• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

НПО деген эмне?

Автор:ruh_admin

Янв 29, 2022

Бул жөнүндө өтө көп сөз кылууга болот. Бирок, мен бул түшүнүктүн маанисин жеткирейин деген катмардын деңгээлин эске алып өтө жөнөкөй, дакансачыл тил менен жазууга аракет кылайын.

НПОнун кыргызчасы өкмөттүк эмес уюм. Пайдага жана саясатка умтулбаган адамдардын тобу. Мисалы, эртең мен өлүп калсам, бир күнү өлөрүм ачык да, балдарым түзүк чыкса, менин атымдан фонд же коомдук бирикме түзүшөт. Менин калтырган мурастарымды элдин эсине салып туруш үчүн. Андай фонддордон, коомдук бирикмелерден Кыргызстанда 10 000 ден ашык катталган. Ошонун баары — НПО.
Бу жумуру баш адам баласын Аллах Таала ар кандай кызыкчылыктар, ар кандай жөндөмдөр менен жаратыптыр. Мисалы, Турсунбай акам менен Өзбек ажы аялдарды жакшы көрөт, Хашим досум чөп-чар менен сүйлөшөт, Шайлообек Атазов иним грушаны бокстап, спортту жакшы көрөт, Чолпонбай досум ат минип турбаса жинди болуп кетет, Майрамбек Осмонов досум шакаба чегип элди күлдүргөндөн рахат алат, Бабур Тольбаев тууганым чуркаганды жакшы көрөт, 30 жылдан бери куданын куттуу күнү тартаңдап чуркайт, Нурлан деген досум темир-тезекке жакын, темир ширетмейин жашоосунун маңызы жок, Съезбек досум көп балалуу болгонду жакшы көрөт. Азыр тогуз баласы бар. Бул чек эмес деп турган чагы. Иши кылып ар кимиси ар кандай. Ар кимиси өз кызыкчылыгына жараша коомдук уюм тузүп алышкан. Мисалы, Хашим Зейналиев “Элдик дарыгерлер” коомунун төрагасы, Съездбек Таштакеев Шахмат Федерациянын Төрага орун басары, Бабур Тольбаев жетектеген коомдук уюмдардан өзүнүн деле башы айланып калды болуш керек.
Осмон Сурапбаев деген досум бар. Ал “Кара-Суу” коому, “Адигине” коому, “Мөнөк” коому жана башка бир нече коомдордун жетекчиси. Ушул коомдордун баары — НПО.
Муфтиятың — НПО, ар кандай урууулардын коомдору — НПО, дааватчыларың – НПО.
Дүйнөдө кызыкчылыгына жараша коомдук уюмдарга биригип алышкан миллиондогон НПОлор бар. Мышыкты сүйүүчүлөр, чочкону сүйүүчүлөр, жалгыз жашаганды жактыргандардын уюмдары, кызтекелердин бирикмелери, айта берсе толтура. Мисалы, Бишкекте итти сүйүүчүлөрдүн коомдук уюму бар. Былтыр Жамалбек Ырсалиев вице-мэр болуп турган кезинде жолбун иттерди аттырат бул деп митинг кыла берип, чачын агартышкан.
Биздин улакчыларыбыздын, көк-бөрүчүлөрүбүздүн ассоциацияларынын баары НПО.
Азыркы Ажо Садыр аба камакта жатканда түзүлгөн Жапаровду колдоо уюмдары, кыймылдары — баары НПО.
Кыргызстанда 2 000 жакын мечит курулду. Ошонун 100 пайызы НПОлордун жардамы менен салынды.
“Таза суу” деген долбоор менен жүздөгөн айылдарга суу чыкты. Ошолордун баары чет өлкөлүк НПОлордун жардамы менен ишке ашты.
Гендердик теңчилик, адам укугу, ММКны колдоо, экология, айыл чарбасы жана башка тармактарга чет өлкөлүк донор агенстволордон миллиондогон гранттар келип жатат. Социалдык чыңалууну ошол каражаттар басаңдатып турат.
“Али Токтакунов хабы”, Темиров каналы жана башка бир нече мекемелер чет өлкөлүк медианы колдогон НПОлордун каражаты менен иштейт. Эгер булар саясатчылар эмес, катардагы бир бечараны, карапайым кетменчини алып чыкса, эл гана ызы-чуу болбосо, бийлик кабак бүркөп коймок да эмес.
Болот бир кишинин безине сайып алды болгону. Ошол эле.
Бир кездерде Атамбаев Батыштын НПОлорусуз жашайбыз деп шарт кесе айта салып, мамлекетти миллиондогон гранттардан кур калтырган. Эми ошол Батыштын укук коргоо уюмдары жардам берер бекен дегенде эки көзү төрт болуп, түрмөдө отурат.
НПОлорсуз мамлекет жашай албайт. Гана эми сырттан каржыланган НПОсу жок, кудуреттүү мамлекет болсок.
Бийлик бир жагынан бюджетибиз профицит менен чыкты деп алып, кайра бюджетибизге тыйын бер деп чет өлкөлөрдөн кайыр сурап отурат.
Бүгүн карантинге чыгып, чымынды да жолотпой отурган Садыр Жапаров жакында Кытайга барат. Жалгыз лыжачынынын лыжа тепкенин көргөнү бармак беле, акча сураганы барат. Реалдуулук ушундай.
НПО, НПО деп ач айкырык салганыбыз бөрү арыгын билгизбей, жүнүн үрпөйтөт дегендей эле. Кайра эле ПРООН, ЮСАИД, JAIKA, Ага Хан, Хельветас, АКТЕД сыяктуу абройлуу эл аралык НПОлордон акча сурап отурабыз.
Туалетти да өзүбүз сала албай чет өлкөнүн грантына куруп, аны чоң курсак чиновниктерибиз барып салтанаттуу ачып жаткандан кийин ахыбалыбыз белгилүү да.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс