• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРСТА ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Дек 28, 2021

ОШ. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) таланттуу студенттери эл аралык “Интеллект будущего” аттуу илимий-тарбиялык сынакта биринчи орунду багындырышты.

         Аталган саамалык Орусиянын Шадринск мамлекеттик педагогикалык университетинде жүрүп, анда бир канча өлкөлөрдүн ЖОЖдору катышышты. ОшМПУнун музыкалык-педагогикалык факультетинин окутуучусу Чолпонай Мырзакулова баштаган студенттердин командасы өз таланттарын жана билимдерин сынашты. Иш-чара 3 этаптан туруп, 1-турда катышуучулар жандуу үн менен ырдалган чыгарамаларын тартып жөнөтүшсө, 2-турда белгилүү композиторлор боюнча эссе жазышты. Ал эми 3-баскычта финалдык беттеш Орусия жергесинде өтүп, мында ОшМПУнун М-21 тайпасынын студенттери Каныбек кызы Болдукан, Маннапова Зарина, Мирбек уулу Адилеттен турган топ сынактын жеңүүчүлөрү аталышты.

Ошентип, Эл аралык “Интеллект будущего” сынагынын жыйынтыгында диплом, кубок жана жетекчиси Чолпонай Мырзакуловага ыраазычылык кат тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс