• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

КАЛДЫБАЙ УУЛУ КУРБАНБАЙ

Автор:ruh_admin

Янв 12, 2022

Рубрика: Төрөлгөн эле намыска…

Өлгөндөр даңкталмайын,

Тирүүлөр баркталбайт!

Мукагали МАКАТАЕВ,

Казак акыны.

 

Турар, Жолон, Курбаналы, Калдыбай,

Кай жылдардын бүктөмүндө калдыңар?!?

Абдилаат ДООРОВ,

Кыргыз акыны

Тээ өткөн кылымдын соңунда, тактап айтканда, 1994-жылы ошогездеги абдан абройлуу республикалык “Кыргызстан маданияты” гезитине атактуу акын жана жазуучу Эрнис Турсунов “ҮЗӨҢГҮ ЖОЛДОШТОН УЛАНГАН СӨЗ” аттуу көлөмдүү макаласын жарыялаган эле. Ошол материалдын төмөнкү абзацын улам-улам кайталап окуп, чындыгында, мен дагы кадимкидей эле жашып, а түгүл кадимкидей өкүрүп ыйлаганмын. Азыр дагы жеке архивимден дал ушул эскерүүнү издеп таап, ар бир сабына – сөзүнө тереңирээк үңүлүп, моминтип түн бир оокумда кашайган көзүмдү катарынан жашка чайып олтурам.

— Кыйналып окуп, кыйналып иштеп, кыйналып жашап, өз ордун

таппай кеткен жеке эле Сокем эмес, азыр айтыла баштаган Т. Эргешов, К. Сабыров, К. Калдыбаев, М. Казакбаев, М. Толубаев, Ж. Молдалиев, Ж. Турдалиев, Б. Сартов, Т. Муканов сыяктуу келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштар болгон. Булардын айрымдары жогорку окуу жайларын бүтүргөн соң, иш таппай көчөдө калышты. Айрымдары “ичип” кетишти, айрымдары жашоодон тоюп, жандан кечип салышты. Булардын тагдырына кайгырып, кийлигишип, көз салган Уюм, же Жетекчи болбоду.

Мансапта олтургандар керт башынын гана камын ойлоп, адабияттын келечеги тууралуу укпай коюшту. Ошентип, булардын кимдер экендигин билбей дагы калышты, — деп Эрнис агабыз ТУРСУНОВ кашкайган чындыкты убагында мойнуна алганы бар…

Ооба. Ошондой трагедиялуу жеке турмушу залкар акын Курбанбай КАЛДЫБАЕВди дагы терең кайгыга чөктүрүп, кыйла эле мүңкүрөткөндүгүн көпчүлүк дагыле биле элек. Бул кайгы-капасын акын өз кезегинде алтынга алмашкыс поэтикалык саптарында гана абдан таасын чагылдырганга үлгүргөн.

“Ак сүт ичсем элде жок,

Алтыным агып селде жок!

Алты жыл тепсем оромпой,

“Ай!” деп койгон пенде жок!

* * * * *

Көз ачып көргөн Зульфиям,

Көңүлүм улап койгон жок!

Арзыган уулум Ак-Назым,

Алымды сурап койгон жок!

* * * * *

Даанышман болуп башында,

Дарс айтып турган жашымда.

Агайын-тууган жүрчү эле,

Айланышып кашымда!” – деп ошогезде кайран акын Курбанбай КАЛДЫБАЕВ өз тагдырына чындап кейигенчелик бар эле…

Ошентсе дагы, биздин зор бактыбыз бар экен. Акын Табылды Мукановду көрүп-билип калдык. Ал ыраматылык кашкөй биздин жездебиз эле. Ал эми Тургунбай ЭРГЕШОВду жана Курбанбай КАЛДЫБАЕВди студент кезибизде ээрчип жүрдүк (Анткени, мен убагында ОГПИде – азыркы ОшМУНун филология факультетинде окуп калган элем — автор). Биз дал ушул кайталангыс таланттардын түздөн-түз таасиринде гана

чоңоюп, андан ары чыгармачыл инсан сыңары торолбодукпу. Тилекке каршы, айтылуу акын акем Курбанбай менен жылуу-жумшак мамилебизди шум ажал чырт үздү дагы, бизди – чыгармачыл жаштарды типтирүүлөй жетим калтырды. Курбанбай КАЛДЫБАЕВ өзү түптөгөн Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (ОМПИнин – азыркы ОшМУнун — автор) акын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий ийриминин “Сапар түйшүгү” кереги гезити кийинчерээк башкалардын жетегинде жарык көрүүсүн улантты.

Баса, кайран акын Курбанбай КАЛДЫБАЕВдин өмүрүнүн соңку күндөрү абдан эле кунарсыз, анан дагы өтө супсак окуялар менен коштолгондугун жакындарынан угуп, тирүүсүндө мен ага арнап чиймелеген ыр саптарымды улам-улам жадымда кайталап, дагыле өзүмдү моминтип сооротуп гана келатам.

Мезгил ылгайт. Ким бечел да? Ким кыйын?

Жүзүн буруп, кыянаттык кылбаса…

“Акынмын!” деп дердейгеним бир тыйын!

Менин ырым мен жыттанып турбаса…

Мен аскерде Ленинград калаасында (азыркы Санкт-Петербург шаарында) кызмат өтөп жүргөнүмдө абдан суук кабарды угузушуп, жаш жүрөгүмдү жара тилдиришти. Тактап айтканымда, 1984-жылдын 11-январында, чыгармачылыгы ташкындап турган 46 жаш курагында кайран агабыз кашайып автожол кырсыгына кабылган бойдон андан ары чын дүйнөгө бизди таштап кете бериптир, аттиң…

Ошондон бери

“Бетеге кетти, бел калды,

Осмо кетип, каш калды.

Оомат кетип, баш калды.

Эпитафия жазылган,

Мүрзөмдө жалгыз таш калды…” — деп кайран Курбанбай акын КАЛДЫБАЕВ ыраматалык Кыргыз жергесинин асманында дагыле Ак шумкардай шаңшып учуп жүргөндөй туюулат мага…

“Өлгөндөр даңкталмайын,

Тирүүлөр баркталбайт!” — деп Казак булбулу Мукагалди МУКАТАЕВ жөн жеринен какшабаптыр, эй! Мен билгенден жана абдан терең түшүнгөндөн Курбанбай КАЛДЫБАЕВ ар-намыска төрөлгөн азаматыбыз эле. Кыска өмүрүндө Кыргыз поэзиясынын айдыңында түбөлүккө өчпөс из калтырды. Тилекке каршы, биз — мекендештери акындын мээнетин көзү тирүүсүндө таптакыр баалабадык. Дагыле кендирибизди кескен көралбастык жана дагы ич күйдүлүк сезимине жетелендик. А эмичи?!?

Ушундай залкар талантыбыздын көзү тирүүсүндө өзү белендеп, тилекке каршы, белгисиз себептер менен дайынсыз жоголуп кеткен “Комуз” (2007 сап), “Апрель” (2100 сап), “Өмүргө жана сага жазган каттар” (2800 сап) аталган ыр жыйнактарын издеп таап, китеп кылып бастырып, маркум залкарыбызга көзү өткөндөн кийин деле “Кыргыз Эл Акыны” ардак наамын ыроолоп, сообуна калсак, мындан баарыбыз тең утаар элек. Дал ошондо кагылайын Кыргыз калкым кайталангыс акынынын эмгегин үстөккө-босток эскерип, талантына чындап тан берип турбайт беле, аттиң…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

СҮРӨТТӨРДӨ: 1), 2) Залкар акын Курбанбай КАЛДЫБАЕВ. 3), 4), 5) Залкар акын Курбанбай КАЛДЫБАЕВдин кол жазмасы.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс