ОШ. Жапалак Айылдык башкармалыгы Ош шаарыны карайт. Ошондуктан, бул аймакка бей-жай курулган турак жайларга эми гана техникалык документтер даярдалууда.
Жалпы жонунан 146 гектар аянтка жергиликтүү тургундар 800гө чукул үйдү мыйзамсыз жана бейтартип эле тикелешкен. Баш план дегеле жок! Ошол себептүү аталган айылда өзүнчө мобилдик топтор уюштурулуп, анан гана ушуга ылайык тиешелүү документтер беленделип берилип жаткан чагы.
Эң башкысы: үйлөргө идентификациялык код дагы энчиленип, ушуга улай тургундар турак жайга каттоого дагы тургузулуп жана андан ары үй-жайларды мыйзамдаштырууга дагы даңгыр жол ачылып олтурат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.