• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ЖАЛАЛ-АБАДДА 18 ЖАШТАГЫ ӨСПҮРҮМДҮ ТОНОГОН ДЕП 21 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Янв 18, 2022

ЖАЛАД-АБАД. Жалал-Абад милициясы 18 жаштагы өспүрүмдү тоногон шектүүнү акыры кармады.

         Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 29 жаштагы М.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз даттануусунда 18 жаштагы бир тууган инисинин “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун 2021-жылдын 31-декабрында саат 22:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын эски футбол ойноочу аянтында өзүн “Немат” деп тааныштырган бала коркутуп-үркөтүп алып койгондугун билдирген. Ошентип, аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-Жаза Кодексинин 206-беренеси (“Тоноо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

         Жалал-Абад ШИИБсынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-жылы туулган Ш.Н. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары Ш.Н.нын Жалал-Абад ШИИБдин КБРде өндүрүштө турган дагы бир тоноо фактысына катышы бар экени аныкталды. Ушул тапта шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын, же жоктогун тактоо иштери улантылып жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс