• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ЛЕЙЛЕКТЕ “ТАКСИ” АТАЛЫШЫНДАГЫ АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАСЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

Автор:ruh_admin

Янв 11, 2022

БАТКЕН. Баткен облусунун Лейлек районунда “Такси” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өтүп жатат.

         Баткен ОИИБсынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, үгүт-насаат иш-чаралары жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Лейлек райондук ички иштер бөлүмү боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө. Ушул тапта Лейлек райондук ИИБсынын ЖКККБсынын кызматкерлери такси жана коомдук транспорттун айдоочулары менен алдын ала маектешүүлөрдү жүргүзүп, жол эрежелерин сактоо жана аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик , транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү эрежелерин жана тийиштүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүн алуу шарттарын түшүндүрүштү. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине тиешелүү мыйзамдардагы өзгөртүүлөр тууралуу айтып беришти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс