• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

БАЗАР-КОРГОНДО БИРДИКТҮҮ АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАСЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

Автор:ruh_admin

Янв 22, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД.  Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан бирдиктүү алдын алуу иш-чарасы күчөтүлдү.

         Ошентип, аталган иш-чаранын алкагында 300дөн ашуун кожолук дыкаат текшерилип, буларды тактоо иштери жүргүзүлдү. Ыкчам анализден 10 атуул өткөрүлүп, 35 атуулдан кол манжа издери алынды. Ал эми РИИБнын туруктуу каттоосунда турган 65 атуул менен тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Укук бузган 10 атуулга протоколдор толтурулуп, тийиштүү чечимдер дагы кабыл алынды. Мергенчиликти сүйүүчүлөрдүн курал-жарак сактоо эрежелери текшерилди. Ошондой эле эл арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бир даана сайсыз ок атуучу курал өз ыктыяры менен тапшырылды.

         Ошентип, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тейлеген аймактарында жашаган жарандарга визиттик карталарын таратышып, батир жана мал уурулуктарынан сак болууга чакырышты. Мындан тышкары, билим берүү мекемелеринде жаш балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс