• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

ЛЕЙЛЕКТЕ АТКЕЗЧИЛИК ЖҮК КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Янв 29, 2022

БАТКЕН. УКМКнын Мамлекеттик Чек ара кызматына караштуу Лейлек чек ара отрядынын, УКМКнан жани ИИМдин кызматкерлери мыйзамсыз ташылып бараткан аткезчилик жүгүн кармашты.

УКМКнын Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Арка-Борбордук автоунаа жолунун боюндагы кампалардын биринен Кыргыз жарандары 1993-жылы туулушкан Б.Т. жана Н.Н. кармалышты. Анткени, аларга таандык кыргыз номерлүү эки Мерседес-Бенц Спринтер автоунаасы жана Тажик номерлүү Опель-Зафир автоунаасы ушул кампанын жанында турушкан. Бул техникаларды тинтишкенде, ичинен аткезчилик жүгү — 1100 кило өсүмдүк майы эч кандай документсиз табылды. Мынча жүктү Кыргыз жарандары Тажикстанга жөнөтүүгө аракеттенишкен.

Ошентип, аталган аткезчилик жүгүнө тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, кармалган жүктөр жана эки өлкөнүн жарандары жергиликтүү укук коргоо органдарына дароо өткөрүлүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс