ОШ. Жаңы жылдын астанасында Ош шаарына караштуу Орке айылындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап, акыры пайдаланууга тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, жергиликтүү тургандар жана мектеп мугалимдери, ошондой эле окуучулары дагы катышышты.
Аталган мектеп 375 орунга ылайыкташтырылып, анда заманбап шарттар жаратылган. Спорт зал, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети жана атайын жуунуучу жайлар дагы ичине камтылган. 2020-жылы башталган курулуш ишин Сауд Өнүктүрүү фонду каржылады. Буга ылайык жаңы мектепти куруп берген тарапка Ош шаарынын башчысы Алмаз Мамбетов Ыраазычылык Баракчасын тапшырды.
Белгилей кетээрибиз: Ош шаарында жалпы жонунан 55 муниципалдык мектеп бар. Булардын арасынан 5 мектептин имараты авариялык акыбалда. 2021-жылы эки мектеп жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилген. Дагы 4 мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жаткан чагы.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.