• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ОШ ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫ МАЙЫП КЫЗ БААРКАНГА КЫЙМЫЛДАТКЫЧТУУ АРАБА ТАРТУУЛАДЫ

Автор:ruh_admin

Дек 31, 2021

Рубрика: Өз кабарчы маалымдайт

ОШ. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов 16 жаштагы майыптыгы бар Баарканга кыймылдаткычтуу араба тартуулады. Айтмакчы, аймак жетекчиси жаш замандашы Бааркандын муктаждыктары туурасындагы маалыматты социалдык тармактардан билгенддддигн шардана кылды.

  • Мен Бааркан кызыбызга коляска (араба) керек экендигин социалдык

тармактардан окуп калып, анын тилегин орундатууну чечтим. Буга дейре  Бааркан өлкө башчысына кат жазып, смартфон дагы сураган экен. Биз жаңы жылдык балатыда Президенттин белегин кичинекей мекендешибизге тапшырганбыз. Бүгүн дагы бир кыялын орундатып кыймылдаткычы бар коляска (араба) белек эттик. Бааркан менен кенен-чонон сүйлөшкөнүмдө, келечекте IT адиси болууну кыялдангандыгын жашырган жок. Кийинки жылы, буюрса, Баарканга Ноутбук белек кылабыз деген планым бар! — деди Ош облусмунун жетекчиси Зиядин Жамалдинов.

Белгилей кетчң жагдай: Ош облусунун Кара-Суу районунун Правда айылынын 16 жаштагы тургуну Баарканга буга чейин өлкө башчысынын атынан смартфон белек сыңары тапшырылган. Эми жаз айларына чейин Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун атынан ноутбук белекке берүү пландалуда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс