• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

USAID КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЫЗМАТТАРДЫ ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА ДОЛБООРДУ ИШКЕ КИРГИЗҮҮДӨ

Автор:ruh_admin

Янв 13, 2022

БИШКЕК. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын кызматтарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизди. “Ийгиликтүү аймак — 2” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү өңдөнгөн жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу боюнча иш алып барышмакчы.

Аталган долбоор Айыл Өкмөтү жана шаар мэрия кызматкерлерин окутуу, юридикалык кеп-кеңештерди берүү жана алдыңкы тажрыйбаларын колдонууга үгүттөө аркылуу алардын башкаруу ыкмаларын жакшыртууга гана багытталган. Долбоордун негизги максаттарынын бири – муниципалитеттерге экономикалык жактан негизделген тарифтерди киргизүү, кирешелерди ого бетер көбөйтүү, жергиликтүү ишкерлер менен өнөктөштүк түзүү жана маалымат технологияларды колдонуу аркылуу алардын кызматтарын каржылык жактан туруктуу кылууга жардамдашуу. Муниципалитеттер мындай ыкмалар менен өз бюджеттерин дагы кеңейтип, жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн көбүрөөк кызматтарды сунуштай алышмакчы.

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууда чоң роль ойнойт. Алар бала бакча, суу, таштанды чыгаруу өңдөнгөн көптөгөн өтө маанилүү кызматтар үчүн жоопкерчилик алышкан. Мындай кызматтардын сапаты Кыргызстандын ар бир жаранынын күнүмдүк жашоосуна таасирин сөзсүз  тийгизет. Ошондуктан, USAID бул кызматтарды жакшыртууда мындан ары дагы көмөктөшөт, — деди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс.

Аталган долбоордун дагы бир негизги максаты — муниципалитеттердин жоопкерчилигин күчөтүү. Долбоор жарандардын жергиликтүү кызматтардын сапаты боюнча пикир калтырышына жана жергиликтүү бюджеттерге мониторинг жүргүзүүдө активдүү болушуна шарт түзөт.

  • Биз муниципалитеттер кызмат көрсөтүүдө потенциалын

жогорулатуу үчүн колдоо жана кеңештерге муктаж экенин көрүп турабыз. Ошондуктан, биз башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана элдин турмушун жакшыртууга багытталган кызматташууну кубаттайбыз. Ал өз кезегинде региондордун кеңири өнүгүшүнө өбөлгө болот, — деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев.

Бул долбоор мурунку «Ийгиликтүү аймак» деп аталган долбоордун жетишкендиктерине гана негизделет. 2016-жылдан бери «Ийгиликтүү аймак» долбоору Кыргызстан боюнча 50 айылдык жана шаардык муниципалитеттерде жергиликтүү кызматтарды жакшыртууга жардамдашты. Мунун жыйынтыгында 31 миңден ашуун жаран ичилүүчү таза суу менен камсыз этилип, 23 миңге жакын тургун таштанды чыгаруу боюнча жакшыртылган кызматтарды алышты. Ал эми беш муниципалитеттин көчөлөрүнө жарыктандыруу орнотулуп, коопсуздугу жогорулады.

“Ийгиликтүү аймак — 2” долбоору USAID тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. Бул төрт жылдык демилгенин жалпы бюджети 4,9 миллион АКШ долларын түзөт.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс