• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ЧЕК АРАЧЫЛАР МЫЙЗАМСЫЗ АТЫЛГАН ИЛБИРС ТЕРИСИН АНЫКТАШТЫ

Автор:ruh_admin

Янв 22, 2022

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары чек арадан алыс эмес жерден илбирс терисин аныкташкандыгын ырастады.

         Баса, УКМКнын Чек ара ыйгарым укуктуу Өкүлү Кыргызстандын Чүй облусунун Чалдыбар айылынын Казакстан менен чектеш аймактарына көз салуу учурунда мамлекеттик чек араны көздөй бара жаткан кап көтөргөн эркек адамды дароо байкаган. Чек ара ыйгарым укуктуу Өкүлү чек ара тартибин бузуган жаран туурасында дароо эле чек арачыларга кабар берип, өзү болсо аны артынан кууп жетүүгө аракет кылган. Чек ара бузуучусу аны кармаганы келе жатканын көрүп, капты мамлекеттик чек арадан алыс эмес жерге ыргытып жиберип, өзү Кыргызстандын аймагында бекинип калган.

         Окуя орун алган жерге жетип келген чек арачылар каптан илбирстин терисин жана баш сөөгүн табышты. Чек ара тарамдары кош аракеттенген органдар менен биргеликте ыкчам издөө жана башка тиешелүү иш-чараларды алып барышууда.

         Ошентип, тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан соң, атылган илбирстин терисин жана баш сөөгүн мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүп беришти. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс