• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Кудай дагы бир апааттан элибизди сактай көр!

Автор:ruh_admin

Янв 22, 2022
Бизге, кыргыздарга, жогортон карап мазактап, мактанып, Ай чапчып жүргөн, Кудай берген бекер кен-байлыктарга мас болуп алышып көпкөн казак туугандарыбыз ушул жыл башталып жатканда эле кан кусуп, бири-бирин кырып жатып калышты. Себеби эмнеде? Ар кандай версияларды айтышып, серепчи болумуштар элдин башын айлантып бүтүштү. Менимче, кечээги «Казак трагедиясынын» келип чыгышынын бир эле себеби бар! Бул — Назарбаевдин жекече бийлиги! Анын жийиркеничтүү амбициясы ооруга айланып калган эгоистиги! Уй-бүлөсү менен, жакын санаалаштарын айлана — чекесине топтоп алып өз элин ырайымсыз тоноп киргендиги. Бул абдан чоң кылмыш! Кудай бар экен, Нурсултан мырзаны эки күндө эле карапайым калк ордуна коюп койду! Бирок, аттиң көп кан төгүлүп кетти! Бийликтин кумарына батып алган казак бийлиги, колунан «берекени» чыгаргысы келбей, шерменде болуп ЖККУну дагы мыйзамсыз пайдаланып жиберди! Эми ушундай тарыхый окуялардан биз, кыргыздар, бир сабак алышыбыз керек го? Кандай дейсиздер?

Жок эч кандай сабак албаптырбыз ! Президент Аскар Акаев 15 жыл үй-бүлөсү менен тайраңдап жашады. Өндүрүштү, айыл-чарбаны Батыштын кыйраткыч «Песак» программасына байлап берип, өзүнө жакын кишилерине ит бекер таратып жиберди. Кен-байлыктарды ( Кумтөрдү баш кылып) каалаганча сатып жыргады. Президент Курманбек Бакиев болсо элдин мүдөсүн жакшы эле аткарып бара жатып, анан ал касиетинен тез эле айнып өлкөнүн тагдырын эки уулуна жана алты бир туугандарына талатып жиберди! Анан бийликке «Убактылуу Өкмөт» келди. Өлкөнүн кылымдар бою «кашыктап» чогултуп келген байлыгын тез эле өз ара бөлүштүрүп алышты. Түштүктө кан күйө турган абал башталып жатат деген маалыматтар байма-бай келсе дагы көңүл бурбай, өлкөнүн байлыгын гана тоноо менен алек болушту. Сепаратисттерге жан тартып алдыдагы парламенттик шайлоонун камын көрүп отуруп алышты.

Анан Түштүктө кыргын башталды. УӨ анын эң биринчи себепчиси болду, да! Ал коогалаңды кансыраган кыргыз элим уул-кыздарынын өлүмдөрүнө дагы кайыл болуп өзү эле басты. Бул жерде ошол кездеги «псевдо бийликтин» эч кыпындай үлүшү жок. Жалганды айтып мактанбай эле коюшсун! Андан соң эки достун президенттик «парады» башталды. Элдин турмушун эң төмөнкү тепкичке түшүрүп коюшуп, чыйт түкүрүшүп, биринчиси түрмөгө, экинчиси «эмгек сиңирген» эс алууга барып жатып алышты. Биздин азыркы президентибиз Садыр Жапаров канчалык таза жан адилет башкарам деген аракетин кылбасын аны ороп алган шумпайлар жол бербей жатышат. Оо Кудай дагы бир апааттан элибизди сактай көр!

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс