• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Ворухтун жашоочулары кыргыздар менен согушту каалабай тургандыктарын айтышууда

Автор:ruh_admin

Янв 28, 2022

Биздин Баткендеги маалымат булагыбыз 27-январдын кечинде Тажикстан тарабынан башталган чагымчылдык кимдер тарабынан уюштурулуп, кандай максатты көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат жиберди.

 

Анда «Тажикстандын куралдуу күчтөрү оор ок атуучу техникаларын чек ара аймактарына алып келип, жергиликтүү эл арасын дүрбөлөңгө салууда. Бул тууралу өз атын атагысы келбеген тажик жаранынын билдирүүсүн Ворух маалымат агенттиги жарыялаган»,- деп айтылат.

«Биз кыргыз-тажик конфликтин каалабайбыз.Эмомоли Рахмондун үй-бүлөлүк бащкаруусун сактап калуу үчүн курман болгубуз келбейт. Бийлик элди алаксытуу үчүн атайын чагымчылдык кылууда. Мунун аркасында Рахмондун бийлиги турат. Кыргыздар менен согушмак тургай , чыр- чатакты биз каалабайбыз. Ансыз да тажикстандагы кымбатчылык, оор жашоо жетишет. Россияга Ворух айылынан 70-80 пайызы көчүп кеткен. Айыл ичинде наркотика колдонгон аскерлер толуп кетти. Коркуп жатабыз. Бул токтош кере»,- деп  Ворух жаңылыктары интернет басылмасы жарыялаган.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышка байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн, тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган штаб түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, чек арадагы окуяга байланыштуу атайын комиссия дагы түзүлөт.

Атайын кызматтын башчысы учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалады.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс