• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

ЖЕМКОРЛУККА ШЕКТЕЛГЕН Т. ФАЙЗИЕВ ЭМИ «АСМАН ШААРЫН» КУРУУ БОЮНЧА ДИРЕКЦИЯНЫ ЖЕТЕКТЕЙТ

Автор:ruh_admin

Янв 10, 2022

БИШКЕК. «Элит Хаус» курулуш компаниясынын мурунку баш директору — бизнесмен Тимур Файзиев мындан ары Ысык-Көлдөгү «Келечектеги Асман шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектейт.

  • Бул 500 миң кишилик жаңы шаар болот. Аны дагы 500 миң адамга

кеңейтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бардыгы болуп миллионер, ошондой эле экошаар болот. Биз азыртан эле инвесторлордун бир нече тобу менен абдан тыгыз иштешип жатабыз. Бул абдан кызыктуу долбоор жана абдан заманбап кооз шаар болот: таза аба, ачык асман, яхталар, лыжа тебүү, спорт, пляждар. Биз мунун баарын бириктирип, эң мыкты долбоор кылгыбыз келет, — деп агынан жарылды бизнесмен Тимур Файзиев.

         Тимур Файзиевдин айтымында, бул заманбап шаарды курууга кеткен чыгым 10-20 миллиард долларды чапчыйт.

  • Көптөгөн адамдар Кыргызстанга мынчалык акчаны тартуу дегеле

мүмкүн эмес деп ойлошот. Бүгүн биз премьер-министрдин деңгээлинде стратегиялык командабыз менен тынымсыз иштешип, Кыргызстанга 100 миллион доллар тартуу боюнча стратегияны иштеп чыгуудабыз жана азыр бул суммага долбоорлорду пландаштырып жатабыз! — деп кошумчалады «Элит Хаус» курулуш компаниясынын мурунку баш директору Тимур Файзиев.

         Тимур Файзиев ушул тапта ошондой эле ондогон инвесторлор менен сүйлөшүүлөр дагы жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Чоң олимпиадалык шаарчаны, Диснейлендди, медициналык туризм үчүн чоң медициналык борборду, ири көргөзмө борборун жана башкаларды куруу дагы кеңири пландалууда.  Ишкердин айтымында, шаардын курулушу 8 жыл 4 миң гектар жерди алып, дагы 4 миң гектар жерди кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

         Баса, 2021-жылдын май айында бизнесмен Тимур Файзиев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин каттоодо алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталуучу болгон. Сот сыртынан ишкердин баш коргоо чарасын камакка алуу түрүндө тандап, кийинчерээк анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Акыркы маалыматтар боюнча бул иш дагыле прокуратуранын көзөмөлүндө турат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс