• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

ОШ ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ З. ЖАМАЛДИНОВ: “ЖУМУШ ОРДУНДА ЖОК АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНА МЫНДАН АРЫ ЧАРА КӨРҮЛӨТ!”

Автор:ruh_admin

Янв 27, 2022

ОШ. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Сары-Колот Айыл Өкмөтүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн өзү жеринде эле күтүүсүздөн текшерди.

Капыстан текшерүү маалында Сары-Колот Айыл Өкмөтүнүн башчысы жана аталган Айыл Өкмөттүн жооптуу катчысы жумуш ордунда жок экендиги ырасталды.

«Мага Сары-Колот Айыл Өкмөтүнүн тургундары “Айыл Өкмөтүнүн башчысын жумуш убагында таппайсың!” — деп атайын кайрылышкан. Мен бул маселенин чын, же жалган экендигин өзүм жеринде текшерүү үчүн моминтип  атайын Оштон келип көрдүм. Чындыгында, мен келгенде Айыл Өкмөт башчысы жана Өкмөттүн жооптуу катчысы жумуш ордунда жок болуп чыкты. Бирок, мага Айыл Өкмөт кызматкерлери Өкмөт башчы менен жооптуу катчыны жумуш менен районго кеткендигин айтышты. Биз муну дагы дыкаат териштиребиз, эгерде, чынында иш убагында жумушка келбей жатканы аныкталса, анда сөзсүз катаал чара көрөбүз! – деп ишендирди Ош облус башчысы Зиядин Жамалдинов.

Ошондой эле Ош облусунун башчысы мындай күтүүсүз текшерүүлөр мындан ары Ош облусундагы башка Айыл Өкмөттөрүндө дагы тымызын жүрөт деп кошумчалады.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Фотосу автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс