• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ОШ ОБЛУСТУК ООРУКАНАСЫНЫН ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БӨЛҮМҮ “КЫЗЫЛ АЙМАККА” АЙЛАНДЫРЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Янв 18, 2022

 ОШ. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын №2-инфекция бөлүмү Ош шаарында жана Ош облусунда COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу айымдарды, төрөт учурундагы аялдарды жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарылоо үчүн профилдештирилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан  билдиришкендей, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын №2-инфекция бөлүмүнүн базасында COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу айымдарды, төрөт учурундагы жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарылоо үчүн эпидемияга каршы катуу режимдеги бөлүм жайгаштырылган.

         Ушул күнгө карата аталган “Кызыл аймакта” 16 бейтап бар: булардын 8и кош бойлуу, 8и көз жаруу алдында. Дагы экөөнүн абалы чынлап эле оор. Буларды караган дарыгерлер тобунда инфекционист, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана неонатолог бар. Башка тар адистиктеги дарыгерлердин консультациясы зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт. Онлайн консультация берүү үчүн мультидисциплинардык топ түзүлдү. Кош бойлуу аялдарды жана төрөт учурундагы аялдарды кабыл алуу жана ооруканага жаткыруу облустун акушердик жардам көрсөтүү боюнча координатору менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

         Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуу жана төрөт алдындагы аялдарды медициналык кызматкерлердин сунуштарын кыйшаюусуз аткарууну абдан суранат. COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн физикалык аралыкты сактоо (1-1,5 метрден кем эмес) сактоо, коомдук жайларда, өзгөчө имараттын ичинде жана коопсуз аралыкты сактоого мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу, кол гигиенасын сактоо, буларды бат-баттан самын жана суу менен жууп туруңуз же спирттүү колду тазалоочу каражатты колдонуу абзел! COVID-19га каршы эмдөө алган оң. Жөтөлгөндө, же чүчкүргөндө оозду жана мурунду чыканагыңыз же бет аарчы менен жабыэых? Өзүңүздү жаман сезсеңиз, үйдө калыңыз?

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөттөр автордуку

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс