• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫДА АБАЛ ТЫНЧ

Автор:ruh_admin

Янв 29, 2022

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Адыкарим Алимбаев, Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев жана укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте Тажикстандын Согдий облусунун губернатору Раджаббай Ахмадзода, алардын чек ара өкүлү генерал-майор Х.Пиракзода жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Өз ара сүйлөшүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүдөй Келишимдерге кол коюлду.

— ок атууну толугу менен токтотуу;

— эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;

— Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу;

-чыр-чатактардын мындан ары күчөп кетпөөсүн алдын-алып чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу. Эки Өлкөнүн расмий делегациялары, ошентип, чыр-чатак орун алган Төрт-Көчө жерлигине келишти. Баткен-Исфана авто жол каттамы эч кандай тоскоолдуксуз каттамдар жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы соңку саатарда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандык, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу жкендигин маалымдады. Кыргыз Республикасынын УКМКсынын мамлекеттик Чек ара кызматы кырдаалды үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс