• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

Кыргыз өкмөтүнүн митаамдыгы жана арсыздыгы…

Автор:ruh_admin

Янв 15, 2022

Жөлөк пул маселеси. Жаш балдары бар, жумушсуз үй-бүлөлөргө арзыбаган аз гана жөлөк пул берилет. Бирок аны ар кандай себептер менен бербей коюшат. Түстүү телевизору бар, үй салып жатат, машинеси бар дегендей толгон-токой шылтоону табышат.

Бул шылтоолорго жаңы дагы бирөөнү кошушуптур. Эми атасы же апасы Россияга кеткен болсо эле жөлөк пул берүү заматта токтотулат экен. Тескерисинче мындайда мамлекеттин, жергиликтүү бийликтин колдоосу ого бетер керек эмеспи?!
Араван районунда Керкидан айылында мына ушундай фактыны кабарлашты. Мектеп жашына жете элек чийедей үч баласы бар үй-бүлөгө “атаңар Россияга кетиптир” деп, жөлөк пул берүүнү дароо токтотушкан.
Бул эмне деген наадандык жана уятсыздык?!
Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс