев менен Ятимов 2021-жылы май айында кол койгон №39 протоколдон үзүндү келтирсек:
Последний протокол
После вооружённого конфликта в конце апреля 2021 года, где погибли более 50 человек с обеих сторон, стороны подписали новый протокол и договорились, что новая объездная автодорога будет построена за счет двух стран, а таджикская сторона будет ее использовать и содержать.
«Стороны совместно построят дорогу, и таджикская сторона будет использовать и содержать автомобильную дорогу Ходжаи Аъло-Ворух в объезд по восточной стороне населённого пункта Танги (Капчыгай).
Статус данной автодороги будет определяться отдельным государственным соглашением двух стран», — говорилось в распространенном 5 мая совместном заявлении правительственных делегаций Таджикистана и Кыргызстана.
В заявлении также отмечалось, что топографическим рабочим группам было поручено совместно с проектными организациями до 1 июня 2021 года провести полевое обследование данного участка на землях «практического использования Баткенского района».
Сегодня, 29 января 2022 года по итогам переговоров после очередного конфликта, главы ГКНБ двух стран договорились на деле реализовать именно этот протокол. Реализация данного протокола в прошлом году была сорвана кыргызской стороной.
Биз үчүн бул катастрофа. Анткени Ворух менен Кожо Аьлонун туташуусу менен Лейлек, Сүлүктү тарап чыныгы анклавка айланат. Дакансалар жана дакансабашылар муну түшүнөбү? ( Чындыгында алардын айырмасы деле жок. Деңгээлдери бирдей)…
275 метр боюнча 2009-жылы кол коюлган протокол боюнча ызылдап жаткан С. Жапаров башындагы бийликтегилер мына ушул №39чу протоколго көңүл буруш керек. Мына ушул протоколду турмушка ашыруу Лейлек менен Сүлүктүнүн анык анклав болушуна алып келишин эске алыш керек. Анткени Ворух менен Кожо Аьлого коридор берилиши менен Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу да күмөндүү болуп калат. Анткени бул жол Ворух-Кожо Аьло жолун кесип өтүш керек болуп калат…
Адахан Мадумаров го талаштуу делген, тажик тарап көзөмөлдөп турган жерди 49 жылга ижарага алып, кыргыз жарандарынын үзгүлтүксүз каттоосун камсыз кылып койгон экен. Чек аранын аныкталышына кийлигишпей туруп.
Булар эмне кылып жатат?
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс