ОШ. “ASK CONSULTING” компаниясы Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык унисерситетинин алкагында TOFEL тест тапшыруу борборун ишке киргизди.
Адегенде “ASK CONSULTING” компаниясынун негиздөөчүсү Аскат Кубанычбеков “TOEFL деген эмне?”, “TOEFL жөнүндө эмнелерди сөзсүз билүү кажет!”, “TOEFL сынагы кантип текшерилет?” деген жүйөөлүү суроолордун тегерегинде, ошондой элен буларды чечмелеген кызыктуу баяндама жасады.
Соңунда мектеп директорлору, студенттер жана окутуучулар кадимкидей тест дагы тапшырышып, анын жүрүшүндө өздөрүн кызыктырган бир катар суроолорго Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык унисерситетинин алкагында TOEFL тест тапшыруу борборунун кызматкерлеринен ынанымдуу жоопторду дагы угушту.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.