• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ АТКЕЗЧИЛИК ЖҮКТӨРҮН КАРМАШТЫ

Автор:ruh_admin

Янв 13, 2022

БАТКЕН. УКМКга караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын айтымында, Лейлек чек ара отрядынын өкүлдөрү чек ара аркылуу ташылып бараткан аткезчилдик жүгүн кармашты.

         Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык кыштагында УКМКга караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын чек ара наряды жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери шектүү Мерседес-Бенц Спринтер автоунаасын байкап калышканда, аларды көргөн айдоочу ылодамдыгын тездетип, качканга далбаса жасаган. Бирок, Кыргыз чек арачылары Кожобакырган каналына жакын аймакта автоунаага жетишип, токттуп калышты. Ошондо айдоочу автоунаасын  таштай качып, коңшулаш Тажикстанга кире качты. Машинаны тинтишкенде, анын ичинен “Аммофос” аталган 2,5 тонна жер семирткич табылды. Шоопурдун колунда буларга тиешелүү документтер дегеле болгон эмес. Ошондуктан, айдоочу бул жүктү Тажикистандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташып бараткан экен.

         Ушуга улай УКМКнын жана Мамлекеттик Чек ара кызматынын өкүлдөрү Лейлек райоунун6 Максат кыштагында Кыргыз жараны 1986-жылы туулган Н.С. башкарып бараткан Мерседес-Бенц Спринтер автоунаасын кармашты. Аны дагы тинтишкенде, аткезчилик жол менен ташылып баркатн 2 тонна лимон колго түшүрүлдү. Айдоочу бул жүктү дагы Тажикистандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташып бараткан экен.

         Ошентип, бул эки факты тең катталып, тишелүү документтер толтурулгандан кийин жергилктүү укук коргоо органдарына андан ары териштирүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс