• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНДА ЖАҢЫ ТӨРӨЛГӨН АЛТЫ ЫМЫРКАЙДАН ТААЖЫ ИЛДЕТИ АНЫКТАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Янв 18, 2022

ОШ. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө COVID-19 илдетине чалдыккан 18 кош бойлуу аял дарыланып жатат. Бул жөнүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов ачыктады.

         Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, бүгүнкү күндө тажы илдетине чалдыгып, көз жарган энелердин ымыркайларынан да аталаган илдет аныкталууда.

  • Ош шаары жана Ош облусунун райондорунан COVID-19 илдетине

чалдыккан жалпысынан 18 кош бойлуу аял дарыланып жатышат. Булар неонатолог, пульмонолог, акушер-гинеколог жана балдар дарыгерлеринин такай көзөмөлүндө турушат. Энелерден аныкталган вирус алардын ымыркайларынан дагы чыгып жатат. ПЧР тестинен оң жыйынтык чыгып, 6 ымыркайдан таажы илдети биротоло аныкталды. Кош бойлуу аялдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, дарыланууну улантышууда, — деп кошумчалады Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов.

         Шаятбек Абдурахманов Ош шаары жана Ош облусунда эпидемиологиялык абал кайрадан курчугандыктан облустар аралык клиникалык ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмү COVID-19 илдетине кабылган кош бойлуу, жаңы төрөгөн аялдарды ымыркайлары менен бирге кабыл алууну баштагандыгын дагы кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс