• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

Нодирбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫНЫН КАЛКЫ КӨБӨЙДҮ. А БИРОК, АЯНТЫ УЛАМ ТАРЫП БАРАТАТ”

Автор:ruh_admin

Дек 30, 2021

Рубрика: Мен айтпасам, ким айтат?

Өзгөн шаары – Ош облусунун курамындагы өтө чоң жана эң байыркы калаа. Ошентсе дагы аймактын канализациясы эми гана жаңыланып, ички жолдоруна бүт катарынан асфальт басылып жаткан чагы. Ата Мекендик жана чет өлкөлүк туристтерден аягы үзүлбөгөн шаардын мэри Нодирбек КАРИМОВду кеңсесинде эле кармап, анан дагы жумуш үстүндө капыл-тапыл кепке тарттык.

— Нодирбек мырза, кабылдамаңызда адаттагыдай киши көп экен. Биз дагы эл катары күтүп калдык. Эмнеге?

— Көрдүңүздөр го, Алишер. Башка күндөрдү айтпай эле коеюн, адаттагыдай ишемби күнү деле ушинтип мени жөн иштетишпейт. Эшигиңде кары-жашы жана майыбы-соосу деле сагалап турушса, чындыгында, көңүлүң таптакыр түтпөйт экен. Ушулардын баарын кабыл этип, муң-зарын дыкаат тыңдап, анан жашын дагы аарчып, көйгөйлөрүн биржаңсыл чечмейинче кеңсемден эч жакка жылбаймын.

— Кыш эми гана күчүнө кирип, Өзгөндө кадимкидей каарын төгө баштаптыр. Деги ызгаарга камылгаңыздар бар беле?

— Шаарыбыздагы көп кабаттуу үйлөрдү “Өзгөн жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасы туруктуу жылытат. Азырынча баары жайында эле. Даттангандар дээрлик жокко эсе.

Ал эми калаабызда 9600 жер үй бар. Булардын баары тең көмүр менен толук кандуу камсыз этилген. Өзгөндүн өзүнүн “кара алтынынын” килосу 5 сом 50 тыйындан, ал эми тыш жактан ташыргандардыкы килосу 6 сом 10 тыйындан эле соодаланып жатпайбы.

— Электр энергиясы тартыш эмеспи?

— Жо-жок! Мурунку жылдардагыдай саат-сааты менен үчөрүүлөр Өзгөн шаарында азырынча каттала элек.

— Айтмакчы, шаардагы майда кварталдарды ирилештирип жаткан турбайсыздарбы?

— Ооба. Өзгөн шаарынын чачыранды көчөлөрүн жана кварталдарын эки ири муниципалдык башкаруу мекемесине (МАБга) аргасыздан бириктирдик. Мыйзам чегинде мындан ары бул чөлкөмдөгү коммуналдык көйгөйлөрдү, түрдүү иш кагаздарын, жер маселелерин, таза суу менен камсыздоону, жол кире өңдөнгөн жагдайларды МАБдар эми өздөрү гана чечишет. Жарандарды “Атаңа бар! Энеңе бар!” деп мурункудай убара кылышпайт.

Аймактык башкаруу – МАБдар, чындыгында, Өзгөн шаар мэриясынын түйшүгүн ого бетер жеңилдетти. Баса, МАБдардын каржы маселесеси Өзгөн шаардык Кеңешинде каралып, анан гана бекитилет. Бул жагынан деле азырынча маселе жок!

— Жолдоруңуздар дагы , көз тийбесин, мурункудан кыйла эле оңолуп калыптыр?

— Ооба. Европа Өнүктүрүү жана Ренконструкциялоо Банкы тарабынан каржыланып, 43 чакырым ички жолдорубуз бүт тегизделип, толук бойдон асфальт төшөлдү. 29 чакырымга созулган заманбап канализация дагы тартылып, суу түтүктөрү бүтүндөй жаңыртылды. Эми 2,5 миллион еврого ылайыкташкан суу тазалоочу чоң Бекет тикеленип жаткан маалы. Ал эми толук кандуу ишке түшсө, буюрса, биз деле үзгүлтүксүз таза суу ичип, оңуп гана калабыз.

— Биздин байкашыбызча, байыркы Өзгөн шаары жыл өткөн сайын улам тарып эле бараткансыйт. Андыктан, калааны Өзгөн районунун шаарга коңшулаш Айыл Өкмөттөрүнүн эсебинен кеңейтүү аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?

— Ооба. Өзгөн шаарынын калкы, чындыгында, ыраса эле көбөйдү. Ушул тапта калаабызды байырлагандардын саны 62 800 кишини чапчып олтурат. А бирок, туура эле баамдапсыздар, калаабыз уламдан улам тарып баратат. Бул өңүттө Кыргыз Өкөмөтүнүн алдына биз маселебизди кабыргасынан дагы койгонбуз.

Кыргыз Өкмөтү тарабынан инвентаризация жана траснформация маселеси бир жаңсыл чечилгенден кийин, Өзгөн районунун бизге жамаатташ жайланышкан Баш-Дөбө, Дөң-Булак жана Кароол Айыл Өкмөттөрүнүн эсебинен калаабызды ого бетер кеңейтүү аракетибиз абдан күч!

Ошондо Өзгөн шаарында дагы көп кабаттуу үйлөр байма-бай курулуп, башыбызды куп оорутуп жаткан турак жай көйгөйлөрүнөн биротоло кутулмакчыбыз. Мындан тышкары калаабызда орто жана чакан ишканалар катарынан курулуп, мунун аркасында жумушсуздук маселесинен дагы акырындап арылат элек.

— Нодирбек мырза, Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаты элеңиз. Парламентке барып деги эмне таптыңыз?

— Кыска аралыкта, болгону алты ай гана Жогорку Кеңешке депутат болуп иштеп калдым. Биринчиден, Өзгөн шаарынын эң эле жүрөк өйүткөн көйгөйлөрүн бийик трибунада үстөккө-босток көтөргөнгө үлгүрдүм. Экинчиден, элибиздин пайдасына иштей турган гана бир катар мыйзамдарды жазып, акыры кабыл алдыртууга катыштым. Үчүнчүдөн, санаалаштарды таптым. Айрымдары азыркы Жогорку Кеңешке кайрадан депутат болуп шайланып барышты. Буюрса, кээ бир олуттуу проблемаларыбыз жаатында булар менен дагыле ийиндеше иштешмекчимин.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Өзгөн шаары

СҮРӨТТӨРДӨ: 1), 2) Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек КАРИМОВ. 3), 4), 5) Өзгөн шаарында.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс