• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ОШТО КУТКАРУУЧУЛАР ҮҢКҮРГӨ ЧЫГЫП, ТҮШӨ АЛЫШПАЙ КАЛГАНДАРДЫ КУТКАРЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Янв 11, 2022

ОШ. Ош облусунун Араван районунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары үңкүргө чыгышып, бирок, кайра түшө алышпай калгандарды акырында куткарышты.

         Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош облусунун Араван районуна караштуу А.Анаров Айыл Өкмөтүнө караштуу Чил-Устун үңкүрүнө ( 1100 метр бийиктикте жайгашкан) 4 эркек киши чыгышып, кайра түшө алышпай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруучулар жетип барышканда, 3 адам (1993-жылы туулган Т. уулу К., А.Р. жана А.О.) өз алдынча түшүп, ал эми (1993-жылы туулган Т. уулу Н.) аттуу жаран үңкүрдөн чыга албай жатышкан экен.

         Ошентип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары аталган жарандарды коопсуз жайга алып түшүрүшүп, туугандарына өткөрүп беришти. Учурда айбакта абал туруктуу. Баса, бул жараянга КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу жана Араван райондук №64 ӨКБдан 3 куткаруучусу тартылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс