• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

ОРУСИЯДА ЭМГЕКТЕНИШКЕН МИГРАНТТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ЭРЕЖЕЛЕР КИРГИЗИЛДИ

Автор:ruh_admin

Янв 2, 2022

МОСКВА. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2021-жылдын 29-декабрынан тартып Орусияга иштегени барышкан чет өлкөлүктөр, мунун ичинде Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу жол-жобосунан өтүшү керектигин жарыялады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жарандар алгач фтизиатрдын, дерматовенерологдун, инфекционисттин, терапевттин, психиатр-наркологдун кароосунан өтүшү абзел! Андан соң гана манжа изин каттатып, ошондой эле сүрөткө дагы түшөт. Баса, манжа изин каттатуу үчүн Орусиядагы аймактык ички иштер башкармалыктарга, ИИМдин алдындагы паспорт-виза кызматына же Москва шаарындагы көп тармактуу миграция борборуна кайрылуулары зарыл. Муну үчүн чет элдик жарандар паспортун жана медициналык текшерүүдөн өткөнүн тастыктаган маалымкатын дагы ала барууга тийиш!

Ошентип, манжа изин каттатып, сүрөткө түшкөндөргө ырастоочу документ берилет. Ал бир жолку жана Орусияга кирүү/чыгуу санына карабастан акысыз болот. Бул милдеттерди аткарбаган жарандардын Орусияда калуу мөөнөтү кыскартылат. Орусияга иштегени эмес, башка максатта барышкан Кыргызстандын жарандары бул өлкөгө кирген күндөн тартып 90 күндүн ичинде атайын органдардан милдеттүү түрдө манжа изин каттатып жана сүрөткө түшүп, медициналык текшерүүдөн дагы өтүүсү керек! Милдеттүү жол-жободон алты жашка чыга электер, мурда манжа изин жана сүрөткө түшкөндөр гана бошотулат.

Айтмакчы, Орусияда расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Ал эми бейрасмий маалыматка караганда, булардын аны 1 миллиондон ашуун экендиги айтылып келет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс