• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

М. БОРОНОВ: “БАТКЕНДЕ ТАЖИК ФУРАЛАРЫН ТОКТОТКОН ЭЛДИ ОПУЗАЛАГАН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СӨЗСҮЗ ЖАЗАЛАНАТ!”

Автор:ruh_admin

Янв 2, 2022

БАТКЕН. Жаңы жылдын астанасында Баткенде Тажикстандын фураларын токтоткон элди опузалап, дагы кадимкидей коркуткан Ички Иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзам чегинде жазаланат. Бул жөнүндө Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Муратбек Боронов билдирди.

  • Жергиликтүү тургундар менен кадимкидей сөгүшүп жатышкан видеолор коомчукка социалдык тармак аркылуу таратылып, милициянын кадыр-баркына карата тетири пикирлер жазылды. Ошондуктан, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин жүрүм-турум нормаларына дегеле туура келбеген жагдайларды жараткандыгы үчүн ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүүлөр башталды. Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык бул кызматкерлерге абдан катуу тартиптик чаралар колдонулат! — деп убадалады Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Муратбек Боронов.

Белгилей кетчү жагдай: узаган жылдын 30-декабрында Баткен шаарында милициянын коштоосунда бара жаткан үч фура токтотулган. Ички иштер кызматкерлери жүк ташуучу унааларды өткөрбөй койгон элди ашата сөгүп, анан дагы опузалап, а түгүл кадимкидей коркутушкан. Кызыгы: кээ бир милиция кызматкерлери жарандарга кол көтөргөнгө чейин барышкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс