• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

БАЛДАР  ЭМИ КАРА-ГУЗДУН МУЗДАК СУУСУН КЕЧИШПЕЙТ!

Автор:ruh_admin

Дек 30, 2021

 ОШ. Кара-Кулжа районундагы жаңыдан курулуп пайдаланууга тапшырылган Кара-Гуз көпүрөсү Насирдин жана Өтөк калктуу конушун байланыштырып турат. Жалпы узундугу 12 метр.

  • Өтөк калктуу конушунда эмдигиче мектеп жок. Андыктан, балдар

коңшулаш Алтын-Күрөк кыштагындагы Кеңеш орто мектебине гана каттап окуп жатышат, — деди Кара-Кулжа районундагы Кара-Гуз Айыл Өкмөтүнүн башчысы Дагыбек МАМИШОВ. – Мен аталган орто мектептин директору кезимде өзүм Кара-Гуз суусун аргасыздан кечип, бутум какшагыча кечип, балдарды ары-бери ташычумун.

Ошентип, аталган көпүрөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курулуш материалдары менен камсыз этти. Ал эми Кара-Кулжа районундагы Кара-Гуз Айыл Өкмөтү дагы 70 миң сом ажыратып, таш, шагыл жана цемент сатып алышты. Цементке тоңдурбай бип калыпта кармоочу антифрис дагы колдонулду. Жаңы көпүрө мына ушинтип чоң мээнет менен курулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс