• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

КАДАМЖАЙДА КАРДИОЛОГИЯЛЫК БОРБОР ИШКЕ КИРДИ

Автор:ruh_admin

Дек 31, 2021

БАТКЕН. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда Кардиологиялык борбор ачылып, ишке тапшырылды. Анын ачылыш салтанатына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алымбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Адегенде башчысы жана саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте аталган борбордун ишмердүүлүгү жана шарттары менен жеринде таанышты. Андан соң Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алымбаев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сөз сүйлөшүп, мындан ары элдин саламаттыгын сактоо багытындагы иштерди жакшыртуу менен Баткен облусуна өзгөчө көнүл бурулаары катуу убадаланды.

Ошентип, Кадамжай районундагы Кардиологиялык борборго Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ангиография (жүрөк кан тамырларын изилдөөчү) аппараты тапшырылды. Аталган медициналык жабдык жүрөктүн кан тамырларын текшерет жана жүрөктүн жабык түрүндөгү операциясын жасайт. Ошондой эле бул жабдыктын жардамы аркасында жүрөктүн көңдөйүнө электрокардиостимулятор орнотулат. Аталган аппараттын кызматынан Баткен облусунун бардык тургундары пайдалана алышат.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда жыл өткөн сайын көйгөй жаркатн жүрөк кан тамыр ооруларынын кескин түрдө өсүүсүнүн негизинде алгач кардиология жана кардиореанимация бөлүмү ачылган. Буга улай борбордо кошумча кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү дагы ачылды.Аталган борбор  райондогу 200 миңден ашык калкты тейлейт. Борбор 18 үй-бүлөлүк топтон, 22 ФАП жана 14 бөлүмдөн куралган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

 Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс