• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗСТАНДА ТӨРТ МИҢГЕ ЖАКЫН ҮЙ-БҮЛӨ КООПТУУ  АЙМАКТА ЖАШАЙТ

Автор:ruh_admin

Дек 31, 2021

БИШКЕК. Кыргызстанда ушул тапта 3 миң 859 үй-бүлө дагыле кооптуу аймактарда жашап жатышат. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, жер көчкү, кар көчкү, жер титирөө жана сел-ташкын өңдөнгөн жаратылыш кырсыктар абдан көп катталган аймак экендигин шардана кылды.

  • Учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жашоого мүмкүн эмес

делген аймактарды аныктап, ал жакта турмуш кечирүүгө болбойт деген корутунду дагы чыгарып, 3 миң 859 үй-бүлөгө көчүп кетүү керектигин алдын ала эскерткен. Муну үчүн 2 миң 488 үй-бүлөгө мамлекет кайтарымсыз негизде каражат — ссуда жана жер тилкесин дагы бөлүп берген. Ошого карабастан, жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин ошол жакта – опуртал аймактарда дагыле күн кечиришүүдө. Мекендештерибиз өзүлөрүнүн үй-жайын, ата-бабасы мекендеген ата-конушун таштап кеткиси келбегендигин айтышып, кайдыгерлик гана кылышууда. Ошонджуктан, министрлик жаңырган жылдан тартып, ушундай кооптуу аймактарды дагы бир сыйра кыдырып, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды коопсуз жайга көчүрүү аракетин улантат, – деди Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Ушул тапта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында 3859 жаранды коопсуз жерге токтоосуз көчүрүү иши милдети турат. Эгерде мекендештерибиз дагы тоңмоюндук кылышса, анда кантебиз?

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс