• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

АЙДАРКЕНДЕ АТКЗЕЧИЛИК ЖҮК КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Янв 22, 2022

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт койгондугун ачыктады.

Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Исфайрам жерлигинде кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын  Б.Э. аттуу жаранынын башкаруусунда шектүү Hyundai-Porter автоунаасын кармап, автоунааны текшерүү маалында эч кандай тиешелүү иш-кагаздары жок күнүмдүк керектелүүчү 5 боо ар кандай кийим-кечелерди аныкташкан. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргызстандан Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда аткезчилик жүктүн жалпы суммасы 300 000 сомду түздү.

         Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Аймактык компетентүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс