Бул тууралуу «Московский комсомолец» гезитине Нурсултан Назарбаевдин айылдаштары билдирди.
Анын пикиринде, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын экс-президентине жардам бере алмак. 2010-жылы апрель окуяларында Кыргызстандын мурдагы башчысы Курманбек Бакиевди Нурсултан Назарбаев президент болуп турган кезинде өлкөдөн чыгарып кетүүгө жардам берген.
7-январда Беларустун лидери Александр Лукашенко Казакстандын экс-президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалган. Бул Нурсултан Назарбаев тууралуу өлкөдө нааразылык акциялары жана баш аламандыктар башталгандан берки биринчи маалымат болгон. Казакстан эли башка нерселер менен катар Элбашынын кызматтан кетишин талап кылды. Митингдер башталган 2-январдан бери казак лидери бир дагы билдирүү жасаган жок. Анын жана анын үй-бүлөсүнүн кайда экени азырынча белгисиз.
Мурдагы мамлекет башчынын кичүү кызы Алия Назарбаева 13-январдагы республикадагы тополоңдон кийин биринчи жолу Instagram баракчасына пост жазды. Бирок кийинчерээк ал бардык социалдык тармактардагы аккаунттарын өчүрүп салган. Кийин анын аккаунтунун кайсы жерде жүрөт делген функциясы аркылуу Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү белгилүү болгон. Ал эми орусиялык ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевди каза болуп, сөөгү жерге берилди деп болжолдогон.