• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

 К. БАЗАРБАЕВ  СУЗАКТАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНҮН ЖАШООЧУЛАРЫНЫН ЖАШОО-ШАРТЫН  ТЕКШЕРДИ

Автор:ruh_admin

Янв 10, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусуна караштуу Сузактагы карылар үйүнө атайын жана күтүүсүз текшерүү иш сапарын жасады.  

         Маалыматка караганда, Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Кудайберген Базарбаев  аталган жайдагы кары-картаңдардын жашоо-шартын жана дагы булардын тамак-ашынын сапатын дагы жеринде өзү текшерди. Сузактагы карылар жана майыптыгы барлар үчүн социалдык стационардык мекемеси 1959-жылы негизделген. Пансионатта ушул тапта 120 орун бар. Бүгүнкү күндө социалдык кызматтарды алуучулардын саны 78 адамды түзөт, булардын арасынан: эркектер – 52, аялдар – 26, анын ичинде майыптыгы барлар — 27, карылар — 51.

         Белгилей кетчү жагдай: Кыргыз Республикасынын Пезидентинин жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып азык-түлүктүн акчалай ставкасы 100 пайызга жогорулатылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс