• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНДА ОБОНЧУ ЖАНА КОМПОЗИТОР РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВДУ ЭСКЕРИШТИ

Автор:ruh_admin

Янв 18, 2022

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында кайталангыс обончу жана композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнүн урматына эскерүү иш-чаралары катарынан өткөрүлдү.

         Ошентип, залкарды эскерүү аземине Ош шаарынын мэриясынын, президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар, жазуучулар, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын эмгек жамааты, журналисттер, окуу жайлардын өкүлдөрү жана жарандар дагы катышышты. Иш-чаранын алкагында залкар таланттын ысымы ыйгарылган Ош облустук филармониясынын жанындагы эстеликтин алдында митинг-реквием өтүп, а түгүл гүлчамбар дагы коюлду. Топтолгондор Рыспай Абдыкадыровдун Кыргыз Улуттук маданиятын жана көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымын дагы баса белгилешти. Мындан тышкары аталган филармониянын өнөр адамдары маркумдун ырларын дагы катыра   аткарышты.

         Эске сала кетээрибиз: залкар мекендешибиз Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. 1994-жылы 12-сентябрда көз жумган. Маркум талант — Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 200дөн ашык обондуу ырлардын автору.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс