• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Ш. Атазовдун тарапташтары Н. Алымбеков мыйзамсыз байыгандыгын айтышууда

Автор:ruh_admin

Дек 30, 2021

ОШ. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Шайлообек Атазовдун тарапташтары Оштогу маалымат жыйынында 28-ноябрдагы шайлоодо №8-Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышкан Нурбек Алимбеков добуштарды ачык эле сатып алгандыгын жар салышты.

— Нурбек Алимбековдун үгүтчүлөрү кадимкидей эле акча таратып жаткандыгы атайын видеого жана сүрөткө дагы түшүп калган. Чындыгында, №8-Төлөйкөн шайлоо округунда таза эмес, анан дагы абдан ыпылас шайлоо жүрдү, — деп тызылдады маалымат жыйынын катышуучусу Нуралы Байтемиров.

Шайлообек Атазовдун дагы бир тарапташы Махпуратхан Кудайбердиева энелердин атынан президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылаарын айтышып, шайлоо таза эмес өттү деген пикирин мындайча шардана кылышты.

  • Энелер чогуу суранабыз. Урматтуу Садыр Жапаров! Кымбаттуу  Камчыбек Ташиев! Биз силерди дагы аябай колдодук эле. Бул сапар добуштарды сатып алуу менен шайлоо жүрдү. Биз Шайлообек Атазовду дагыле колдойбуз! Ал ушул көтөрүп жүргөн маселелери менен элдин уулу болуп калды эле. Туура эмес шайлоо жүрүп, анан дагы ал абдан ыпылас өттү,- деп дагы кепке кошулду Махпуратхан Кудайбердиева.

А бул арада Жогорку Кеңештин жаңыдан шайланган депутаты Нурбек Алымбеков өз дарегине айтылган дооматтарга мындайча жооп кайтарды.

  • Мен 2010-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып келе жатам. Жашырып не. Буга дейре бизнес менен алектенгемин. “Папан курулуш” деген компаниям менен иштегем. 50 миллион сомго дейре салык төкчү элем. Ошол кезде менин компаниям эң көп салык төлөгөн ишканалардын катарына кирген. Депутат болгонго чейин компанияны аялыма өткөрүп бергем. Эки унаам жана Бишкекте үйүм бар. Унаамдын бирөөсү балдарымды ташыйт. Бирөөсүн аялым экөөбүз алмак-салмак минебиз. Үйүм бар, аны ошол бизнес кылып жүргөн убакта салгамын. Ошол нерселерди айтып жатышса керек. Анан быйылкы шайлоо маалында добуштарды сатып алуу дегеле болгон эмес! Бул маалымат, чынында, кызылдай жалган! Биз болгону бизди агитация кылгандарга гана мыйзам чегинде мээнетин – акысын төлөгөнбүз, — деп кошумчалады Жогорку Кеңештин жаңыдан шайланган депутаты Нурбек Алымбеков.

Ал эми жогорудагы маалымат жыйынга катышкандар Жогорку Кеңештин жаңыдан шайланган депутаты Нурбек Алымбеков эч мыйзамсыз байыгандыгына дагы баса токтолушуп, Кыргызстандын укук коргоо органдарын анын мал-мүлктөрүн тыкыр текшерип чыгуусу зарылдыгын дагы катуу эскертишти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс